Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ИЮЛЬ, 2014

 ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Ирландияга саякат

Ирландияга саякат

«ЗЫМЫРЫТ АРАЛЫ» деп аталган Ирландия аралында эки өлкө жайгашкан. Аралдын көбүрөөк бөлүгү эгемендүү Ирландия Республикасына, азыраак бөлүгү Улуу Британияга караган Түндүк Ирландияга таандык.

Дөөлөрдүн жолу

Ал арал «Зымырыт аралы» деп бекеринен аталбайт. Себеби жаан-чачындын көптүгүнөн көргөн көздү эс алдырып айлана дайыма жапжашыл болуп турат. Кооз көлдөрү менен дайралары да, суу жээктеги тоо кыркалары менен адырлары да аралдын көркүнө көрк кошуп турат.

Чатыры саман менен жабылган үй

Бирок Ирландиянын эли башынан катаал күндөрдү өткөргөн учуру болгон. Мисалы, 1845—1851-жылдары картөшкө ооруп түшүм болбой калгандыктан, айрымдар болжогондой, бир миллиондой киши ачарчылыктан жана оорудан каза тапкан. Ошол кыйын кезеңде жокчулуктун азабынан көптөр башка өлкөлөргө, алсак, Австралияга, Британияга, Канадага, Кошмо Штаттарга көчүп кетүүгө аргасыз болушкан. Бүгүнкү күндө Америкада ата-теги ирланддар болгон 35 миллиондой киши жашайт.

Ирланддар ачык-айрым, меймандос калк келет. Алар ат мингенди жана топ болуп ойногон оюндарды, мисалы, крикет, регби, футбол жана гэл футболу (кадимки футболго окшош оюн) сыяктуу оюндарды  жакшы көрүшөт. Кыз-келиндери болсо көбүнчө камоги деп аталган чөп үстүндөгү хоккейге окшогон оюнга кызыгышат.

Ошондой эле Ирландиянын эли пикир алышканды, музыканы, бийди жакшы көрөт. Алардын бийи дүйнө жүзүнө таанымал. Ал бийди бийлегендер тулку-боюн түптүз кармап, буттарын таптак жана тез-тез кыймылдатып бийлешет.

Музыканттардын тобу

Ирландияда Жахабанын Күбөлөрү бир кылымдан ашуун убактан бери бар. Учурда ал жактагы 6 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү Ыйык Китепте жазылган кабарды башкаларга таратууда.

Ирланддардын улуттук музыкасында колдонулган аспаптар (солдон оңго): кельттердин арфасы, ирланд волынкасы, скрипка, аккордеон, калай сыбызгы, боуран

БИЛЕСИҢЕРБИ?

Ирландиянын түндүк жээгиндеги Дөөлөрдүн жолу деп аталган жана миңдеген базальт мамыларынан турган жол байыркы убакта ысык лаванын деңиз суусуна кошулуп, катып калганынан пайда болгон.