Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! № 4 2016

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАКШЫ АДАТТЫ КАНТИП ӨРЧҮТСӨ БОЛОТ?

2. Алдын ала ойлонуштургула

2. Алдын ала ойлонуштургула
  • Туура тамактанууну чечкенсиңер, бирок бал муздакты көрүп жегиңер келип жатат.

  • Тамекини таштоого бел байлагансыңар, бирок досуңар билсе деле тамеки сунуштап жатат.

  • Бүгүн көнүгүү жасайм дегенсиңер, бирок шкафтан кийимиңерди таап чыгуу тоодой иштей сезилет.

Ушул үч жагдайда тең азгырылып кетүү толук мүмкүн. Тажрыйба көрсөткөндөй, өзүбүздүн аракетибиз, ошондой эле тегерегибиздеги адамдар жакшы адаттарды өрчүтүүгө жана жаман адаттардан арылууга зор таасир этет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат» (Накыл сөздөр 22:3).

Ыйык Китепте дайыма алдын ала ойлонушубуз керектиги айтылат. Эгер ушул кеңешке ылайык иш кылсак, максатыбызга жетүүгө тоскоолдук кылган нерселерден алыс болуп, жакшы адаттарды өрчүтүүгө шарт түзгөн нерселерди кылабыз (2 Тиметей 2:22). Кыскасы, алдын ала ойлонуштурсак, акылдуулук менен иш кылабыз.

Жаман адаттарга алдырып коюшуңарга өзүңөр тоскоолдук кылып, жакшы адаттарды өрчүтүшүңөргө өзүңөр шарт түзгүлө

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

  • Жаман адаттарга алдырып коюшуңарга өзүңөр тоскоолдук кылгыла. Алсак, тез татымга кирген тамактарды жебегенге аракет кылып жатсаңар, андай тамакты ашканаңарга койбогула. Ошондо андай тамак жегиңер келгенде, аны алып келүүнүн убарасы көбүрөөк болгондуктан, жебей эле коюну чечишиңер мүмкүн.

  • Жакшы адаттарды өрчүтүшүңөргө өзүңөр шарт түзгүлө. Маселен, эртең менен көнүгүү жасоону максат кылсаңар, жатарда спорт кийимиңерди жаныңарга коюп койгула. Баштоо канчалык жеңил болсо, ага кармануу ошончолук оңоюраак болот.

  • Досторду туура тандагыла. Адатта, кимдер менен көбүрөөк пикирлешсек, ошолорго окшошо баштайбыз (1 Корунттуктар 15:33). Андыктан арылгыңар келген адатты кылууга түрткөн адамдар менен болгон мамилеңерди чектеп, жакшы адат өрчүтүүгө жардам бергендер менен достошкула.