Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  № 6 2016

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Кудай бардык адамдардын тиленүүсүн угабы?

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Ар бир кишини угат

  • Айрымдарды угат

  • Эч кимди укпайт

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Жахаба Өзүн... чындык боюнча чакыргандардын баарына жакын» (Забур 145:18).

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?

  • Кудай ага жакпаган иштерди кылгандардын тилегин укпайт (Ышая 1:15). Анткен менен андай кишилер жаман жолунан бурулса, Кудайга жага алышат (Ышая 1:18).

  • Кудай биздин тилегибиздү угуш үчүн, тилеген нерсебиз анын Ыйык Китепте жазылган талаптарына ылайык келиши керек (1 Жакан 5:14).

Тиленгенде турган турпатыбыз кандай болушу керек?

АЙРЫМДАР ЭМНЕГЕ ИШЕНИШЕТ? Айрымдар тиленгенде тизелеп, башты ийип, эки колду бириктирип туруу керек деп ойлошот. Силер кандай деп ойлойсуңар?

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудай отуруп да, туруп да, жүзтөмөндөп жыгылып да, тизелеп туруп да тиленгендердин үнүн уккан (1 Жылнаама 17:16; 2 Жылнаама 30:27; Эзра 10:1; Элчилер 9:40). Ал ага кайрылганда турган турпатыбыздын белгилүү бир абалда болушун талап кылбайт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?

 

Көбүрөөк билиңиз

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Тиленүү аркылуу Кудайга жакында

Тиленгениңде Кудай угабы? Бул суроого жооп алыш үчүн Ыйык Китепте тиленүү жөнүндө эмне айтыларын билип алышың зарыл.

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Кудайдан тиленсем, жардам береби?

Кудай чындап эле биздин кыйналып жатканыбызга кайдыгер карабайбы?