Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

ОЙГОНГУЛА! № 2 2016

 ҮЙ-БҮЛӨ ҮЧҮН КЕҢЕШТЕР | БАЛА ТАРБИЯЛОО

Жыныстык жетилүү учурунда жардам

Жыныстык жетилүү учурунда жардам

КӨЙГӨЙ

Жаңы төрөлгөн балаңарды көтөрүп турганыңар күнү бүгүнкүдөй эсиңерде. Азыр болсо ал өспүрүм куракка келип калды, бирок дагы деле бала бойдон. Азыр ал өмүр жолунун жыныстык жетилүү деген жерине жетти.

Айрым учурларда балаңардын жан дүйнөсүн жабыркаткан ошондой өткөөл куракта ага кантип жардам бере аласыңар?

ЭМНЕЛЕРДИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Жыныстык жетилүүнүн өз убагы бар. Ал 8—15 жаштарда же андан кечирээк башталышы мүмкүн. Бир китепте: «Жыныстык жактан жетилүү ар кандай убакта башталат»,— делет («Letting Go With Love and Confidence»).

Тынчсыздануу менен коштолот. Жыныстык жактан жетилип келаткандарды башкалардын ою аябай тынчсыздандырат. Мисалы, Жаред * деген жигит: «Мен сырткы көрүнүшүмө, өзүмдү кандай алып жүргөнүмө көп маани бере баштагам. Башкалар мени бир кызыктай деп ойлошпойбу деп тынчсыздана берчүмүн»,— деп эскерет. Бетине безетки чыкканда да балдар өздөрүн ого бетер ишенимсиз сезиши мүмкүн. «Мага бетиме чабуул жасалып жаткандай эле сезилген. Ошондо өзүмдү түрү суук деп, ыйлаганым эсимде»,— дейт 17 жаштагы Кели.

Эрте жетилүүнүн кыйынчылыктары. Айрыкча, төшү чыгып, тулку боюнда өзгөрүүлөр болуп жатканы үчүн шылдыңга кабылып жаткан кыздарга кыйын болушу мүмкүн. Ошондой эле «андай кыздар чоңураак балдардын көзүнө көп уруна баштайт» («A Parent’s Guide to the Teen Years»).

Жыныстык жетилүү жетилгендикти билдирбейт. Накыл сөздөр 22:15те: «Баланын жүрөгүнөн акылсыздык орун алган»,— делет. Бул жыныстык жактан жетиле баштаган балдар-кыздарга да тиешелүү. Алар чоңоюп калгандай көрүнгөнү менен, бир китепте жазылгандай, бул алардын «жоопкерчиликтүү экенин, туура чечим чыгарарын, өзүн-өзү кармай билерин жана жетилген кишиге мүнөздүү дагы башка сапаттарга ээ экенин билдирбейт» («You and Your Adolescent»).

 ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Алдын ала сүйлөшкүлө. Балаңарга эмнелер болорун алдын ала түшүндүрүп бергиле, алсак, кызга айыз жөнүндө, балага түнкүсүн эрендиги агып калышы мүмкүн экенин айтып бергиле. Организмдеги мындай өзгөрүүлөр жыныстык жетилүүнүн башка белгилеринен айырмаланып капыстан пайда болушу мүмкүн болгондуктан, балдар чочулашы, атүгүл коркушу ыктымал. Аларга жыныстык жетилүү жөнүндө оң маанайда айтып бергиле. Ал учур анын балалыктан өтүп, чоңоюп баратканын билдирерин түшүндүргүлө. (Ыйык Китептеги принцип: Забур 139:14.)

Ачык-айрым болгула. Жон мындай дейт: «Ата-энем мени менен бул туурасында сүйлөшүүдөн кача берчү. Мен болсо алардын ачык сүйлөшүшүн каалачумун». 17 жаштагы Алана да: «Апам мага организмимде кандай өзгөрүүлөр болорун түшүндүрүп берген, бирок ал мага эмоциялык жактан көбүрөөк жардам берсе болмок»,— дейт. Балаңар менен жыныстык жетилүү жөнүндө сүйлөшүү ыңгайсыз болсо да, буга байланыштуу бардык нерселерди түшүндүрүп беришиңер керек. (Ыйык Китептеги принцип: Элчилер 20:20.)

Сөзгө тарткыдай суроолорду бергиле. Сөз башташ үчүн башкалардын жыныстык жетилүүгө байланыштуу башынан эмнелерди өткөрүп жатканы жөнүндө сурап көргүлө. Мисалы, кызыңардан: «Класстагы кыздар айыз жөнүндө сүйлөшүшөбү? Балдар эрте жетилген кыздарды шылдыңдайбы?» — деп сурасаңар болот. Балаңардан болсо: «Теңтуштарың өздөрүнө караганда кеч жетилген балдарды шылдыңдайбы?» — деп сурасаңар болот. Башкалар жөнүндө айта баштаганда балаңарга өзүнүн сезимдерин, башынан өткөндөрүн айтуу оңой болушу мүмкүн. Андайда Ыйык Китептеги: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, шашпасын»,— деген кеңешке ылайык иш кылгыла (Жакып 1:19).

Акылмандыкка ээ болууга, ой жүгүртүүгө жардам бергиле (Накыл сөздөр 3:21). Жыныстык жетилүү денелик жана эмоциялык өзгөрүүлөр менен эле чектелбейт. Ал мезгилде балаңардын ой жүгүртүүсү да өрчүй баштайт. Ошол жөндөмдүүлүгү чоңойгондо туура чечимдерди чыгарганга жардам берет. Андыктан ошондой курактан пайдаланып балаңарга туура баалуулуктарга ээ болгонго жардам бергиле. (Ыйык Китептеги принцип: Еврейлер 5:14.)

Багынбагыла. Көп өспүрүмдөр ата-энеси менен жыныстык жетилүү жөнүндө сүйлөшкүсү келбегендей көрүнөт, бирок чынында андай болбошу мүмкүн. Бир китепте: «Балаңар көңүл бургусу, уккусу келбегендей, жактырбай, тажап кеткендей көрүнсө да, ар бир сөзүңөрдү эстеп калышы мүмкүн»,— деп айтылган («You and Your Adolescent»).

^ 8-абз. Макаладагы ысымдар өзгөртүлдү.