Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ИЮНЬ, 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Канткенде чыныгы дос боло аласыңар?

Канткенде чыныгы дос боло аласыңар?

2010-жылдын 25-декабрында 42 жаштагы британиялык бир аял белгилүү социалдык тармактардын бирине өз жанын кыйгысы келип жатканын жазган. Бул анын жан дүйнөсүнөн чыккан аянычтуу кыйкырык болчу. Анын социалдык тармакта миңден ашык «досу» болсо да, бири да буга көңүл бурган эмес. Дары ичип өлгөн ал аялдын сөөгүн полиция кызматкерлери эртеси күнү табышкан.

Технология өнүккөнүнүн аркасында бүгүнкү күндө көптөр социалдык тармактардагы «достор» деген тизмеге кишилердин атын киргизип коюп эле жүздөгөндөр, атүгүл миңдегендер менен «достошо» алышат. Ал эми кимдир бирөө менен «достошкусу» келбей калса, жөн гана атын тизмеден өчүрүп салышат. Бирок Британияда болгон окуя көптөрдүн чыныгы достору жок экенин айгинелеп турат. Жакында жүргүзүлгөн бир сурамжылоодон, учурда социалдык тармактар аркылуу баарлашуу кеңири жайылганы менен, чыныгы достордун саны азайганы айкын болгон.

Силер да, көптөрдөй болуп, ар бир адамдын жакшы досу болушу керек дегенге, ошондой эле достошуу деген компьютердин же смартфондун баскычын басып коюудан да көптү билдирерине кошулат чыгарсыңар. Силердин оюңарча, чыныгы дос кандай болот? Канткенде өзүңөр да жакшы дос боло аласыңар? Достугуңар бекем болушу үчүн эмне кылышыңар керек?

Келгиле анда, ушуга байланыштуу 4 кеңешке токтолуп, Ыйык Китептеги акыл-насааттар жакшы дос болууга кантип жардам берерин карап көрөлү.

 1. Чын дилден досуңардын камын ойлогула

Чыныгы достук жоопкерчиликтүү болууну талап кылат. Башкача айтканда, жакшы дос достукка олуттуу карайт жана досуна чындап кам көрөт. Бирок достукка эки тарап тең жоопкерчиликтүү мамиле кылышы керек. Экөө тең күч жумшоого, өз кызыкчылыгынан баш тартууга даяр болушу кажет. Мунун акыбети сөзсүз кайтат. Андыктан: «Досум үчүн баарына даярмынбы? Өзүмдү, убактымды, каражатымды аябаймынбы?» — деп ойлонуп көргүлө. Жакшы дос табыш үчүн адегенде өзүңөр жакшы дос болушуңар керек экенин унутпагыла.

КӨПТӨР ДОСУНУН КАНДАЙ БОЛУШУН КААЛАШАТ?

Ирэне: «Кооз бакча өстүрүү үчүн көп убакыт, күч-аракет талап кылынгандай эле, достук түптөлүшү үчүн да көп убакыт, күч-аракет талап кылынат. Эң алды, өзүңөр жакшы дос болгонго умтулгула. Боорукер болгула жана досуңардын жашоосуна чын ыкластан кызыкдар болгула. Ошондой эле муктаж болуп турганда, андан убактыңарды аябагыла».

Луиc Альфонсо: «Учурда коом башкалардын камын ойлоого эмес, өзүмчүл болууга үндөп келет. Ошондуктан кимдир бирөө сенден өтөлгөсүнө бир нерсе кылат деп күтпөй, жакшылык кылса, аябай ыраазы болосуң».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле кылышын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле кылгыла... Бергиле, ошондо силерге да берилет» (Лука 6:31, 38). Муну менен Иса Машаяк өзүбүздү эле ойлобой, өзгөнү ойлогонго жана берешен болгонго үндөгөн. Берешендик достукту чыңдайт. Эгер пайда көрүүнү көздөбөй, досуңарга чын ыкластан жардам берүүгө дилгир болсоңор, ал силерге тартылып турат.

2. Жакшы пикир алышкыла

Дайыма пикир алышып турбаса, достук бекем болбойт. Ошондуктан чер жазыша сүйлөшүп тургула. Досуңардын айтканын кунт коюп уккула жана көз карашын сыйлагыла. Аны мактап, күч-кубат бере турган сөздөрдү айтып тургула. Айрым учурда досуңарга кеңеш берүү, атүгүл аны оңдоп-түзөө зарыл болушу мүмкүн. Андай кылуу дайыма эле оңой боло бербейт. Бирок чыныгы дос досунун олуттуу катасын ачык айтат.

КӨПТӨР ДОСУНУН КАНДАЙ БОЛУШУН КААЛАШАТ?

Хуан: «Чыныгы дос ичиндегисин жашырбайт. Ошондой эле анын оюна кошулбасаң, таарынбайт».

Яунес: «Мен, өзгөчө, кыйналып турганымда, менден убактысын аябаган, кунт коюп уга билген адамдарды абдан баалайм».

Силвина: «Чын ниеттен жакшылык каалаган достор, сага катуу тиерин билсе да, чындыкты айтышат».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын» (Жакып 1:19). Досуңарды уга билсеңер, ал силерге ыраазы болот. Ал эми өзүңөр эле сүйлөй берсеңер: «Сеникине караганда менин айткандарым маанилүүрөөк»,— дегендей болуп каласыңар. Андыктан досуңар бир нерсе айткысы келип жатканын сезе билгиле жана силерге карата кандай ойдо экенин ачык айтса, таарынбагыла. Ыйык Китепте: «Жакшы көргөндүн жаралаганы ишенимдүүлүгүнөн»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 27:6).

 3. Көптү талап кылбагыла

Адамга жакыныраак болгон сайын, кемчиликтери көбүрөөк көрүнө баштайт. Бирок досторубуз, биз сыяктуу эле, жеткилең эмес адамдар экенин унутпашыбыз абзел. Ошондуктан алардан жеткилеңдикти күтпөшүбүз да, талап кылбашыбыз да керек. Андан көрө, ката-кемчилигине көз жумуп, жакшы жактарына көңүл топтогонубуз жакшы.

КӨПТӨР ДОСУНУН КАНДАЙ БОЛУШУН КААЛАШАТ?

Сэмуел: «Биз, адатта, өзүбүзгө караганда башкалардан көптү талап кылабыз. Эгер өзүбүздүн кемчиликтерибизди билсек жана өзүбүз да башкалардын кечиримине муктаж экенибизди түшүнсөк, кечиримдүү болобуз».

Даниэл: «Досубуз эч качан ката кетирбейт деп ойлобошубуз керек. Ошон үчүн кандайдыр бир көйгөй пайда болгондо, аны дароо чечип, досубузду кечиргенге аракет кылганыбыз абзел».

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кечиримдүүсүңөрбү? (Колосалыктар 3:13, 14)

«Баарыбыз тең көп жаңылабыз. Ким оозунан жаңылбаса, ал — бүт денесин башкара алган жеткилең адам» (Жакып 3:2). Ушуну унутпаганыбыз досторубузду туура түшүнгөнгө жардам берет. Мунун аркасында алардын бизди кыжырданткан кемчилигине көңүл бурбайбыз жана кетирген анча-мынча каталарына маани бербейбиз. Ыйык Китепте мындай деп да айтылат: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле... Ушулардан сырткары, сүйүүнү кийгиле, анткени ал — биримдиктин жеткилең түйүнү» (Колосалыктар 3:13, 14).

 4. Ар кандай кишилер менен дос болгула

Албетте, досту да тандай билиш керек. Бирок бул бир курактагы же силердикиндей тарбия көргөн адамдар менен гана дос болуш керек дегенди билдирбейт. Ар кайсы курактагы, ар кандай маданияттагы жана ар улуттагы адамдар менен достошуу жашообузду байытат.

КӨПТӨР ДОСУНУН КАНДАЙ БОЛУШУН КААЛАШАТ?

Унай: «Өзүңөр менен тең жана силер жактырган нерселерди жактырган кишилер менен гана достошсоңор, дайыма эле бир түстөгү кийим кийип жүргөнгө окшош болуп калат. Ал түстү канчалык жакшы көрбөгүлө, акыр-аягы, андан тажайсыңар».

Фуңке: «Ар кандай адамдар менен достошконум инсан катары жетилгениме жакшы шарт түзүүдө. Тек-жайы, курагы ар кандай кишилер менен дос болгонумдун аркасында башкалар менен бат эле тил табышып, жуурулушуп кеткенди үйрөндүм. Досторум ушунумду жактырарын айтышат».

Ар кандай кишилер менен достошосуңарбы? (2 Корунттуктар 6:13)

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Силерди балдарымдай көрүп айтып жатам: биздин мамилеге жооп кайтарып, силер да жүрөгүңөрдү кенен ачкыла» (2 Корунттуктар 6:13). Ыйык Китеп ар кандай адамдар менен дос болууга үндөйт. Баарына бирдей мамиле кылуу, ар кандай адамдар менен дос болуу жашооңорго көрк кошот. Ошондой эле башкалар да силерге тартылып турат.

 

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Чыныгы дос кандай болот?

Дос имиштер оңой эле табылат, ал эми чыныгы досту кантип тапса болот?