Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  Февраль, 2013

 ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Кошмо штаттар

Табигый ресурстарды коргоо боюнча кеңештин билдирүүсүнө ылайык, АКШ боюнча тамак-аштын 40 пайыздайы ысырап болот. Эсептөөлөрдөн айкын болгондой, мисалы, дан өсүмдүктөрүнүн 7 пайызы орулуп-жыйылбай калат. Кафе-ресторандардагы тамактардын 17 пайызы желбей калат. Үй-бүлөлөрдө болсо сатылып келинген азык-түлүктөрдүн 25 пайызы ыргытылат.

Израиль

«Оорусун жатында жатканда эле аныктап коюуга мүмкүн болгон оору менен төрөлгөн балдар» алардын төрөлүшүнө жол берген медицина кызматкерлерин мындан ары сотко бере алышпайт. Бирок алардын ата-энелери «оорулуу баласына кам көрүүгө кеткен чыгымдын жана оорукчан балага өмүр бою кете турган чыгымдын ордун толтуруп беришин» сурап сотко кайрыла алышат («Haaretz.com»).

Греция

Грециянын саламаттык сактоо министрлиги 2011-жылдын алгачкы беш айында өзүн өзү өлтүргөндөрдүн саны 2010-жылдын ошол айларына салыштырмалуу 40 пайызга өскөнүн билдирген. Бул каржы каатчылыгы башталган маалга дал келет.

Австралия

Австралияда 10 түгөйдүн 8и никеге турганга чейин эле чогуу жашайт.

Мадагаскар

Жакында эле Мадагаскардан дүйнөдөгү эң кичинекей хамелеон табылды. Анын узундугу, болгону, 29 миллиметр жана бул күрөң түстөгү хамелеондордун айрымдары кишинин тырмагы менен тең. Ал хамелеондордун байырлаган жерине коркунуч туулгандыктан, алар тукум курут болуп кетүү коркунучу алдында турат.