Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Август, 2013

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Өспүрүм кызыңар өзүнө зыян келтирип жүрсө...

Өспүрүм кызыңар өзүнө зыян келтирип жүрсө...

КӨЙГӨЙ

Өспүрүм кызыңардын өзүнө зыян келтирип жүргөнүн билип калсаңар: «Эмнеге минтип жатат? Өз жанын кыйгысы келип жүргөн жокпу?» — деп сары санаа болушуңар мүмкүн.

Кызыңар андай деп деле ойлобошу ыктымал. Бирок анын өзүнө зыян келтиргени * жардамга муктаж экендигин көрсөтүп турат. Анда ага кантип жардам бере аласыңар? Эң алды, келгиле, өспүрүмдөрдүн эмне себептен ошентиши мүмкүн экенин карап көрөлү. *

КӨЙГӨЙДҮН ТАМЫРЫ

Бул жөн эле жорукпу? Айрым өспүрүмдөр башкалардын өзүнө зыян келтирерин уккандыктан ошондой кылышат. Бирок көпчүлүгүнө ал нерсе себеп болбойт. Өзүн кескилеп, уруп жана башка ушу сыяктуу нерселерди кылгандар, адатта, анысын жашырышат жана ал адатынан аябай уялышат. «Ушунумду эч ким билбесе экен дечүмүн,— дейт 20 жаштагы Селия *.— Денемдеги тактарды эч кимге көргөзчү эмесмин».

Көңүл бурдуруш үчүн эле ошентишеби? Айрымдар башкалардын көңүлүн буруш үчүн эле өзүнө зыян келтириши мүмкүн. Бирок бул макалада өзүнө зыян келтирип жүргөнүн жашыргандар жана алардын ошентишине кимдир бирөөнүн көңүлүн бурдургусу келгени себеп болбогондор жөнүндө сөз кылынат. Мурун ошондой адаты болгон бир кыз: «Өзүмө зыян келтирип жаткан маалда бирөө көрүп калып, жардам берсе экен дей берчүмүн»,— деген.

Эмне үчүн ошондойго барышат? Ага көп нерсе себеп болушу ыктымал. Бирок, негизинен, өспүрүмдөрдүн эмоциялык жактан аябай кыйналганы себеп болот. Стивен Левенкрон деген психиатр бир китебинде өзүнө зыян келтирген кишинин «денесин оорутууну эмоциялык оорусунун дабасындай көрөрүн» айткан («Cutting»).

Өзүнө зыян келтиргендер, адатта, эмоциялык жактан сөз менен жеткире алгыс деңгээлде кыйналышат

Өзүңөрдү күнөөлөп жатсаңарчы? «Кызымдын өз жанын кыйнашына ата-энелик милдетимди жакшы аткарбай жатканым себеп болуп жаткан жокпу?» — деп ойлоно бергендин ордуна, ага бул дарттан сакаюуга жардам бериш үчүн ата-энелик милдетиңерди канткенде жакшыраак аткара аларыңарды ойлогула.

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Өспүрүм кызыңарды жүрөгүн өйүгөн нерселерин силерге айтып бергенге үндөгүлө. Төмөндөгү кеңештерди колдонуп көрсөңөр болот.

Соороткула. Эгер өспүрүм кызыңар өзүнө залал келтирип жүргөнүн айтса, чочуп кетпегиле же урушуп кирбегенге аракет кылгыла. Анын ордуна, жылуу-жумшак сүйлөп, соороткула. (Ыйык Китептеги принцип: 1 Тесалоникалыктар 5:14.)

Туура суроолорду бергиле. Мисалы: «Кызым, көбүнчө эмнеден улам капа болосуң? Ошондой учурларда сага кантип жардам берсем болот? Экөөбүз жакын болуш үчүн эмне кылганым жакшы?» — деген сыяктуу суроолорду берсеңер болот. Анан кызыңар оюндагысын айтып жатканда, сөзүн бөлбөй уккула. (Ыйык Китептеги принцип: Жакып 1:19.)

Өзүнө туура баа бере билгенге жардам бергиле. Өзүнө зыян келтиргендер көбүнчө кемчиликтерине эле көңүл топтой беришет. Ошондуктан өспүрүм кызыңарды өзүнүн жакшы жактарын көрө билгенге үйрөткүлө. Ага кагазга үч жакшы сапатын жазышын айтсаңар болот. «Жакшы сапаттарымды жазганым аябай жардам берди»,— дейт Бриана деген кыз *.

Жахаба Кудайдан жардам сураганга үндөгүлө. Ыйык Китепте: «Бардык түйшүгүңөрдү ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт»,— деп айтылат (1 Петир 5:7). «Өзүмдү кыйнагым келип жатканда жүрөгүмдөгүнүн баарын Жахаба Кудайга айтканга аракет кылчумун,— дейт 17 жаштагы Лорена.— Бул ошондой учурларда өзүмдү токтотконго күч берчү». (Ыйык Китептеги принцип: 1 Тесалоникалыктар 5:17.)

^ абз. 5 Өзүнө өзү зыян келтирүү денесин кескилөөнү, ургулоону же дагы башка нерселерди кылып, өзүн кыйноону билдирет.

^ абз. 5 Бул макалада өспүрүм кыздар жөнүндө айтылса да, талкууланган кеңештерди өспүрүм балдарга карата да колдонсо болот.

^ абз. 7 Макаладагы ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ абз. 15 Адатта, өзүнө залал келтирүү депрессиянын же дагы башка ушу сыяктуу оорунун белгиси болушу ыктымал. Андайда медициналык жардам алуу талап кылынышы мүмкүн. «Ойгонгула!» журналы дарылануунун кайсы бир ыкмасын сунуш кылбайт. Иса Машаяктын жолдоочулары дарылануу ыкмасын тандаганда анын Ыйык Китептеги принциптерге карама-каршы келбей турганына ынанышы керек.

Көбүрөөк билиңиз

ЖАШТАРДЫН СУРООЛОРУ

Эмне үчүн ар жеримди кескилеп, өзүмө зыян келтире берем?

Өзүнө зыян келтирүү көптөгөн жаштардын көйгөйү. Ушундай адатың бар болсо, жардамды кайдан алсаң болот?