Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! АВГУСТ, 2014

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай берген аяндар

Кудай берген аяндар

Кудай адамдарга түш аркылуу маалымат бергенби?

«[Кудайдын пайгамбары] Даниел... төшөгүндө жатып түш... көрдү. Ал түшүн жазып алды, көргөндөрүн бүт бойдон баяндады» (Даниел 7:1).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай маанилүү маалыматты адамдарга ар кандай жол менен жеткирип келген. Алсак, байыркы убакта кээде түш аркылуу билдирген. Бирок андай түштөр адаттагыдай баш аламан, эч кандай мааниси жок түштөр болгон эмес. Алар терең мааниге ээ жана белгилүү бир кабарды камтыган айкын элестүү түштөр болгон. Мисалы, Даниел пайгамбар түшүндө Вавилондон тартып бүгүнкү күнгө чейинки дүйнөлүк державаларды билдирген айбандарды көргөн (Даниел 7:1—3, 17). Ал эми Иса пайгамбарды асырап алган назареттик Жусуптун түшүндө Кудай ага аялы менен Исаны алып, Мисирге качышы керектигин айткан. Ошонун аркасында Иса канкор Ирод падышанын колунан аман калган. Кийинчерээк Кудай Жусупка түш аркылуу Ироддун өлгөнүн билдирип, үй-бүлөсүн алып мекенине кайтууну буйруган (Матай 2:13—15, 19—23).

 Кудай азыр да түш аркылуу маалымат береби?

«Жазылгандан четтебегиле» (1 Корунттуктар 4:6).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте баяндалган түштөр Кудайдын адамзат үчүн жаздырган маалыматынын бир бөлүгүн түзөт. Ал тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн, адилдик жолунда тарбиялоо үчүн пайдалуу. Ошонун аркасында Кудайдын кишиси ар тараптуу билимге ээ болуп, ар кандай жакшы ишке толугу менен даяр болот» (2 Тиметей 3:16, 17).

Ыйык Китепте биз билишибиз керек болгон нерселердин баары, алсак, Кудайдын сапаттары, бекиткен адеп-ахлак нормалары жана бизге байланыштуу ой-ниети жазылгандыктан, аны окусак, жакшы иш кылууга «толугу менен даяр болобуз». Ошондуктан Кудайга азыр адамдарга түш аркылуу кабар берүүнүн зарылдыгы жок. Эгер келечек жөнүндө же Кудайдын талаптары жөнүндө билгибиз келсе, Ыйык Китепти окушубуз керек. Ал китепти оңой эле тапса болот. Анда Кудайдын айткандары, ошондой эле мурунку убакта түш аркылуу эмнелерди билдиргени жазылган.

Ыйык Китепте жазылган аяндарга жана түштөргө эмне үчүн ишенүүгө болот?

«Пайгамбарлык сөз[дү]... Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар айтышкан» (2 Петир 1:21).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте жазылган түштөр менен аяндардын көбү пайгамбарлык мааниге ээ болгон, башкача айтканда, алар аркылуу келечекте эмне болору көрсөтүлгөн. Ал пайгамбарлыктарды окусак, аларды жазган адамдардын да, Ыйык Китептин да ишенүүгө татыктуу экенине ынанабыз. Мисалга Даниел пайгамбардын китебинин 8-бөлүмүнүн 1—7-аяттарында жазылгандарды алалы. Даниел пайгамбар ал аянды Вавилон империясынын доорунун соңунда алган.

Даниел пайгамбар аянда кочкорду жана ал кочкорду тебелеп салган текени көргөн. Бирок ал анын маанисин чечмелей албай кыйналган эмес. Анткени Кудайдын периштеси: «Эки мүйүздүү кочкор — Мадай жана Персия падышалары. Ал эми саксайган теке — Грециянын падышасы»,— деп түшүндүргөн (Даниел 8:20, 21). Тарых тастыктагандай, Мадай (Мидия) жана Персия державасы Вавилон империясын кулатып, дүйнөлүк державага айланган. Бирок эки жүз жылдай убакыттан кийин аны Грециянын падышасы Искендер Зулкарнайн багынтып алган. Ыйык Китепте жазылган башка пайгамбарлыктар да, түш аркылуу берилген аяндар да ушул сыяктуу эле так аткарылган. Бул Ыйык Китептин ишенүүгө татыктуу экенин далилдеп, аны ыйык деп эсептелген башка китептерден айырмалап турат.