Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! МАЙ, 2014

Бүбү-бакшыларга аңчылык

Бүбү-бакшыларга аңчылык

БИР НЕЧЕ кылым мурун Европада сыйкырдуу күчтөрдөн корккондуктан бүбү-бакшыларга «аңчылык» башталган. Бул, өзгөчө, Франция, Германия, Швейцария, Бельгия, Люксембург, Нидерландия жана Италиянын түндүгүндө кулач жайган. «Батыш өлкөлөрүндөгү бүбү-бакшыларга аңчылык кылуу» деген китепте «Европада жана Европанын колонияларында оң миңдеген кишилердин өлтүрүлгөнү», «миллиондогондордун кордолуп кыйналганы, камакка алынып суралганы, жек көрүндү болгону, күнөөлүү деп табылганы жана үрөй учурарлык коркунучка дуушар болгону» жазылган * («Witch Hunts in the Western World»). Мындай өрттүн тутанышына жана жайылышына эмне себеп болгон?

Инквизиция жана «Бүбү-бакшыларды жанчыган балка»

Андай каргашанын башталышына инквизициянын таасири күч болгон. Бир китепте айтылгандай, 13-кылымда Рим-католик чиркөөсү инквизицияны «ишениминен баш тарткандарды кайрып келүү үчүн жана башкалар да жолдон чыкпаш үчүн» түзгөн («Der Hexenwahn»). Инквизиция ошол кезде чиркөөнүн «полициясы» болгон.

1484-жылдын 5-декабрында Рим папасы Иннокентий VIII сыйкырчылыкты жоюу туурасында документ түзгөн. Ошондой эле сыйкырчылык менен күрөшүүгө эки инквизиторду, Яков Шпренгер менен Генрих Крамерди (Генрикус Инститорис деген латынча аты менен да белгилүү), дайындаган. Алар «Бүбү-бакшыларды жанчыган балка» деген китеп жазышкан («Malleus Maleficarum»). Католиктердин да, протестанттардын да бүбү-бакшыларга карата көз карашы ошол эмгекке негизделген. Ал китепте сыйкырчылар, бүбү-бакшылар жөнүндөгү эл оозундагы уламыштар жазылган. Андан сырткары, анда сыйкырчыларды айыптаган теологиялык, юридикалык аргументтер келтирилип, бүбү-бакшыларды аныктоонун жана жок кылуунун жолу түшүндүрүлгөн. «Бүбү-бакшыларды жанчыган балка» «дүйнөлүк адабияттардын  ичинен мыкаачылыкка үндөгөн эң жаман китеп» деп сүрөттөлгөн.

«Бүбү-бакшыларды жанчыган балка» «дүйнөлүк адабияттардын ичинен мыкаачылыкка үндөгөн эң жаман китеп» деп сүрөттөлгөн

Кимдир бирөөнү бүбү-бакшы деп айыптоодо далил келтирүү талап кылынчу эмес. «Бүбү-бакшылар жана алардын соту» деген китепте сот ишинин максаты «айып тагылган кишини ынандырып, кысым көрсөтүп, күч колдонуп, күнөөлүү экенин моюнга алдыруу болгону» айтылган («Hexen und Hexenprozesse»). Айыпталган кишини кыйноо кадимки эле көрүнүш болгон.

Рим папасы Иннокентий VIII документ түзгөндөн жана «Бүбү-бакшыларды жанчыган балка» деген китеп чыккандан кийин, Европада бүбү-бакшыларга аңчылык башталган. Анын күч алышына, атүгүл Атлантика деңизинин ары жагындагы Америкага чейин жетишине жаңы технологиялардын, басма машинелердин, чыгышы да шарт түзгөн.

Кимдер айыпталган?

Айыпталгандардын 70ден ашуун пайызы аялдар, айрыкча, коргой турган эч кимиси жок жесирлер болгон. Жазалангандардын арасында кедей-кембагалдар, улгайгандар, анын ичинде чөп-чардан дары жасаган, өзгөчө, дарылары туура эмес даярдалып калган аялдар болчу. Бирок аңчылардын тузагына байы да, кедейи да, эркеги да, аялы да, атактуусу да, карапайымы да түшүп калышы мүмкүн эле.

Эл, кандай жамандык болсо да, баарына бүбү-бакшыларды күнөөлөгөн. Германияда чыккан «Дамалс» журналында аларды «үшүк жүргүзөт, түшүмдү жеп кетсин деп курт-кумурскаларды жиберет» деп айыпташканы жазылган. Түшүмдү мөндүр талкалап кетсе да, уйлар сүт бербей калса да, эркектер тукумсуз болуп калса да, аялдар төрөбөсө да ошолордон көрүшчү.

Жеңил же салмаксыз болот деп ойлогондуктан бүбү-бакшыларды таразага тартышчу

Бүбү-бакшыларды кантип аныкташчу? Айрымдарын байлап, «ыйык» деп эсептелген муздак сууга ыргытышчу. Эгер чөксө, күнөөсүз деп таап, суудан чыгарышчу. Калкып калса, бүбү-бакшы деп, ошол жерден эле өлтүрүп салышчу же кыйнаш үчүн суудан алып чыгышчу. Башкаларын болсо бүбү-бакшылар жеңил же салмаксыз болот деп ойлогондуктан таразага тартышчу.

Андан сырткары, «Батыш өлкөлөрүндөгү бүбү-бакшыларга аңчылык кылуу» деген китепке ылайык, аларды аныкташ үчүн денесинен «Шайтандын мөөрүн», башкача айтканда, «Шайтандын ал киши менен келишим түзгөнүнүн белгисин» издешчү («Witch Hunts in the Western World»). Сот ишин жүргүзгөндөр ошондой белгини табыш үчүн «айыпталгандардын чачын, түгүн кырып», элдин көзүнчө «бүт денесин кылдат карап чыгышчу». Алар денедеги так, сөөл, мең, кал, тырык сыяктуу нерселердин баарын ийне менен сайгылап көрүшчү. Эгер оорубаса же кан чыкпаса, Шайтандын мөөрү деген жыйынтык чыгарышчу.

Католиктердин да, протестанттардын да бийлик төбөлдөрү ошондой аңчылык ишине чоң колдоо көрсөтүшкөн. Айрым жерлерде протестант динин туткан бийлик башындагылар католик динин туткан башчыларга караганда көбүрөөк ынталуу болушкан. Бирок убакыттын өтүшү менен туура ой жүгүрткөн адамдар да чыккан. Алсак, бүбү-бакшы деп айыпталган көптөгөн адамдарды тирүүлөй өрттөлө турган устунга чейин коштоп барган Фридрих Шпее деген католик дин кызматчысы 1631-жылы жазган эмгегинде алардын бирин да айыптуу деп эсептебей турганын билдирген. Ошондой эле андай аңчылыкты токтотушпаса, өлкөдө эч ким калбай каларын эскерткен. Ал ортодо доктурлар талманын жана башка ушу сыяктуу нерселердин оору экенин жана анын жиндер менен эч кандай байланышы жок экенин түшүнө башташкан. Ошентип, 17-кылымда бүбү-бакшы деп айыпталгандарды соттоо кескин түрдө азайган, ал эми кылымдын аяк ченинде дээрлик токтоп калган.

Тарыхтагы төбө чачты тик тургузган ал доор жөнүндөгү билдирүүдөн эмнени билүүгө болот? Бул билдирүү өздөрүн Иса Машаяктын жолдоочусу деп атагандардын Иса Машаяк окуткан таза окууларга жалган окууларды, ырым-жырымдарды аралаштыра баштаганы үрөй учурарлык мыкаачылыкка жол ачканын айгинелеп турат. Ыйык Китепте туура жолдон четтеп кеткен ошондой адамдардын айынан «чындык жолуна сөз тиери» алдын ала айтылган (2 Петир 2:1, 2).

^ абз. 2 Европанын колониясына Түндүк жана Түштүк Америка да кирген.