Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! АВГУСТ, 2013

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ичимдик

Ичимдик

Ичкилик ичүү туура эмеспи?

«Адамдын жүрөгүн шаттанткан шарапты, жүзүн жылтыраткан зайтун майын, жүрөгүн кубаттандырган нанды бересиң»

(Забур 104:15).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөгөн үй-бүлөлөр тамакка отурганда спирт ичимдиктерин ичүүнү туура эмес деп эсептешпейт. Ал эми башкалар ичкилик ичүү такыр туура эмес деген ойдо. Адамдардын ою эмне үчүн мынчалык айырмаланат? Буга көп нерсе, алсак, маданият, ден соолук жана дин себеп болот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте ичкиликти ченеми менен ичсе болору айтылат, бирок аракечтиктин жана ичкиликти ченемсиз ичүүнүн туура эмес экендиги да жазылат (1 Корунттуктар 6:9, 10). Байыркы заманда Кудайга кызмат кылган эркек-аялдар шарап ичишкен. Ыйык Китепте ичкилик жөнүндө 200дөн ашуун жолу сөз кылынат (Башталыш 27:25). Мисалы, Насаатчы китебинин 9-бөлүмүнүн 7-аятында: «Наныңды кубаныч менен же, шарабыңды шайыр жүрөк менен ич»,— делет. Ооба, ичкилик кандайдыр бир деңгээлде адамга кубаныч тартуулайт. Адатта, аны тойлордо, алсак, үйлөнүү тойлорунда ичишчү. Ошондой тойлордун биринде Иса Машаяк биринчи жолу керемет жасап, сууну «жакшы шарапка» айланткан (Жакан 2:1—11). Шарап ал убакта дарылык үчүн да колдонулчу (Лука 10:34; 1 Тиметей 5:23).

 Ыйык Китепте канча ичсе болору айтылабы?

«Шараптын кулу болушпасын» (Тит 2:3).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Үй-бүлөдө күйөөсү же аялы же экөө тең ичкендиктен жыл сайын көптөгөн үй-бүлөлөр азап чегишет. Ошондой эле ичкиликтин айынан ар кандай жамандыктар, кырсыктар, анын ичинде жол кырсыктары көп болот. Андан тышкары, ичкиликти көп убакыт бою ченемсиз ичүү мээни, жүрөктү, боорду жана ашказанды жабыркатат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай адамдардан жеп-ичүүнүн чегин билүүнү талап кылат (Накыл сөздөр 23:20; 1 Тиметей 3:2, 3, 8). Чектен чыккандар Кудайдын ырайымынан айрылып калышы мүмкүн. Ыйык Китепте: «Шарап шылдыңчыл, күчтүү ичимдик чатакчыл, аларга берилип жолдон чыккандардын акылы жок»,— деп айтылат (Накыл сөздөр 20:1).

Ичкилик ичкендер туура жолдон чыгып, жаман ишке барышы мүмкүн. Ошуя китебинин 4-бөлүмүнүн 11-аятында: «Шарап жакшы ниетти бузат»,— деп жазылган. Жон * мындайды өз башынан өткөргөн. Ал бир жолу жубайы менен чатакташа кеткенден кийин мейманканага барып, ал жерден өтө көп ичип алгандыктан бир аял менен ойноштук кылган. Кийин Жон кылган ишине аябай өкүнүп, аны экинчи кайталабайм деп чечкен. Ичкиликти ченемсиз ичүү туура эмес иштерге түрткөндөн тышкары ден соолукка зыян келтирет жана Кудай менен болгон мамилеге доо кетирет. Ыйык Китепте аракечтердин түбөлүк өмүрдү мурастабай турганы айтылат (1 Корунттуктар 6:9, 10).

Ичкилик ичүү кандай учурларда туура эмес?

«Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат» (Накыл сөздөр 22:3).

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

«Спирт ичимдиктери күчтүү баңгизаттай»,— деп айтылат бир энциклопедияда («World Book Encyclopedia»). Ошондуктан айрым учурларда ичкиликти ченеми менен ичүү да акылсыздык болуп калат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Адамдар, адатта, ылайыксыз учурда ичип алгандыктан «түз эле барып» жамандыкка кабылышат. Ыйык Китепте айтылгандай, «бардык нерсенин өз убагы бар», анын ичинде ичкилик ичпей турган убак бар (Насаатчы 3:1). Мисалы, жашы жете электерге спирт ичимдиктерин ичкенге болбойт. Ошондой эле ичкилигин таштай албай жүргөндөрдүн же дарыланып жаткандардын ичпей эле койгону жакшы. Андан тышкары, жумушка баратканда, иштеп жатканда, өзгөчө, кооптуу болушу мүмкүн болгон шаймандар менен иштеп жатканда ичкилик ичпеш керек. Акылдуу кишилер өмүр менен ден соолукту Кудай берген белек катары көрүшөт (Забур 36:9). Ичкиликке карата көз карашыбыз Ыйык Китептеги принциптерге негизделсе, өмүрдү жана ден соолукту баалаган болобуз.

^ абз. 12 Ысмы өзгөртүлдү.