Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ДЕКАБРЬ, 2013

Уйгакчылдын сыры ачылды

Уйгакчылдын сыры ачылды

УЙГАКЧЫЛ деп аталган абдан кооз, түстүү көпөлөктөргө суктанып келген европалык изилдөөчүлөргө ал жандыктардын жай бүткөн мезгилде каякка жоголуп кетери сыр болуп келген. Ал көпөлөктөр суук түшкөндө өлүп калабы? Буга байланыштуу жакында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн укмуштуудай нерселер ачылды. Көрсө, уйгакчылдар жыл сайын түндүк Европадан Африкага учуп барышат экен.

Изилдөөчүлөр алдыңкы радарлардан алынган жана Европадагы миңдеген волонтёрлор берген маалыматтардын негизинде изилдөөнүн жыйынтыгын чыгарышкан. Андан айкын болгондой, жай бүткөндө, миллиондоп саналган уйгакчыл көпөлөктөр түштүктү көздөй учуп кетишет. Жерден 500 метр бийиктикте учкандыктан, адамдар аларды көрө алышпайт. Уйгакчыл көпөлөктөр шамалдын ылайыктуу агымын күтүшөт да, андан пайдаланып, Африканы көздөй саатына 45 километр ылдамдыкта учушат. Алардын жыл сайын учуп өткөн жолу — Арктиканын эң түндүгүнөн тропикалык Батыш Африканын түштүгүнө чейин — 15 000 километрге чейин созулат. Бул түндүк Американы байырлаган монарх көпөлөгү учуп өткөн аралыктан эки эсеге көп. Уйгакчылдар Батыш Африкага учуп барып, кайра учуп келгенче 6 «муун» алмаштырышат.

Англиядагы Йорк университетинин профессору Жейн Хилл: «Уйгакчылдар тынбай учушат, жумуртка таштап, анан кайра жолун улап кете беришет»,— дейт. Түштүк Европадан Африкага жана Африкадан кайра түштүк Европага жол тарткан уйгакчылдардын бүт популяциясы жыл сайын ушул нерселерди кайталашат.

«Салмагы бир граммга жетпеген, мээси ийненин учундай болгон, башка жетилген уйгакчылдардан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү жок бул жандык континет аралык укмуштуудай узак жолду учуп өтөт»,— дейт «Көпөлөктөрдү коргоо» уюмундагы изилдөөлөрдү жетектеген Ричард Фокс. Анын айтымында, бир кезде бул көпөлөктү «шамалдын агымы менен айдалып кете берип, акыры, Британиянын катуу суугунан улам өлүп жок болот» деп ойлоп келишкен. Бирок изилдөөлөр «уйгакчылдын тажрыйбалуу саякатчы экенин далилдеди».