Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! № 5 2016

 ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Аристотель

Аристотель

АРИСТОТЕЛЬ 2 300 жылдай мурун илим менен философияга чоң салым кошкон. Анын эмгектери нечендеген жылдардан бери көптөрдү кызыктырып келет. Тарых илиминин профессору Жеймс Маклаклан «Аристотелдин табиятка байланыштуу көз карашы Европада 2 000 жылдай убакыт бою үстөмдүк кылып турганын» жазган. Анын көз карашы атүгүл католик, протестант, ислам диндеринин окууларына да таасир эткен.

Көп нерсеге кызыккан

Аристотель искусство, астрономия, биология, этика, тил, мыйзам, логика, магнетизм, метафизика, кыймыл, ыракат, поэзия, саясат, психология, риторика жөнүндө, ошондой эле адамдын жаны өлөт деп эсептээрин жазган. Бирок Аристотелди көбүнесе биология жана логика тууралуу эмгектери атак-даңкка жеткирген.

Байыркы грек илимпоздору табиятты түшүндүрүп берүүдө өздөрүнүн ой жүгүртүүсүнө, байкагандарына, эсептөөлөрүнө таянышкан. Алар талашсыз чындык деп эсептешкен нерселерден тартып ошо сыяктуу башка чындыктарды кылдат изилдөөнүн аркасында туура жыйынтыкка келүү мүмкүн деп ойлошкон.

Ошондой философиянын жетегинде алар бир нече туура бүтүм чыгарышкан. Андай бүтүмдөрдүн бири аалам тартипке негизделген деген бүтүм болгон. Бирок көйгөй ал илимпоздордун байкоо жөндөмүнүн чектелүү болгонунда болчу. Бул көптөгөн көрүнүктүү кишилердин, анын ичинде Аристотелдин да жаңылышына себеп болгон. Маселен, алар башка планеталар менен жылдыздар Жерди айланат деп ойлошкон. Ошол тапта ал көз караш тууралыгы тастыкталган чындык деп эсептелген. Буга байланыштуу бир китепте: «Акыл да, тажрыйба да гректердин көз карашынын —  Жер ааламдын борбору деген көз карашынын — туура экенин далилдеп тургандай көрүнгөн»,— деп жазылган («The Closing of the Western Mind»).

Эгер ал жаңылыш көз караш илимий чөйрөнүн чегинен чыкпаса, анчалык кесепеттүү болмок эмес болуш керек. Бирок андай болгон эмес.

Аристотелди «жылуу» кабыл алган католицизм

Христиан дини негизги дин деп эсептелген Европада орто кылымда Аристотелдин айрым окуулары төгүндөлгүс чындык катары кабыл алынган. Буга Рим-католик теологдору, айрыкча, Фома Аквинскийдин (болж. м-н 1224—1274-ж.) Аристотелдин жазгандарын өздөрүнүн теологиясына киргизип койгону себеп болгон. Ошентип, Аристотелдин «Жер — ааламдын борбору» деген көз карашы католик дининин окууларына кирип калган. Ал окууну Кальвин жана Лютер сыяктуу протестант диний төбөлдөрү да кабыл алып, ага ишенүүгө Ыйык Китепте негиз бар деп эсептешкен ( «Ыйык Китепте жок нерсени бар деп эсептөө» деген кутучаны карагыла).

Аристотелдин айрым окуулары төгүндөлгүс чындык катары кабыл алынган

Чарльз Фримен аттуу жазуучу «Аристотелдин окууларынын айрымдары менен католицизм ажырагыс болуп калганын» айткан. Аквинский Аристотелди католик динине өткөзгөн деп айтылып келет. Бирок Фримен, чынында, «Аквинскийдин аристотелизмди кабыл алганын» жазган. Ошондой эле чиркөө да кандайдыр бир деңгээлде аристотелизмди кабыл алган десек болот. Натыйжада чиркөө соту Жердин Күндү айланарын түшүнгөн жана аны ачык айтууга батынган италиялык астроном-математик Галилеону суракка алып, көз карашынан баш тартууга мажбурлаган *. Кызыктуусу, Аристотель илим дайыма өнүгүп тургандыктан кайсы бир ачылыштар кайра каралып турушу керектигин түшүнгөн. Чиркөө да ушундай көз карашка карманса кана!

^ 11-абз. «Галилеонун чиркөөгө каршы чыгышы» жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Ойгонгула!» журналынын 2003-жылдын 22-апрелиндеги санын карагыла (ор.).