Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! АПРЕЛЬ, 2013

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Кошмо Штаттар

2012-жылдын 29-октябрынан башталган жумасында Нью-Йорк шаарында киши өлтүрүүчүлүк, кылмышкерлик, талап-тоноочулук күчөгөн. 2011-жылдын так ошол жумасында да ушундай кылмыштар болгон. Эмне үчүн? «Табигый кырсыктан кийин же [2011-жылы 11-сентябрда болгон террорчулардын чабуулу сыяктуу] чоң масштабдагы кырсыктан кийин, адатта, ушундай кылмыштар болот»,— дейт Нью-Йорк полициясынын өкүлү Пол Браун. «Сэнди» деп аталган катуу шамал болуп, Кошмо Штаттардын чыгыш жээгин суу каптаганда, электр жарыгы өчүп калган. Ошондон кийин ал жакта, өзгөчө, уурулук көбөйгөн. Бул таң калыштуу деле эмес, анткени, Браун айткандай, «көп жерде электр жарыгы жок болчу».

Антарктида

Окумуштуулар Антарктиданын экологиясына ал жакта мурун өспөгөн, башка жактан келген өсүмдүктөр коркунуч туудуруп жатканын айтып тынчсызданууда. Ал жакка барган он миңдеген кишилердин ар бири байкабай эле жыл сайын орто эсеп менен 9,5 урук ала барат. Урук алардын бут кийимине же жүгүнө жабышып барат. Антарктида жарым аралынын батыш бөлүгүндө мурун ал жакта өспөгөн өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрү өсө баштаган.

Нидерландия

83 жаштагы апа 3D лазер принтери менен титандан жасалган астыңкы жаак салдыргандардын биринчиси болду. Сөөк инфекциясынан улам анын жаагы жарабай калган. Бирок жасалма жаак салынгандан кийин, ал кадимкидей эле тамак жеп, дем алып, сүйлөп калган. Жасалма жаак титандан лазер принтери менен жука кат-кат болуп куюлуп жасалган.

Германия

Германиянын коомдук жайларынын айрымдарында тамеки чегүүгө чектөө коюлган жылы ооруканаларга стенокардия (жүрөк оорусу) менен кайрылгандардын саны 13,3 пайызга, жүрөгү кармап кайрылгандардын саны 8,6 пайызга азайган.