Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! МАРТ, 2014

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Испания

Испаниянын түштүк-чыгышындагы Лорка шаарында 2011-жылы болгон жер титирөөдө 9 киши өлүп, көптөр жаракат алышкан. Окумуштуулар ал табигый кырсыкка адамдар себепкер болушу мүмкүн экенин айтууда. Геологдор жердин титиреши сугат үчүн жер астындагы суулардын абдан көп көлөмдө алынып жатканына байланыштуу экенин аныкташкан.

Кытай

Кытайлык туристтер 2012-жылы башка өлкөгө саякаттоого 102 миллиард доллар сарпташкан. БУУнун Дүйнөлүк туристтик уюмунун билдирүүсүнө ылайык, эл аралык туризмге каражат кетиргендердин арасында Кытай алдыңкы орунга чыгып, Германия менен АКШдан озуп кеткен. Себеби ал эки өлкөнүн ар биринин туристтери 84 миллиарддай доллар коротушкан.

Жапония

Британиянын медициналык журналына 68 000дей жапондун ден-соолугуна 23 чакты жыл байкоо жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгы чыккан. Изилдөөчүлөр 1920—1945-жылдары төрөлгөн жана 20 жашка чейин тамеки чеге баштаган аялдар чекпеген аялдарга караганда, болжолу, 10 жыл аз жашаганын, ал эми тамеки чеккен эркектер 8 жыл аз жашаганын аныкташкан («BMJ»).

Мавритания

Суудагы жана кургактыктагы жаныбарлар полиэтилен баштыктарын жутуп алып, өлүмгө дуушар болуп жаткандыктан, андай баштыктарды өлкөгө алып кирүүгө, өндүрүп чыгарууга, колдонууга тыюу салынды. Өкмөт анын ордуна чирий турган баштыктарды колдонууга үндөөдө.

Дүйнө жүзү

Камсыздандыруу компаниялары климатка байланыштуу табигый кырсыктардын айынан жылына 50 миллиарддай доллар чыгым болушат. Алар, инфляцияны эске алганда, 1980-жылдан бери ар бир он жыл сайын эки эседен көп чыгым тартууда.