Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! МАРТ, 2013

 ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮ

Багыш — «токойдун төрөсү»

Багыш — «токойдун төрөсү»

«БАГЫШ — абдан кызык келген, бир караганда, ийкемсиз көрүнгөн жаныбар. Эмне үчүн ал анчалык чоң? Эмне үчүн башы чоң?» Бул сөздөрдү багыштардын табиятына абдан кызыккан, 19-кылымда жашаган Генри Дэвид Торо деген жазуучу айткан. Анын убагында багыш тууралуу эч ким деле ойлончу эмес. Көргөн кишинин күлкүсүн келтирген тулку боюнан жана чанда көрүнгөнүнөн улам, көптөр аны ийкемсиз, эч нерсени түшүнбөгөн маңыроо жаныбар деп эсептешет. Чынында эле ошондойбу? Түндүк Америкадагы жана Евразиядагы окумуштуулар ал жаныбар жөнүндө көптөгөн кызыктуу нерселерди ачышкан.

Анын ири жаныбарлардын бири экенин эч ким тана албайт. «Токойдун төрөсү» болгон ал жаныбардын узун буту аны олдоксон көрсөткөнү менен, багыш ага кол салган үйүр карышкырлардан тээп коргонот. Багыш туулгандан бир нече күн өткөндөн кийин эле сууда сүзгөндү үйрөнө баштайт. Анын бир нече чакырымга чейин сүзө алары жана суу өсүмдүктөрү менен азыктаныш үчүн 6 метрдей тереңдикке чумкуй алары байкалган.

Багыш башын бурбай туруп эле жака-белин көрө алат жана аркасында кыймылдаган нерселерди байкап коёт. Анын жыт билүү органы да жакшы өрчүгөн. Окумуштуулардын айтканына ылайык, багыштын эки таноосу бири-биринен алыс жайгашкандыктан, ал бир нерсенин  кайсы жерде экенин так аныктай алат. Багыштын кулагы да жакшы угат. Дабыш каяктан чыкса, кулагын ошол жакка бура алат. Ал башка багыштын үнүн 3 километр алыстыктан угуп коёт.

Бир жазуучу багыштын музоосу «күлкүлүү», маңыроо болорун айткан. Багыштын ургаачысы музоосун азыктандырып, эркелетип, жырткычтардан коргойт. Ал музоосун коргош үчүн карышкырларга, аюуларга каршы турат, атүгүл адамдарга кол салышы мүмкүн. Ургаачы багыш музоосуна бир жылдай болуп калганда жана кайрадан боозуганда, музоосу коргонгонду үйрөнүшү үчүн, аны кубалап жиберет.

КЫШТАН ЧЫГЫШЫ

Багыш жалаң өсүмдүк менен азыктанса, кычыраган кышта азыкты кайдан табат? Ал жылуу мезгилде жакшы азыктанат. Бийиктиги 3 метрге жеткен кургактыктагы өсүмдүктөрдөн жана суунун түбүндөгү өсүмдүктөрдөн күнүнө 23 килограммдай жейт. Өсүмдүктөрдү төрт бөлүктөн турган карынында сиңирип, пайдалуу азык, май топтоп алат. Бирок багыш кышында башка кыйынчылыктарга кабылат.

Кар калың түшкөн кычыраган кышта багыштарга аябай кыйын болот. Жүнү калың терисиндеги жылуулукту сакташ үчүн алар кышында аз кыймылдашат. Калың карда жакшы чуркай албагандыктан карышкырлардан качуу аларга кыйынга турат. Бирок аларга, өзгөчө, аңчылар менен айдоочулар көбүрөөк коркунуч туудурушат.

Багыштар карды эритиш үчүн жолго себилген тузду жакшы көргөндүктөн жолдо көп жүрүшөт. Өңү күрөң болгондуктан, күн баткан маалда өтүп бараткан айдоочулар аларды байкабай сүзүп алышат. Натыйжада багыштар да өлүп, адамдар да өмүрүнөн айрылган учурлар көп болот.

ОЙНООК КЕЛИШЕТ

Багыштар океандагы толкундар менен ойноп, ысык булактан чыккан сууларга жыргап түшүшөт. Жупташуу убагында эркеги менен ургаачысы бири-бирине назик мамиле кылат. Ургаачысынын музоосуна кам көргөнү жүрөктү козгобой койбойт. Музоолор аларды багып алган ээсине үйүр алып, аябай жакын болуп калышат. Зоология илиминин профессору Валериус Гайст «багыштын акылдуу, берилген жана назик сезимдерди туя билген асыл жаныбар» экенин байкаган.

Музоосу маңыроо болот

Эскерте кетчү нерсе, багыш — абдан чоң, күчтүү, жапайы макулук. Аны токойдон же дагы башка жерден көрүп калсаңар, чочутуп алгандан сак болгула жана өтө жакын барбагыла. Өзгөчө, ал жаш музоосу менен болсо, алысыраак болгонуңар оң. «Токойдун төрөсү» болгон багышты алыстан көрсөңөр да ага таң берип, суктанарыңар күмөнсүз.