Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ФЕВРАЛЬ, 2014

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

 ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Кошмо Штаттар

«Тамеки чеккен жумушчусунун айынан жеке ишмерлер тамеки чекпегенине коротконуна караганда жылына 5 816 долларга ашыкча чыгым болот» («Нью-Йорк таймс»). Огайо штатындагы университеттин билдирүүсүнө ылайык, буга тамеки чеккендердин иш учурунда тамеки чегиш үчүн эс алганы, ден соолугунун начардыгы, ишке барбай калганы, ошондой эле тамекини таштоого аракет кылгандардын кыйналганынын натыйжасында ишмердүүлүгүнүн төмөндөшү себеп болот.

Италия

«Пасторлор менен чиркөө мүчөлөрүнүн иштери, жүрүм-туруму окуткандарына дал келбегендиктен, чиркөөнүн аброю түшүп жатат» (Рим папасы Фрэнсис).

Малайзия

Малайзиянын бийлик өкүлдөрү 24 тонна пил сөөгүн — 1 000ден ашуун азуу тиштерин — кызыл дарактын арасына жүктөп алып бараткан аткезчилерди кармашкан. Табиятты коргоо кызматкерлери буга чейин мынчалык көп кармала электигин айтышкан. Жүк Того мамлекетинен Кытайга жөнөп бараткан.

Африка

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2012-жылкы билдирүүсүнө ылайык, өлгөндөрдүн 63 пайызы жугуштуу оорулардан, өзгөчө, КИВ/ЖИКСтен, ич өткөргөн оорулардан, безгектен, туберкулёздон, балдар ооруларынан каза болушкан.

Австралия

Балдар арасында смартфондордогу жана башка электрондук каражаттардагы кумар оюндары кеңири тарап баратат. Айрымдары казино оюндарына аябай окшош, бирок утуп алуу оңой. Бийликтегилер мындай оюндар балдардын кумар оюндарын тыюу салынбаган нерседей көрүп калышына «жана кумарпоз болуп кетишине себеп болушу мүмкүн экенин» эскертүүдө.