Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ИЮЛЬ, 2014

 ӨЗҮ ЖАРАЛГАНБЫ?

Балдарын кусуп алган бака

Балдарын кусуп алган бака

БАЛДАРЫ жарык дүйнөгө адаттан тыш жол менен келген Австралияны байырлаган баканын бул түрү (Rheobatrachus silus) 2002-жылдан бери тукум курут болуп кеткен деп эсептелет. Анын ургаачысы уруктандырылган жумурткаларын жутуп алып, ашказанында 6 жума көтөрөт. Балдары энесинин оозунан толугу менен өрчүгөн бака болуп чыгат.

Ашказанындагы жумурткалар сиңип кетпеши үчүн, энеси азыктанганын токтотот. Андан тышкары, карын зили да бөлүнүп чыкпай калат. Кыязы, карын зилинин бөлүнүп чыгышына жумурткалар жана жумурткадан чыккан балдар бөлүп чыгарган химикаттар бөгөт коёт.

Адатта, ургаачы бакалар 20дай жумуртка жутат. Сыртка чыга турган маалы келгенде балдары энесинин салмагынын дээрлик 40 пайызын түзөт. Муну кош бойлуу болгонго чейин салмагы 68 кг болгон аялдын ар биринин салмагы 1,8 кг болгон 24 баланы курсагында көтөрүп жүргөнүнө салыштырса болот. Ашказанындагы балдарынын салмагы өсүп отуруп, өпкөсү толугу менен кысылып калгандыктан, энеси териси менен дем алууга мажбур болот.

Анын балдары тышка белгилүү бир убакыт аралыгында жана даяр болгондо гана чыгышат. Бирок кандайдыр бир коркунучту сезгенде энеси балдарын өзү кусуп салат. Бир жолу окумуштуулар бир баканын бир учурда алты баласын 1 метрдей аралыкка бүркүп салганына күбө болушкан.

Кээ бирөөлөр баканын бул түрүнүн ушундай укмуштуудай жол менен бала көтөрүшүн эволюция жолу менен өрчүгөн деп айтышат. Бирок бул баканын организминин түзүлүшү жана жүрүм-туруму менен тыгыз байланышта болгондуктан, кадимки бака ушундай бакага айланышы үчүн, абдан чоң өзгөрүүлөрдүн болушу, болгондо да, бир заматта болушу талап кылынмак. Ал эми эволюция теориясы боюнча, жаңы түрлөр өтө жай жүргөн процесстин натыйжасында гана пайда болот. Ошондуктан айрымдар баканын ушул түрүнүн өз алдынча өрчүшү мүмкүн эместигин айтып, аны башында эле ошондой болуп жаратылган деген жыйынтыкка келишкен *.

Кандай деп ойлойсуңар? Бул бака ушундай өзгөчөлүккө эволюция процессинин натыйжасында ээ болгонбу? Же аны ошондой кылып Кудай жаратканбы?

^ абз. 7 Чарлз Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» деген китебинде: «Табигый тандалуу билинер-билинбес жана өтө жай жүргөн өзгөрүүлөрдүн натыйжасында болот; ал эч качан чукул болуп кетпейт»,— деп жазылган.