Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! АПРЕЛЬ, 2014

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | ЖАШТАР

Кеңешти кабыл ала билүү

Кеңешти кабыл ала билүү

КӨЙГӨЙ

«Кимдир бирөөнүн сени оңдоп-түзөп, кеңеш бергени, чынында, бир нерсени туура эмес кылып жатканыңды айтканы. Мен: „Мага башкалардын эмнени туура эмес кылганымды айтканы жагат“,— деген кишини көрө элекмин»,— дейт 17 жаштагы Эми *.

Кеңешке кулак какпаган киши диспетчердин көрсөтмөсүн укпай койгон учкучка окшош. Кеңешти четке кагуунун арты кесепеттүү болушу мүмкүн.

Сага ата-энеңдин, мугалимдериңдин жана башка чоң кишилердин кеңештерине кулак кагуу кыйынбы? Ошондой болсо, бул макалада жазылгандар сен үчүн абдан пайдалуу болот.

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢ КЕРЕК?

Баарыбыз оңдоп-түзөөгө муктажбыз.

«Баарыбыз тең көп жаңылабыз» (Жакып 3:2).

«Кимдир бирөө бизди оңдоп-түзөп, кеңеш бергенде, уялып, өтө эле жаман болбошубуз керек» (Жесика).

Бирөөнүн кеңеш бергени жаман экениңди билдирбейт.

«Атасы жакшы көргөн уулун оңдоп-түзөгөндөй эле, Жахаба * кимди жакшы көрсө, ошону оңдоп-түзөйт» (Накыл сөздөр 3:12).

«Кимдир бирөө кеңеш бергенде, муну айтыш ага деле оңой болбосо керек, ал мени жакшы көргөн үчүн айтты да деп ойлонгонго аракет кылам» (Тамара).

Башкалардын кеңеши жакшы жакка өзгөргөнгө жардам берет.

«Акыл-насаатты угуп, акылдуу болгула» (Накыл сөздөр 8:33).

«Башкалардын оңдоп-түзөгөнү жакшы жакка өзгөргөнгө жардам берет. Сага айтылган кеңештен башкалардын сен тууралуу кандай ойдо экенин биле аласың жана билбей жүргөн жаман жактарыңды байкап, өзүңдү тыя билгенге үйрөнөсүң» (Диана).

 ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Калыс бол. Кимдир бирөө сага кеңеш бергенде таарынып калышың мүмкүн. Бирок андай сезимге алдырбай, бир саамга ойлонуп көр. Ошол эле кеңешти өзүңөн кичүү бирөөгө, алсак, бир тууганыңа берип жатканыңды элестет. Ошондо ал кеңештин пайдалуу жактарын көрүшүң ыктымал. Эми өзүңдүн жагдайыңа ошондой көз караш менен карап көр. (Ыйык Китептеги принцип: Насаатчы 7:9.)

«Кээде кимдир бирөөнүн сындаганы катуу тийип, көңүлүң чөккөндүктөн, ал сага сени капа кылыш үчүн эмес, жакшы адам болушуңа жардам бериш үчүн айтканын эсиңден чыгарып коюшуң мүмкүн» (Тереза).

Текебер болбо. Текебердиктин айынан кеңешти четке кагып койбо. Ошол эле учурда оңдош керек болгон жагың бар болгон үчүн эле чөгүп кетпе. Текебер эмес, момун болсоң, кеңешти да четке какпайсың, чөгүп да кетпейсиң. Берилген кеңештин эң катуу тийгени сага эң керектүүсү болушу мүмкүн экенин унутпа. Эгер аны, кандай себептен болбосун, укпай койсоң, жакшы жакка өзгөргөнгө өбөлгө түзгөн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберген болосуң. (Ыйык Китептеги принцип: Накыл сөздөр 16:18.)

Кеңештин эң катуу тийгени сага эң керектүүсү болушу мүмкүн экенин унутпа

«Жетилген адам болуш үчүн берилген кеңешке кулак кагуу абдан маанилүү. Эгер аны кабыл алганды үйрөнбөсөк, акыры, өзүбүзгө зыян келтиребиз» (Лена).

Ыраазы боло бил. Кеңешти кабыл алуу кыйын болуп жатса да, ал кеңешти берген кишиге ыраазычылык билдиргениң жакшы. Ал сага чын жүрөктөн жакшылык каалагандыктан кеңеш бергени шексиз. (Ыйык Китептеги принцип: Забур 141:5.)

«Кеңеш берген адамга, өзгөчө, сен муктаж болгон кеңешти айтса, ыраазы болгонуң абзел. Атүгүл муктаж болбогон күндө да, сени ойлогону үчүн ыраазычылык билдирсең болот» (Карла).

^ абз. 4 Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ абз. 11 Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экендиги айтылат.