Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! МАЙ, 2013

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Кылмышкерлерден сак болгула!

Кылмышкерлерден сак болгула!

«Караңгыга калып калсам, адатта, досторум үйгө узатып коюшчу. Бирок бир жолу аябай чарчагандыктан такси менен эле жетейин деп чечтим.

Шопур машинени ээн талаага айдап барып, мени зордуктаганга аракет кылды. Мен үнүмдүн болушунча кыйкырып жибердим. Ошондо ал артка кетенчиктей түштү. Кайра жакындаганда, дагы кыйкырып, качып кеттим.

Мурда кыйкыргандан пайда жок деп ойлочумун. Бирок ошондой учурларда кыйкырганың чын эле жардам берет экен» (КАРИН *).

КӨПТӨГӨН өлкөлөрдө кылмышкерлик кулач жаюуда. Бир өлкөдөгү сот: «Учурда кылмышкерлерден жапа чекпеген киши жок»,— деген. Албетте, айрым жерлерде кылмышкерлик аз болушу мүмкүн. Ошентсе да сак болуу зарыл, анткени сак болбогондор кылмышкерлердин тузагына түшүп калат.

Кылмыштуулук көп болгон же аз болгон жерде жашайсыңарбы, өзүңөр да, жакындарыңар да коопсуз болуш үчүн эмне кылсаңар болот? Мунун бир жолу — Ыйык Китепте жазылган кеңештерге ылайык иш кылуу. Алсак, анда: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат»,— делет (Накыл сөздөр 22:3). Кылмышкерлерден сак болуш үчүн алдын ала чара көрүш керектигин тартип сакчылары да кеңеш кылышат.

Кылмышкерлер адамдын ден соолугуна коркунуч туудургандан жана материалдык жактан зыян келтиргенден тышкары, эмоциялык жактан да жабыркатат. Алардан жапа чеккендердин жан дүйнөсү жабыркап, көпкө чейин кыйналышат. Андыктан коопсуз болуш үчүн колубуздан келишинче аракет кылганыбыз маанилүү! Келгиле, кылмышкерликтин төрт түрү — тоноо, зордуктоо, киберкылмыш жана жеке маалыматты уурдоо — жөнүндө жана алардан өзүбүздү канткенде коргой аларыбыз жөнүндө окуп көрөлү.

 ТОНОО

Бул эмне? Тоноо — бирөөнүн бир нерсесин күч колдонуп, коркутуп-үркүтүп тартып алуу.

Кандай зыян келтирет? Улуу Британияда куралчан тоноочулардын бир нече жолку кол салуусунан кийин, бир айыптоочу жапа чеккендердин ден соолугуна зыян келбесе да, баарынын психикалык жактан жабыркаганын айткан. Ал: «Алардын көбү көпкө чейин тынч ала албай, уйкусу качып калганын айтышты, ошондой эле дээрлик баары болгон окуянын жумушуна терс таасир эткенин айтышты»,— деген.

Эмне кылсаңар болот?

  • Уурулар ыңгайлуу учурдан пайдалангандыктан, сак жүргүлө

    Сак болгула. Уурулар, адатта, ыңгайлуу учурлардан пайдаланып, эки жагын көп байкабагандарга кол салышат. Андыктан шектүү көрүнгөндөрдү, тегерек-четиңерди байкагыла, спирт ичимдиктерин акыл-эсиңерди жоготуп койгончолук же коркунчту байкабай калганчалык ичпегиле, баңгизат колдонбогула. Ден соолук жөнүндөгү бир энциклопедияда: «Ичкилик ичкен же баңгизат колдонгон киши даана ой жүгүртө албай, кандай коркунуч күтүп турганын байкабай калат»,— делет.

  • Мүлкүңөргө сак болгула. Унааңардын, үйүңөрдүн терезелерин жаап, эшиктерин бекитип жүргүлө. Чоочундарды киргизбегиле. Баалуу нерсеңерди көзгө урунган жерге койбогула, аны көрсөтүп мактанбагыла. Сулайман пайгамбар: «Акылмандык жөнөкөйлөргө мүнөздүү»,— деген (Накыл сөздөр 11:2). Уурулар, анын ичинде ууру балдар көбүнчө кымбат зер буюмдарын тагынып жүргөн, электрондук буюмдарын элге көрсөтүп көтөрүп жүргөн адамдарды аңдышат.

  • Кеңеш издегиле. «Акылсыздын жолу өзүнө түз болуп көрүнөт, ал эми кеңешке кулак салган адам акылдуу» (Накыл сөздөр 12:15). Бир жакка сапар тартканы жатсаңар, жергиликтүү ишеничтүү кишилердин, тартип сакчылардын айткандарын уккула. Алар кооптуу жерлерди жана буюм-тайымыңарды тонотуп жибербеш үчүн эмне кылсаңар болорун айтышы мүмкүн.

ЗОРДУКТОО

Бул эмне? Зордуктоого күчкө салып жыныстык катнашта болуу эле эмес, чечинтүү, өбүү, кармалоо жана башка ушу сыяктуу нерселерди коркутуп-үркүтүп, күчкө салып кылуу да кирет.

Кандай зыян келтирет? Мындайды башынан өткөргөн бир кыз: «Баарынан да жаманы, зордукталган учурда эле кыйналбайсың, ал окуя эсиңен көпкө чейин кетпей, кыйналып жүрө бересиң, жашоого болгон көз карашың да өзгөрөт. Ошондой эле жакындарыңдын жашоосу өзгөрөт»,— дейт. Зордукталганына ошол адамдын өзү эмес, зордуктаган киши күнөөлүү.

Эмне кылсаңар болот?

  • Көңүл бурбай койбогула. Түндүк Каролинанын (АКШ) полициясы: «Эгер кайсы бир жер кооптуу сезилип жатса же кимдир бирөө шектүү көрүнүп жатса, кетип калгыла,— деп кеңеш берет.— Бир нерсе болуп кетчүдөй сезилсе, кимдир бирөө калганга көндүргөнүнө карабай, кетип калганыңар оң».

  • Коркконуңарды билдирбегиле. Бирөөнү зордуктоону көздөгөндөр, адатта, тегерек-четин байкабаган, алсыз адамдарга кол салышат. Андыктан басып баратканда коркконуңарды билдирбегиле, сак жүргүлө.

  • Тез иш-аракет кылгыла. Кыйкыргыла (Мыйзам 22:25—27). Качып кеткиле же ал күтпөгөн бир нерсе кылып каршылык  көрсөткүлө. Мүмкүн болсо, коопсуз жерге качып барып, милицияга чалгыла. *

КИБЕРКЫЛМЫШ

Бул эмне? Киберкылмыш — Интернет аркылуу жасалган кылмыш. Бул салыктарды төлөөдөн качуу, мыйзамсыз жол менен пайда көрүү, башка бирөөнүн кредиттик картасын колдонуу жана алдап акча өндүрүү үчүн Интернет аркылуу айла-амалдарды кылууну билдирет. Ошондой эле акча салса, сөзсүз киреше аларын убадалаган жалган сунуштар, Интернеттеги жалган аукциондор да кирет.

Кандай зыян келтирет? Киберкылмыштын айынан бүт коомчулук, жалпы жонунан алганда, миллиарддаган долларларга чыгым болот. Бир мисалга токтололу. Сандра деген аялга банк маалым даректерин жаңыртышы керектигигин билдирген электрондук кат келген. Сандра кат анын банкынан келди деп ойлоп маалым даректерин жөнөткөн. Бирок бир нече мүнөттөн кийин өз эсебинен башка банкка 4000 доллар которулуп кеткенин көргөндө нес болуп отуруп калган. Ошондо Сандра алданып калганын түшүнгөн.

Эмне кылсаңар болот?

  • Ишенбегиле. Расмий түрдө катталгандай көрүнгөн сайттарга ишенбегиле жана мыйзамдуу түрдө иш жүргүзгөн каржы мекемелери купуя маалыматты электрондук кат аркылуу жиберишиңерди сурабай турганын унутпагыла. Интернет аркылуу бир нерсе сатып алардан же киреше алыш үчүн акча салардан мурун буларды сунуштаган мекемелердин ишеничтүүлүгүн текшергиле. Ыйык Китепте: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— делет (Накыл сөздөр 14:15). Андан сырткары, башка өлкөдөгү мекеме менен иш жүргүзгөндө сак болгула. Себеби көйгөй туулса, чечүү аябай эле кыйын болот.

  • Мекемени жана анын кандай иш алып барарын текшергиле. «Ал мекеменин кеңсеси барбы? Телефон номуру туурабы? Сатып ала турган нерсем үчүн төлөгөндөн сырткары да төлөп калбаймбы? Заказым качан келет? Албай калсам, кайрып берсем болобу? Акчамды кайрып береби?» — деп ойлонуп көргүлө.

  • Сунуш өтө эле жакшы көрүнсө, абайлагыла. Интернет аркылуу кылмыш кылгандар ач көз жана жок жерден пайда көргүсү келгендерди тузакка түшүрүшөт. Алар аз иштеп, көп акча таба турган жумушту, укугуң жок болсо да, ссуда же насыя берүүнү жана эч чыгым болбой, көп киреше алуу үчүн акча салууну сунуш кылышы ыктымал. АКШнын соода-сатык боюнча федералдык комиссиясы мындай деп кеңеш берет: «Киреше алуу үчүн акча салууну сунуштаган кайсы гана мекеме болбосун, анын мыйзам чегинде иш алып барарын текшергиле. Сунуш канчалык жакшы болсо, ошончолук кооптуу. Пайда көрүш үчүн акча салуу сунушталганда, сунуш кылгандардын мыйзамдуу түрдө иш жүргүзөрүнө ынанмайынча макул болбогула».

ЖЕКЕ МААЛЫМАТТЫ УУРДОО

Бул эмне? Жеке маалыматты уурдоо — алдоо же кылмыш кылуу максатында бирөөнүн жеке мүнөздөгү маалыматын мыйзамсыз жол менен алып, колдонуу.

Кандай зыян келтирет? Андай уурулар силердин жеке маалыматыңарды колдонуп, банктан эсеп ачышы, кредиттик карта же насыя алышы мүмкүн. Натыйжада карыз силердин мойнуңарда болуп калат. Кийин карыздан кутулган күндө да, аброюңар түшүп, көп карыз алган киши катары бир топ жылга чейин унутулбашыңар ыктымал. Мындайды башынан өткөргөн бир киши: «Мурда көп карыз алган киши катары белгилүү болгонуң көп акча төлөгөнүңдөн да жаман. Себеп дегенде бул баарына таасир этет экен»,— дейт.

Эмне кылсаңар болот?

  • Жеке маалыматыңарга сак болгула. Банктагы эсебиңерге Интернет аркылуу кирсеңер же Интернет-дүкөндөрдөн бир нерсе сатып алсаңар, жашыруун белгиңерди (пароль) алмаштырып тургула, өзгөчө,  көп эл колдонгон компьютерди колдонсоңор, ошенткениңер маанилүү. Жогоруда айтылгандай, электрондук кат аркылуу жеке маалыматыңарды сурагандарга бербегиле.

    Жеке мүнөздөгү маалыматтарды уурдагандар компьютерди эле колдонушпайт. Маанилүү документтерди, мисалы, банк маалым даректерин, социалдык камсыздоонун номурун, чек китепчелерин, кредиттик карталарды да уурдашат. Андыктан буларды бекем жерге каткыла жана документтерди ыргытардан мурун тытып салгыла. Ушул сыяктуу документтердин бирин жоготуп же уурдатып жиберсеңер, дароо билдиргиле.

  • Банк эсебиңерди текшерип тургула. «Текшерип туруу — жеке маалыматты уурдагандарга каршы колдонулган мыкты курал,— дейт АКШнын соода-сатык боюнча федералдык комиссиясы.— Жеке маалыматтын уурдалганын канчалык эрте билсе, ошончолук жакшы». Ошондуктан банктагы эсебиңерди текшерип тургула, шектүү транзакцияларга маани бергиле. Мүмкүн болсо, кредиттик маалыматтын көчүрмөсүн жасап бере турган ишеничтүү мекемелерден * көчүрмөсүн алып, атыңардагы эсептерге, кредиттик карталарга көңүл бургула.

Албетте, азыркы коогалаңдуу учурда кылмышкерлерден жапа чекпейбиз деп айтыш кыйын. Атүгүл, сак болгондор да кылмышкерлердин колуна түшүп калышы мүмкүн. Ошентсе да Ыйык Китептеги акыл-насааттарга кулак кагуу пайдалуу. Анда: «Акылмандыкты таштаба, ошондо ал сени сактайт. Аны сүй, ошондо ал сени коргойт»,— делет (Накыл сөздөр 4:6). Ошондой эле кылмышкерликтин жакында жок болору айтылат.

Кылмышкерлик жок болот

Кудайдын кылмышкерликти жок кыларына эмне үчүн ишенсек болот? Келгиле, төмөнкүлөрдү карап көрөлү:

  • Кудай кылмышкерликти жок кылууну каалайт. «Мен, Жахаба, адилеттикти жакшы көрөм, тоноочулук менен ыймансыздыкты жек көрөм» (Ышая 61:8).

  • Кылмышкерликти жок кылууга кудурети жетет. «Анын кубаты эбегейсиз, күчү зор». «Кудай,.. адил» (Ышая 40:26; Мыйзам 32:4).

  • Ал ыймансыздарды жок кылып, адил адамдарды сактаарын убада кылган. «Жамандык кылгандар кырылат». «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:9, 29).

  • Жахаба Кудай андан корккон адамдардын бейкуттук өкүм сүргөн заманда жашаарын убада кылган. «Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Забур 37:11).

Бул сөздөр жүрөк козгоорлук бекен? Биз силерди Кудайдын ой-ниети жөнүндө Ыйык Китепте жазылгандарды изилдеп көргөнгө чакырабыз. Даанышман кеңештерге бай башка бир да китеп жок. Кылмышкерликтин жок болоруна үмүт артууга негиз берген мындан башка бир да китеп таппайсыңар *.

Кудай бейкуттук өкүм сүргөн замандын болорун убада кылган

^ абз. 5 Ысымдар өзгөртүлдү.

^ абз. 22 Көптөрдү аларды тааныган эле адамдар зордуктайт. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Жаштардын суроолору. Пайдалуу кеңештер» деген китептин 1-томунун 228-бетиндеги «Бузуку адамдардан өзүмдү кантип коргойм?» деген макаланы карагыла. Бул китепти www.jw.org сайтынан да окуй аласыңар.

^ абз. 36 Айрым өлкөлөрдө акысына банктагы эсептерди текшерип, шектүү транзакцияларды билдирип турган ишеничтүү мекемелер бар.

^ абз. 44 Ыйык Китепте жазылгандар тууралуу Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинен биле аласыңар. Ал китепти Жахабанын Күбөлөрүнөн алсаңар же www.jw.org сайтынан окусаңар болот.