Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! МАЙ, 2014

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Стресс менен күрөшүү

Стресс менен күрөшүү

«Мен өзүмдү ордунан жылбай эле чимириле берген дөңгөлөккө түшүп алып, далбастап чуркай берген чычкандай сезер элем. Анткени көбүнчө күнүнө 16 сааттан иштечүмүн, дем алыш күндөрү да дээрлик эс алчу эмесмин. Кызымды болсо уктап жатканында гана көрчүмүн. Көп стресс боло бергендиктен оорулуу да болуп калдым» (Кари, Финляндия).

УШУНДАЙ жагдайга туш болгондор аябай эле көп. Улуу Британиядагы психикалык саламаттыкка кам көргөн бир уюм сурамжылоо жүргүзгөндө, британиялык ар бир беш кишинин бири жумуштан стресс болгондуктан ооруга чалдыкканын жана төрт кишинин бири жумуштан ыйлаганын айткан. Ал эми 2009-жылы болгон экономикалык каатчылык учурунда депрессияга каршы дарыларга болгон суроо-талап аябай өскөн.

Стресстин себеби

  • Акчаны же башканы ойлоп кооптонуу

  • Жумуштун көптүгү

  • Пикир келишпестиктер

  • Жан дүйнөнү жабыркаткан окуялар

Стресстин таасири

  • Ден соолуктун начарлашы

  • Эмоциялык жактан чарчоо

  • Уйкунун бузулушу

  • Депрессия

  • Мамиленин бузулушу

 Стресс организмдеги тез жардам көрсөтүү кызматына салыштырылган кереметтүү системаны ойготот. Стресс болгондо организмде бөлүнүп чыккан гормондордон улам дем алуу, жүрөктүн согушу тездейт, кан басымы көтөрүлөт. Кан айлануу системасындагы кан клеткаларынын, глюкозанын деңгээли жогорулайт. Биринен кийин бири жүргөн бул реакциялар стресс кылган факторго каршы турууга даярдайт. Андай фактор жоголгондо, организм баштапкы абалына келет. Ал эми стресс узакка созулганда, организм, болгон күчү менен иштеп турган моторго окшоп, чыңалып турган абалда болот.

Стресс менен күрөшүү

Негизи, стресс дайыма эле зыяндуу боло бербейт. Америка психологиялык ассоциациясы мындай деп жазган: «Стрессти скрипканын кылынын чыңалышына салыштырса болот. Анын кылы бошураак тартылса, обону уккулуктуу болбойт жана даана чыкпайт. Катуураак тартылса, чыйылдаган жагымсыз үн чыгат же кылы үзүлөт. Ошол сыяктуу эле, стресс жашоону кызыктуу да кылышы, адамды өлтүрүп да коюшу мүмкүн. Андыктан стресс менен күрөшкөндү билишибиз керек».

Эске алчу дагы бир нерсе, ар кимдин кулк-мүнөзү, ден соолугу ар кандай болот. Ошондуктан бирөө стресс болгон нерсеге, башкасы стресс болбошу деле мүмкүн. Анткен менен күндөлүк иштериңерден улам чарчап-чаалыгып, эс ала албай жүрсөңөр же күтүлбөгөн жагдайларда көйгөйдү чечүүгө жөндөмсүз болуп жатсаңар, анда бул катуу стресс болуп жатканыңардын белгиси болушу ыктымал.

Дайыма стрессте жүргөндөрдүн айрымдары стресстен арылам деген аракетте спирт ичимдиктерин ичишет, баңгизат колдонушат же тамеки тартышат. Башкалары болсо тамактануу эрежесин буза башташат же телевизор менен компьютерден чыкпай калышат. Бирок мындай адаттар көйгөйдү чечмек түгүл, күчөтөт. Анда стресс менен кантип күрөшүш керек?

Көптөр Ыйык Китепте жазылган кеңештерди колдонуунун аркасында стрессти жеңип келишет. Мезгил сынагынан өткөн ал кеңештер силерге да жардам берет. Келгиле эмесе, стресстин негизги төрт себебин жана Ыйык Китепте кандай кеңеш берилерин карап көрөлү.

 1 КООПТОНУУ

Жашоодо толугу менен коопсуз болуу мүмкүн эмес. Ыйык Китепте айтылгандай, «баары күтүлбөгөн убакта күтүлбөгөн жагдайга кабылат» (Насаатчы 9:11). Ошондуктан кооптонбой коё албайбыз. Анда андай сезим менен күрөшүш үчүн эмне кылыш керек? Төмөнкү кеңештерди колдонуп көргүлө.

  • Жүрөгүңөрдү өйүп жаткан нерселерди үйдөгүлөрдүн бирине же жакын досуңарга айткыла. Изилдөөлөр тастыктагандай, жакындарынын дайыма жөлөп-таяп турганы адамды стресстин айынан пайда болчу эмоциялык, психикалык жана башка оорулардан коргойт. Ооба, «чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» болот (Накыл сөздөр 17:17).

  • Жаман нерселер жөнүндө эле ойлоно бербегиле. Мунун күчтү алгандан башка пайдасы жок. Анын үстүнө, силер кооптонгондой деле болбошу мүмкүн. Ыйык Китепте: «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот»,— деп айтылган (Матай 6:34).

  • Кудайдан жардам сурап тиленгиле. Ыйык Китепте: «Бардык түйшүгүңөрдү ага [Кудайга] арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деп айтылат (1 Петир 5:7). Ал жан дүйнөбүздү тынчтандыра алат. Ошондой эле жубатууга муктаж болуп, ага чын жүрөктөн кайрылгандарды эч качан таштабайт (Еврейлер 13:5; Филипиликтер 4:6, 7).

2 ЖУМУШТУН КӨПТҮГҮ

Күнүгө жумушка барып-келүү, жумуштун өзү, окуу, бала-бакырага же улгайып калган ата-энеге кам көрүү адамдын дайыма стрессте жүрүшүн шартташы мүмкүн. Бул милдеттердин айрымдарын аткарбай коюу мүмкүн эмес болушу ыктымал (1 Тиметей 5:8). Анда кандай кылганыбыз туура болот?

  • Жакшы, жетиштүү эс алганга аракет кылгыла. Ыйык Китепте: «Жан үрөп иштегенге жана шамалды кууп жетүүгө умтулганга караганда, бир аз эс алган артык»,— деп жазылат (Насаатчы 4:6).

  • Маанилүү нерселерди биринчи орунга койгула жана колдо бар нерсеге ыраазы болуп жашагыла (Филипиликтер 1:10). Жашооңорду кантип жөнөкөйлөтсө болорун ойлонуп көргүлө. Балким, чыгымдарды азайтуу же жумушта азыраак иштөө керек болоттур (Лука 21:34, 35).

Макаланын башында айтылган Кари жашоого болгон көз карашын өзгөрткөн. Ал: «Мен өзүмдүн эле жыргалчылыгымды көздөп жашап жүргөнүмдү түшүндүм»,— деген. Ал дүкөнүн сатып, үйдө көбүрөөк болгонго шарт түзгөн жумушка орношкон. Ал мындай деп кошумчалайт: «Учурда мурункудай жашабай калдык, бирок аялым экөөбүз тең азыр көп стресс болбойбуз. Үй-бүлөбүз, досторубуз менен да чогуу болгонго убактыбыз көбүрөөк болуп калды. Мен жан дүйнөмдөгү бейкуттукту кирешелүү жумуштун эч бирине алмашмак эмесмин».

 3 ПИКИР КЕЛИШПЕСТИКТЕР

Пикир келишпестиктер, өзгөчө, чогуу иштегендер менен болгон келишпестиктер адамды стресс кылат. Силер да ушундай кыйынчылыкка туш болуп жатсаңар, төмөндөгү кеңештерди колдонсоңор болот.

  • Бирөө капа кылса, сабырдуу болгула. Жагдайды курчутуп жибербегиле. Ыйык Китепте: «Жумшактык менен айтылган жооп каарды токтотот, ал эми жүрөк ооруткан сөз ачууну козгойт»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 15:1).

  • Араздашып кеткен адамдын өзү менен сүйлөшүп, келишпестикти чечип алгыла. Ага сылык сүйлөгүлө. Ошентсеңер, аны сыйлаарыңарды көрсөтөсүңөр (Матай 5:23—25).

  • Адамдын сезимин, көз карашын түшүнүүгө аракет кылгыла, өзүңөрдү анын ордуна коюп көргүлө. Ошондо ачууңарды басуу оңой болот (Накыл сөздөр 19:11). Башкалардын да силерге карата кандай көз карашта экенин баамдайсыңар.

  • Кечиримдүү болгула. Кечиримдүүлүк жакшы сапат болгондон тышкары, ден соолукка да пайдалуу. 2001-жылы жүргүзүлгөн бир изилдөөдөн айкын болгондой, кечирбей жүрө берүү кан басымын жогорулатып, жүрөктүн согушун тездетет. Ал эми кечиримдүү адам стресске көп дуушар болбойт (Колосалыктар 3:13).

4 ЖАН ДҮЙНӨНҮ ЖАБЫРКАТКАН ОКУЯЛАР

Камбожада жашаган Наиндин башынан көп жамандык өткөн. Ал 1974-жылы аэропортто жарылган бомбадан жарадар болгон. Кийинки жылы бир кыз, бир баласынан, апасынан, күйөөсүнөн айрылган. 2000-жылы болсо үйү, колунда болгонунун баары өрттөнүп кеткен. Ал эми үч жылдан кийин экинчи күйөөсү да каза болуп калган. Башына түшкөн ушундай каргашалардан улам Наин өз жанын кыйгысы келген.

«Жан үрөп иштегенге... караганда, бир аз эс алган артык»

Бирок ал ошол кыйынчылыктын баарын көтөрүп кеткен. Ал Ыйык Китепти окуп-изилдеп, анын пайдалуу экендигине ынанган. Ошондуктан башкаларга да Ыйык Китепти билүүгө жардам бере баштаган. 2008-жылы британиялык изилдөөчүлөр «стресс менен күрөшүүнүн» бир жолу — «башкаларга... жакшылык кылуу» деген жыйынтыкка келишкен. Наиндин мисалы буга далил боло алат. Бирок башкаларга жардам берүүнүн пайдалуу экени Ыйык Китепте эбак эле жазылган (Элчилер 20:35).

Андан сырткары, Наин адамзатты азапка салып жаткан жамандыктын бири да болбой турган, «тынчтык мол боло» турган жаркын келечектен үмүттөнөт (Забур 72:7, 8).

Стресс менен күрөшүүгө үмүт жана акылмандык жардам берет. Ал эки нерсеге эч нерсе тең келбейт. Ыйык Китепти окуп-изилдесек, ошондой үмүткө да, акылмандыкка да ээ болобуз. Учурда аны миллиондогон адамдар изилдеп жатышат. Силер да изилдеп көрсөңөр болот.