Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! № 3 2016

 ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Игнац Земельвейс

Игнац Земельвейс

ИГНАЦ ЗЕМЕЛЬВЕЙС деген киши тууралуу көптөр уккан эместир. Бирок анын эмгегинин үзүрүн учурдагы үй-бүлөлөр да көрүүдө. Ал Венгриянын Буда (учурда Будапешт) шаарында туулган. 1844-жылы Вена университетин бүтүрүп, доктурлук кесиптин ээси болгон. 1846-жылы Венанын Борбордук ооруканасынын биринчи төрөт үйүндө профессордун жардамчысы катары иштей баштаган. Ал жактан Игнац зээнди кейиткен көрүнүшкө күбө болгон: төрөгөндөрдүн 13 пайыздан көбү төрөт ысытмасынан каза тапчу.

Бул ооруга байланыштуу ошол убакта ар кандай жоромолдор айтылса да, анык себеби сыр бойдон кала берген. Канча аракет кылышпасын, төрөт ысытмасынан көз жумгандардын саны азайган эмес. Аялдардын көпкө чейин кыйналып өлгөнүн көргөн Игнац бул илдеттин себебин аныктап, аны менен күрөшүүгө бел байлаган.

Земельвейс иштеген ооруканада эки төрөт үйү бар болчу. Таң калыштуусу, экинчисине караганда биринчисинде өлгөн аялдардын саны бир топ жогору эле. Эки төрөт үйүнүн болгон айырмасы — биринчисинде студенттер практикадан өтсө, экинчисинде акушерлер иштечү. Анда эки төрөт үйүндөгү өлгөн аялдардын саны эмне себептен айырмаланган? Ушул суроого жооп алууга аракеттенип, Земельвейс ооруга себеп болушу мүмкүн деп эсептелген нерселердин баарын жок кылып турган, бирок эч майнап чыккан эмес.

1847-жылдын баш жагында ал табышмактын жандырмагын табылгансыган. Земелвейстин Якоб Колечка деген кесиптеши жана досу өлүк союп жатканда жараат алып, инфекция жуктуруп алгандыктан көз жумган. Земелвейс Якобдун өлүгүн союп изилдегендердин жазгандарын окуп жатып айрым белгилер төрөт ысытмасынан өлгөндөрдүкүнө окшош экенин байкаган.  Ошондо Земелвейс аялдардын төрөт ысытмасынан өлүшүнө өлүктөгү, өзү атагандай, «уу» себеп болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген. Көрсө, доктурлар менен студенттер өлүк сойгондон кийин төрөт бөлүмүнө барып кош бойлуу аялдарды көрүп же төрөткөндүктөн өздөрү билбей эле аларга инфекция жуктурушчу экен. Ал эми экинчи төрөт үйүндөгүлөр өлүк сойбогондуктан ал жакта өлгөндөрдүн саны азыраак болгон.

Земельвейс дароо кош бойлуу аялдарды көрөрдө колдуу жуу, анын ичинде хлордуу акиташ менен стерилизациялоо талабын киргизген. Натыйжасы таң калыштуу болгон: өлгөндөрдүн саны апрелде 18,27 пайыз болсо, жылдын аягында 0,19 пайызга төмөндөгөн.

«Менин теориям төрөт үйлөрүн каргашадан арылтып, күйөөлөрдүн аялдарын, балдардын энелерин сактап калууга арналган» (Игнац Земельвейс).

Бирок анын ачылышын баары эле жактыра берген эмес. Анын теориясын жетекчиси да талашка салып, доктурларга койгон талабына кыжырданган. Акыры, Земельвейс Венадагы жумушунан бошотулуп, Венгрияга кайтып барган. Ал жактан Пешт графтыгындагы Ыйык Рох атындагы оорукананын акушердик бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштей баштаган. Ал колдонгон ыкманын натыйжасында ал жакта төрөт ысытмасынан каза болгондордун саны 1 пайызга чейин төмөндөгөн.

1861-жылы Земельвейстин «Төрөт ысытмасынын себеби, аныктамасы жана алдын алуу ыкмалары» деп аталган эмгеги жарык көргөн. Өкүнүчтүүсү, анын ачылышы көп жылдарга чейин бааланган эмес. Ал ортодо өмүрүн сактап калуу толук мүмкүн болгон нечендеген адамдар көз жума берген.

Земельвейс өзүнүн карамагындагы ооруканаларда гигиена эрежелерин сакталышын талап кылган (Тарткан: Роберт Том)

Акыры Земельвейс азыркы антисептикалык ыкманын атасы деп табылган. Анын эмгеги микроскоптук заттардын өлүмгө себеп болорун аныктаганга жардам берген. Земельвейс оорунун микробдук теориясынын тарыхына өчпөс из калтырып, «медицина илимине жана практикасына көптөн-көп салым кошкон». Кызыктуусу, Кудайдын 3 000 жылдай мурун эле Муса пайгамбарга жаздырган мыйзамында өлүккө тийгендер эмне кылышы керектиги айтылган.