Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ИЮЛЬ, 2014

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ӨСПҮРҮМДӨР

SMS жазышуу адебин билесиңерби?

SMS жазышуу адебин билесиңерби?

ЖАГДАЙ

Досуңар менен сүйлөшүп жатканда SMS келип калды дейли. Андайда кандай кылганыңар туура болот?

  1. Аны шак эле ачып окуу

  2. Досуңардан кечирим сурап туруп, анан окуу

  3. Алаксыбай досуңар менен болгон маегиңерди уланта берүү

Бул варианттардын кайсынысын туура деп эсептээриңер маанилүүбү? Ооба, маанилүү!

ЭМНЕНИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Досуңар менен сүйлөшүп отурганда башка досуңар менен SMS жазышканыңарды жакшы көргөн оюнуңарды эрежеге карманбай ойногонго салыштырса болот. Бирок силер: «Булар менин досторум да»,— дешиңер мүмкүн. Анда алар менен мамилелешүүдө адеп нормаларына андан бетер карманышыңар керек. Анткениңер өтө эле бийик талаптарга карманууга же ашыкча расмийликке жатпайт. Анткени досторуңарга туура мамиле кылганды билбесеңер, эртеби-кечпи, алар силер менен достошпой калат.

Эмне үчүн мындай деп айтууга болот? Себеби ким болбосун адепсиздикти жактырбайт. Бэт * деген кыз мындай дейт: «Мени менен сүйлөшүп жатканда досумдун телефонуна SMS келген-келбегенин текшере бергени кыжырымды келтирет. Мага ал мени менен сүйлөшкөндөн кызыктуураак бир нерсени күтүп жаткандай сезилет». Бэт ошол досу менен качанкыга чейин дос болот деп ойлойсуңар?

Чөнтөк телефонуңарды кандай пайдаланарыңар жөнүндө ойлонуп жатып «Жагдай» деген жерде жазылгандарга дагы бир жолу көңүл бурсаңар. Ал жердеги варианттардын кайсынысын туура деп эсептейсиңер? А вариантындагыдай кылуу адептүүлүккө жатпай турганы дароо эле түшүнүктүү болушу мүмкүн. Ал эми Б жана В варианттары жөнүндө кандай ойдосуңар? SMSти окуш үчүн маекти токтотуп коюу адепсиздикке жатат деп ойлойсуңарбы? Же маекти бузбаш үчүн SMSти окубай коюу адепсиздикке жатабы?

Кээде кандай кылганыңар туура болорун билбей калышыңар мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте бир жакшы кеңеш бар. Анда: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла»,—  деп жазылган (Лука 6:31). SMS жазышканда ушул кеңешке ылайык иш кылсаңар болот.

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Туш келген убакта жаза бербегиле. «Кээ бирөөлөр SMSти уйкуну бузуп түн бир оокумда жазышат, же бир маанилүү нерсе болсочу»,— дейт Ричард деген бир жигит. Ошондуктан: «Башкалар эс алып жаткан маалда жазып жаткан жокмунбу?» — деп ойлонуп көргүлө (Ыйык Китептеги принцип: Насаатчы 3:1).

Сылык болгула. Пикир алышууда адамдын сөздөрү, үнүнүн тону, жүзү жана кыймыл-аракети маанилүү роль ойнойт. Ал эми SMS жазышканда адамды уга да, көрө да албайсың. Анда кандай кылыш керек? Жасмин деген кыз: «Сылык болуш үчүн SMS жазышканда „Кандайсың?“, „рахмат“ деген сыяктуу сөздөрдү унутпагыла»,— деп кеңеш берет (Ыйык Китептеги принцип: Колосалыктар 4:6).

Башкалардын көңүлүн ойлогула. «Жагдай» деген жерде жазылгандарга кайрадан көңүл бурсаңар. Эгер маанилүү SMS күтүп жатсаңар, сүйлөшүп жаткан адамыңардан кечирим сурап, сөзүңөрдү токтотуп, аны окуш керек болоттур. Бирок SMS күтүп турарын, эч жакка кетпей турганын унутпагыла. 17 жаштагы Эми мындай дейт: «Телефонуң досуң сөзүн бүтүргөндөн кийин деле жаныңда болот. Досуң болсо сен SMS жазышып бүткөнчө кетип калышы мүмкүн». Досторуңар менен чогулуп отурганда да алардын көңүлүн ойлогула. «Кечке эле SMS жазыша бербегиле. Антпесе досторуңарга „силер менен отургандан көрө, башка бирөө менен сүйлөшкөн кызыктуураак“ дегендей болуп каласыңар»,— дейт 18 жаштагы Жейн.

SMS жөнөтөрдөн мурун ойлонгула. Кимдир бирөө SMSиңерди туура эмес түшүнүп алышы мүмкүнбү? Сезимдериңерди билдире турган атайын символдорду кошуп коюшуңар керек эмеспи? 21 жаштагы Эмбер мындай дейт: «Эгер тамашалай турган болсоңор, „смайлик“ коюп койгула. Анткени жаман оюңар жок эле жазган нерсеңерди туура эмес түшүнүп алса, кишинин көңүлү ооруп калышы, атүгүл чыр-чатак чыгышы ыктымал» (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 12:18).

Ооба, чөнтөк телефон колдонуу адебин сактоо аябай маанилүү!

Ойлонуп көргүлө. Адеп нормалары сүйүүгө негизделет. Ал эми сүйүү сапаты кантип көрсөтүлөт? Ыйык Китепте: «Сүйүү чыдамкай, боорукер. Сүйүү көрө албастык кылбайт, мактанбайт, менменсинбейт, адепсиздик кылбайт, өз кызыкчылыгын көздөбөйт, кыжырданбайт, таарынычын эсептей бербейт»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 13:4, 5). Силерге ушулардын кайсынысы жетишпейт деп ойлойсуңар?

^ абз. 11 Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.