Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! № 5 2016

 ТӨГӨРӨКТҮН ТӨРТ БУРЧУНДА

Көңүл чордонунда Америка

Көңүл чордонунда Америка

Батыш жарым шарындагы билдирүүлөр Ыйык Китепте көөнөрбөс акылмандык камтылганын тастыктоодо.

Электрондук почта жана стресс

Ванкуверде (Канада) жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, электрондук почтасын күнүнө үч эле жолу текшергендер аны бат-бат текшергендерге караганда азыраак стресс болушат. Изилдөөнү жетектеген К. Кушлев мындай бүтүмгө келген: «Көптөр электрондук почтасын тез-тез текшергиси келе берет. Бирок андай азгырыкка алдырбаса, азыраак стресс болушат».

ОЙЛОНУП КӨРСӨҢӨР: «Өзгөчө оор мезгилде» жашап жаткандыктан стрессти мүмкүн болушунча азайтуу акылдуулукка жатпайбы? (2 Тиметей 3:1).

Балыктардын көбөйүшү

Жапайы табиятты коргоо коому (ЖТКК) Белизде жана Кариб бассейнинин башка аймактарында «коруктардагы моллюскалардын, омарлардын, балыктардын көбөйгөнү катталганын» билдирген. Ошондой эле: «Корукка алынган жерлердеги суу жандыктарынын түрлөрүнүн популяциясы, бери дегенде, 1—6 жыл аралыгында калыбына келиши мүмкүн, бирок толук калыбына келиши үчүн... ондогон жылдар талап кылынат»,— деп кошумчалаган. ЖТККнын программасынын директору Ж. Гибсон Белиз тууралуу: «Корукка алынган жерлер өлкөдөгү балык уулоо ишинин жана биотүрдүүлүктүн мурункудай калыпка келишине жардам берет»,— деген.

ОЙЛОНУП КӨРСӨҢӨР: Табияттын кайрадан калыбына келиши акылман Жараткандын бар экенинен кабар бербейби? (Забур 104:24, 25).

Бразилиядагы зомбулук

«Аженсия Бразил» маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, Бразилияда зомбулук күчөөдө. Cаламаттык сактоо министрлигинин эсептөөсүнө ылайык, 2012-жылы киши колдуу болгондордун саны болуп көрбөгөндөй өскөн: 56 000ден ашкан. Коомдук коопсуздук боюнча адис Л. Сапоринин айтымында, бул адеп-ахлак нормаларынын төмөндөп кеткенин көрсөтүүдө. Ал ошондой эле адамдар маданияттуу коомдун мыйзамын баркка албай калганда «өз кызыкчылыгын ишке ашырыш үчүн күч колдоно баштаарын» айткан.

БИЛЕСИҢЕРБИ? Ыйык Китепте «сүйүүнүн илеби кайта» турган жана «мыйзамсыздык күч» ала турган убак келери алдын ала айтылган (Матай 24:3, 12).