Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Ойгонгула!  |  № 1 2016

 ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Лихтенштейнге саякат

Лихтенштейнге саякат

ДҮЙНӨ жүзүндөгү эң кичинекей өлкөлөрдүн бири болуп саналган бул өлкө Альп тоолорунда, Швейцария менен Австриянын ортосунда жайгашкан. Кылымдар бою бул аймакта кельттер, реторомандар, римдиктер жана алеманндар жашап өткөн. Учурда жергиликтүү калктын үчтөн эки бөлүгүн 1 500дөй жыл мурун ушул жерге отурукташкан алеманн уруусунун урпактары түзөт.

Лихтенштейндин расмий тили — немис тили, бирок ар кайсы айылдарда ар кандай диалекттер бар. Улуттук тамактары — жүгөрү унунан жасалган ботко (Tüarka-rebel) жана сыр кошулуп жасалган камыр тамак (Käsknöpfle).

Käsknöpfle

Кооз улуттук кийим

Өлкөнүн жаратылышын көргөнү келгендер чокусун кар баскан тоолорго, көк шиберлүү өрөөндөргө, жүзүмзарларга жана түркүн өсүмдүктөргө суктана алышат. Мисалы, бул кичинекей Альп өлкөсүндө жапайы орхидейлердин 50гө жакын түрү өсөт. Ошондой эле музейлер, театрлар жана шарап чыгарган заводдор бар. Ошондуктан жайы-кышы туристтер үзүлбөйт.

 Лихтенштейнде Жахабанын Күбөлөрү 1920-жылдардан тартып эле бар. Азыр алардын 90го жакыны жергиликтүү калкка жана келгиндерге Ыйык Китептеги жакшы кабарды жарыялоодо.