Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! ОКТЯБРЬ, 2013

 ДИЛ МАЕК | ДЭВИ ЛООС

Биохимиктин дил маегинен

Биохимиктин дил маегинен

Бельгияда жашаган Дэви Лоос — биохимия илиминин доктору. Бир убактарда ал Кудайдын бар экенинен шектенип, эволюция теориясына ишенип калган. Бирок тиричиликтин пайда болушуна байланыштуу көз карашын кийинчерээк толугу менен өзгөрткөн. «Ойгонгула!» журналы аны маекке чакырып, илимий изилдөөлөрү жана Кудайга болгон ишеними тууралуу сурады.

Эмнеден улам илим менен иришип кеттиңиз?

Университетке өткөндө химия тармагын тандап алдым. Планетабыздагы эң татаал молекулалардын — белоктор менен нуклеин кислоталарынын — түзүлүшүнө аябай таң кала берчүмүн. Кийинчерээк белгилүү бир молекулалардын жарыкка кандай жооп кайтарарына кызыгып, изилдегим келе баштады.

Мурда Кудайга ишенчү белеңиз?

Бала кезимде ишенчүмүн. Бирок кийин Лёвен католик университетинде окуп жатканымда тирүү организмдер табигый тандалуунун аркасында өрчүгөн дегенге ишене баштадым. Профессорлор тиричиликтин пайда болушу жөнүндө татаалдантып айтышчу. Алар тажрыйбалуу окумуштуулардан болгондуктан, айткандары туура деп ойлочумун. Ошентип, Кудайдын бар экенине ишенүү кыйын болуп калды.

Тиричиликтин пайда болушуна карата болгон көз карашыңызды кайрадан талдап чыкканга эмне түрткү берди?

1999-жылы бир мектепте чогуу окуган досума кезигип калдым, ал Жахабанын Күбөсү болуптур. Аны менен алардын жыйналышына барып көрдүм. Ошол учурларда үйүмө Жахабанын Күбөсү болгон бир киши келип, «Камкор Жараткан барбы?» * деген китепти таштап кеткен болчу.

Китепти окуп чыккандан кийин кандай ойдо болдуңуз?

Ал китепте баары терең изилденип жазылганына аябай таң калдым. Ошондон тартып: «Айлана-чөйрөдөгү нерселердин баарынын кантип пайда болгонун эволюция теориясы чын эле түшүндүрүп бере алабы?» — деп ойлоно баштадым.

Табияттагы кайсы жаратуулар сизди өзгөчө суктандырды?

Жумушума цианобактериялардын (көк жашыл балырлар) молекулаларынын түзүлүшүн  изилдөө да кирчү. Цианобактериялар — азыгы тирүү организмдерден көз каранды болбогон деңиздеги микроорганизмдер. Окумуштуулардын айрымдары алар планетабыздагы эң алгачкы тирүү организмдер деп эсептешет. Микробдор күндүн энергиясын колдонуп, азыркыга чейин толук ачыла элек болгон татаал химиялык процесс аркылуу суу менен көмүр кычкыл газын азыкка айландырат. Мени цианобактериялардын жарыкты кантип чогултары да таңдандырбай койгон жок.

Жалбырактар деле күндүн жарыгынан азык алат эмеспи, анда бул бактериялардын эмнеси өзгөчө?

Деңиздин тереңине сүңгүп кирген сайын, жарык улам азая берет. Тереңдиктеги цианобактериялар болсо жарык энергиясынын ал жакка жеткен эң аз өлчөмүн да түзүлүшү татаал антеннасы аркылуу кармап калат. Чогулган энергиянын дээрлик 100 пайызы азыкка айлантуу борборлоруна жеткирилет. Бул жарык чогулткан механизмдин түзүлүшү күн батареяларын чыгаргандарды абдан кызыктырып келет. Бирок адамдар ойлоп чыгарган күн батареялары бактериялардын системасынын тырмагына да тең келбейт.

Баары Кудайдын колунан бүткөн деген бүтүмгө келишиңизге эмне себеп болду?

Инженерлердин ар нерселерди тирүү организмдердин татаал механизмине окшоштуруп жасаганга аракет кылып жатканын ойлоп, баары Кудайдын колунан бүткөн деген бүтүмгө келди

Инженерлердин ар нерселерди тирүү организмдердин татаал механизмине окшоштуруп жасаганга аракет кылып жатканын ойлоп, баары Кудайдын колунан бүткөн деген бүтүмгө келдим. Бирок Кудайга ишенишиме илим эле негиз болгон жок. Мен Ыйык Китепти да кылдат изилдеп чыктым.

Ыйык Китепти Кудай жаздырганына эмнеден улам ынандыңыз?

Мени ынандырган нерселердин бири Ыйык Китепте алдын ала айтылган окуялардын майда-баратына чейин так аткарылганы болду. Мисалы, Ышая пайгамбар Иса Машаяктын кантип өлөрүн, кантип коюларын көп кылым мурда эле майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөп жазган. Ал пайгамбардын сөздөрү Иса Машаяк өлгөнгө чейин эле жазылган деп так айта алабыз, себеби, анын түрмөгү — Кумран деген жерден табылган түрмөк — Иса Машаяк төрөлгөнгө чейин жүздөгөн жылдар мурун эле көчүрүлүп жазылган болчу.

Ышая пайгамбар: «Ага ыймансыздардын арасынан мүрзө берилет, өлгөндө байлар менен жатат»,— деп айткан (Ышая 53:9, 12). Ал айткандай эле, Иса Машаяк кылмышкер катары өлгөн, бирок бай кишинин мүрзөсүнө коюлган. Ушул жана башка пайгамбарлыктар жөнүндө билгенде Ыйык Китепти Кудай өзүнүн рухунун жетеги менен жаздырганына ынандым (2 Тиметей 3:16). Убакыттын өтүшү менен Жахабанын Күбөсү болдум.

Жахабанын Күбөсү болгонуңузга эмне үчүн кубанасыз?

Биздин ишенимибиз илимий фактыларды эске албаган сокур ишеним эмес

Биздин ишенимибиз илимий фактыларды эске албаган сокур ишеним эмес. Ошондой эле карманган принциптерибиз Ыйык Китепке негизделет. Башкаларга Ыйык Китептеги үмүт берерлик жакшы кабарды таратып, суроолоруна жооп алганга жардам берип жатканыма аябай кубанам.

^ абз. 9 Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган.