Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! МАЙ, 2014

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Түштүк-Чыгыш Азия

Жапайы табияттын дүйнөлүк фондусунун билдирүүсүнө ылайык, Камбожа, Лаос, Таиланд, Вьетнам жана Кытайдагы Юньнань провинциясын аралай өткөн Меконг дарыясынын аймагынан 1997—2011-жылдары өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын көп түрү анын ичинде көзү күйүп турган чырылдак жылан (trimeresurus rubeus) да табылган. 2011-жылы эле өсүмдүктүн 82, сойлоочу жаныбарлардын 21, балыктын 13, жерде-сууда жашоочулардын 5 жана сүт эмүүчүлөрдүн 5 түрү табылган.

Европа

«Москоу таймс» гезитинде «Европа биримдигине кирген өлкөлөрдө» адамдарды сатуу олуттуу көйгөйгө айланганы жазылган. Адамдар кул болушу, жыныстык жактан экплуатацияланышы, атүгүл «органдары мыйзамсыз жол менен сатылышы» үчүн сатылууда. Киши саткандар жакырчылыктан, жумушсуздуктан жана аял менен эркектин теңсиздигинен пайдаланууда.

Жаңы Зеландия

Телевизор көрүүнүн балдарга кандай таасир этерин изилдеген окумуштуулар «коомго каршы маанайдагы жаштардын көбөйгөнү» алардын кичинекейинен тартып телевизорду өтө көп көргөнүнө байланыштуу деген жыйынтыкка келишкен. Бул изилдөө балдар «ал тургай жакшы программаларды да күнүнө 1-2 сааттан ашык көрбөшү керек» деген кеңештин тууралыгын айгинелеп турат.

Аляска

Алясканын жергиликтүү калкы отурукташкан деңиз жээгине, дарыяларга жакын жайгашкан айылдардын 86 пайызын суу каптоодо жана жер кыртышы эрозияга дуушар болууда. Температуранын жогорулашынын натыйжасында суунун жээгиндеги аймактарды муз каптап жетишпегендиктен, айылдар күзгү катуу шамалдан зыян тартууда.

Дүйнө жүзү

Шамалдан, күндөн энергия алуу сыяктуу абаны, айлана-чөйрөнү булгабай турган жол менен энергия алуу технологияларына көп каражат жумшалып жатса да, Эл аралык энергетика агенттигин жетектеген Мария ван дер Хувен айткандай, жаратылышты булгай турган жол менен энергия алуу 20 жыл мурунку убактагыдай эле уланууда.