Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! СЕНТЯБРЬ, 2013

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Никеге чейинки жыныстык катнаш

Никеге чейинки жыныстык катнаш

Никеге чейин жыныстык катнашта болуу туурабы?

«Кудай силердин... бузуктуктан алыс болушуңарды каалайт» (1 Тесалоникалыктар 4:3).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айрым маданияттарда бойго жеткен бала менен кыздын жыныстык катнашта болгону жаман иш деп эсептелбейт. Башка жерлерде өспүрүмдөрдүн турмуш курганга чейин жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштерди кылганы туура эмес нерсе катары каралбайт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Аялы-күйөөсү болбогон эки кишинин ортосундагы жыныстык мамилеге кирген иштер жөнүндө сөз жүргөндө Ыйык Китепте «бузуктук» деген сөз колдонулат. Кудай өзүнүн кызматчыларынын «бузуктуктан алыс болушун» каалайт (1 Тесалоникалыктар 4:3). Ошондой эле бузуктук Ыйык Китепте олуттуу күнөөлөр менен бирге, алсак, ойноштук, жиндер менен байланышуу, аракечтик, бурканга табынуу, киши өлтүрүү жана уурулук менен бирге саналып өтөт (1 Корунттуктар 6:9, 10; Аян 21:8).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Ыйык Китепте: «Бузуктук... кылып жүргөндөрдү Кудай соттойт»,— деп айтылат (Еврейлер 13:4). Кудайдын жыныстык мамилеге байланыштуу мыйзамдарына баш ийсек, аны сүйөрүбүздү далилдейбиз (1 Жакан 5:3). Кудай анын осуяттарын аткаргандарга батасын берет (Ышая 48:18).

 Аялы-күйөөсү болбогон эки кишинин жыныстык мамилеге кирген иштерди кылганы туурабы?

«Араңарда бузуктук, ар кандай ыпыластык же ач көздүк жөнүндө сөз да болбосун» (Эфестиктер 5:3).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Никеде турбаган эки кишинин жыныстык катнашта болгону туура эмес, ал эми жыныстык мамилеге кирген башка нерселерди кылганынын жаман жери жок деген ойдо.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Жыныстык адеп-ахлаксыздык жөнүндө сөз болгондо Ыйык Китепте бузуктук жөнүндө эле эмес, «ыпыластык» жана «уятсыз жүрүм-турум» жөнүндө да айтылат (2 Корунттуктар 12:21). Аялы-күйөөсү болбогон эки кишинин, жыныстык катнашта болбосо да, жыныстык мамилеге кирген иштерди кылганы Кудайга жакпайт.

Ыйык Китепте жыныстык мамиле жубайлардын ортосунда гана болчу нерсе экендиги жана «ээ-жаа бербеген жыныстык кумарларга берилүү» туура эмес экендиги айтылат (1 Тесалоникалыктар 4:5). Буга байланыштуу бир мисал карап көрөлү. Кыз (же жигит) сүйлөшкөн жигити (же кызы) менен жыныстык катнашта болбогонго чечкиндүү болушу мүмкүн. Бирок алар жыныстык мамилеге кирген башка иштерди кылышы ыктымал. Мындай кылуу менен алар өзүнө таандык болбогон нерсени самаган болот. «Ээ-жаа бербеген каалоолорго берилгендиктен» күнөөлүү болуп калышат. Ыйык Китепте мындай каалоолорду тыя билбегендиктин Кудайга жакпай турганы айтылат (Эфестиктер 5:3—5).

Жыныстык адеп-ахлаксыздыктан канткенде алыс болобуз?

«Бузуктуктан качкыла» (1 Корунттуктар 6:18).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Ыйык Китепке ылайык, никеге чейин жыныстык катнашта болгондордун Кудай менен болгон мамилеси үзүлүп калышы мүмкүн (Колосалыктар 3:5, 6).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте: «Бузуктуктан качкыла»,— деп айтылат (1 Корунттуктар 6:18). Бул жыныстык адеп-ахлаксыздыкка алып барган кандай иш болбосун, андан алыс болууну билдирет (Накыл сөздөр 22:3). Мисалы, андай иштерге барбаш үчүн Кудайдын жыныстык мамилеге байланыштуу мыйзам-принциптерине карманбаган адамдар менен ынак мамиле өрчүтпөшүбүз керек. Ыйык Китепте: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот, ал эми акылсыздар менен мамилелешкен зыян тартат»,— деген эскертүү жазылган (Накыл сөздөр 13:20).

Акылыбызды таза эмес нерселерге толтуруу да жыныстык адеп-ахлаксыздыкка жаткан иштерди кылууга алып барышы ыктымал (Римдиктер 8:5, 6). Андыктан Кудай жийиркеничтүү деп эсептеген андай иштерди кылганга түртүп, туура эмес каалоолорду ойготкон музыкаларды укпаганга, тасмаларды көрбөгөнгө, китеп-журналдарды окубаганга аракет кылганыбыз маанилүү (Забур 101:3).

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Никеге турбай эле чогуу жашоо туурабы?

Ыйык Китепте сүйүү, жыныстык мамиле жана эркек-аялдын чогуу жашашы тууралуу эмне деп айтыларын окуп көрүңүз.