Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  № 6 2016

Илегилек

Куштар эмнени «үйрөтөт»?

Куштар эмнени «үйрөтөт»?

«Асмандагы канаттуу куштарга кайрылып көрчү, сага айтып берет... Муну Жахабанын колу жасаганын алардын кайсынысы билбейт?» (Аюп 12:7, 9).

МЫНДАН 3 000 жылдан ашык убакыт мурун Аюп пайгамбар асмандагы куштар Жахабанын кол эмгеги тууралуу көп нерсени айтып турарын түшүнгөн. Өзгөчөлүгүнөн улам ал арды көп нерсеге салыштырып мисал кылса да болот. Ыйык Китепте канаттуулар жөнүндө жазылгандардан жашоого жана Кудай менен болгон мамилебизге байланыштуу көп нерсени биле алабыз. Анда алардын бир нечесине токтололу.

«АЛ ЖАККА ЧАБАЛЕКЕЙ ДА УЯ САЛАТ»

Чабалекей

Иерусалимдин тургундары уясын, адатта, имараттардын чатырынын алдына салган чабалекейди көп көрүшчү. Сулайман курган ибадатканада да чабалекейлердин уясы бар болчу. Ибадатканага уя салып алган чабалекейлер, кыязы, ошол коопсуз уясына жыл сайын учуп келип, балапандарын чыгарышчу.

Алты ай өткөн сайын ибадатканага бир жумага келип кызмат кылып турган, 84-забурду жазган пайгамбар — Корактын уулдарынын бири — ибадатканада салынган чабалекейдин уясын көп көрчү. Ал Жахабанын үйүндө дайыма жашаган чабалекейлерге көз арткандыктан: «Сенин улуу чатырың кандай сонун, оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба! Жаным Жахабанын короолорун көксөп, алдан тайды... Оо, асман аскерлеринин Кудайы Жахаба, Падышам, Кудайым! Улуу курмандык жайыңдан чымчык да жай табат, ал жакка чабалекей да уя салат, балапандарын багат»,— деп жазган (Забур 84:1—3). Биз да балдарыбыз менен бирге Кудайдын эли чогулган жерге дайыма барып турууну көксөйбүзбү? (Забур 26:8, 12).

«ИЛЕГИЛЕК ӨЗҮНӨ БЕЛГИЛЕНГЕН МААЛДЫ БИЛЕТ»

Жеремия пайгамбар: «Асмандагы илегилек өзүнө белгиленген маалды билет»,— деп жазган. Анын Кудайдын эли, ысрайыл эли, жашаган жерге учуп келип, учуп кетип жаткан илегилектерди көп көргөнүнө шек жок. Эсептөөлөргө ылайык, жазында 300 000ден ашуун илегилек Африкадан Түндүк Европага Иордан өрөөнү аркылуу учуп өтөт. Алар жайлай турган жактарга учууга мезгил келгенин биологиялык саатынын негизинде билишет. Ырас, бардык келгин куштардай эле, «илегилек өзүнө белгиленген маалды билет» (Жеремия 8:7).

Келгин куштар тууралуу бир китепте «алардын ички туюмунун аркасында жер которору, чынында эле, таң калтырарлык» экени жазылган («Collins Atlas of Bird Migration»). Жахаба Кудай канаттууларга жер которо турган мезгил келгенин аныктай турган ички туюм берген, ал эми адамга убакыт-мезгилди баамдай турган жөндөм берген (Лука 12:54—56). Илегилектин ички туюмунан айырмаланып, андай жөндөм Кудай жөнүндөгү билим алганыбызда гана биз жашап жаткан азыркы убактагы окуялардын маанисин аңдоого жардам берет. Жеремия пайгамбардын күндөрүндөгү ысрайылдыктар алардын убагындагы окуялардын маанисин баамдашкан эмес. Анын себеби эмнеде болгонун  Кудай мындай деп түшүндүргөн: «Жахабанын сөзүн четке кагышкан соң алардын эмнеси акылман?» (Жеремия 8:9).

Биздин азыр Ыйык Китепте «акыркы күндөр» деп аталган учурда жашап жатканыбызга айкын далил бар (2 Тиметей 3:1—5). Силер да, илегилектен «үлгү алып», кайсы «мезгилде» жашап жатканыңарды баамдайсыңарбы?

«БҮРКҮТТҮН... КӨЗҮ АЛЫСТЫ КӨРӨТ»

Бүркүт

Ыйык Китепте бүркүт жөнүндө көп айтылат. Ысрайыл жеринде бүркүт көп кездешчү. Бүркүт жемин зооканын чокусуна салган уясынан издейт жана анын «көзү алысты көрөт» (Аюп 39:27—29). Анын көзү ушунчалык курч болгондуктан, байкоочулардын айтканына ылайык, ал 1 километр бийиктиктен да жерде бараткан коёнду көрүп коёт.

«Көзү алысты көргөн» бүркүт сыяктуу, Жахаба Кудай алыскы келечекти көрө алат. Мына ошондуктан ал: «Мен аягында эмне болорун башынан эле айтам, боло элек нерселерди байыртан бери айтып келем»,— деген (Ышая 46:10). Эгер теңдешсиз акылман жана алдын ала көрө билген Жахабанын кеңешине кулак каксак, өзүбүзгө эле жакшы болот (Ышая 48:17, 18).

Ыйык Китепте Кудайга таянгандар да бүркүткө салыштырылат. Анда: «Жахабага үмүт арткандар кайрадан күчкө толот. Алар бүркүттөй канат жайып, көккө көтөрүлүшөт»,— деп жазылган (Ышая 40:31). Бүркүттүн бийик көтөрүлүп учушуна абанын агымы өбөлгө түзөт. Бүркүт өйдө көтөрүлгөн жылуу абанын агымын сезгенде канатын жайып ал агымдын алкагында айланып уча берет да, акырындап бийиктей берет. Анын абдан бийик көтөрүлүп, алыс аралыкка учушуна өз күчү гана шарт түзбөйт. Ошо сыяктуу эле, Жахабага таянгандар «адаттан тышкаркы күчтү» ал гана бере аларына бекем ишенип, андан жардам сураса болот (2 Корунттуктар 4:7, 8).

«ТООК ЖӨЖӨЛӨРҮН КАНАТЫНЫН АСТЫНА ЧОГУЛТАТ»

Жөжөлөрүн калкалаган тоок

Иса пайгамбар өлөрүнө аз калганда жүйүттөрдүн борбор шаарын карап: «Оо, Иерусалим, пайгамбарларды өлтүрүп, өзүңө жиберилгендерди таш бараңга алган Иерусалим! Тоок жөжөлөрүн канатынын астына чогулткандай, мен да сенин балдарыңды канча ирет чогулткум келди! Бирок силер каалаган жоксуңар»,—деп кайгырган (Матай 23:37).

Канаттуу куштардын балапандарын коргогону — ички туюмга негизделген күчтүү өзгөчөлүктөрүнүн бири. Тоок сыяктуу учпаган канаттуулардын өтө сак болушу зарыл. Эгер тоок жырткыч куштардын абада айланып учуп жатканын көрсө, дароо катуу үн салып, белги берет. Ошондо коркунучту сезген жөжөлөрү тезинен чуркап келип, анын канатына корголой калышат. Күн катуу ысыганда жана катуу жаан жааганда да, тоок жөжөлөрүн канатынын астына чогултуп алат. Анын сыңарындай, Иса пайгамбар да Иерусалимдин тургундарын рухий жактан коргоп, калкалагысы келген. Бүгүнкү күндө да ал түйшүктөн, санаадан чарчап кыйналгандарды сергитип, коргогусу келет. Ошо себептен бизди өзүнө чакырат (Матай 11:28, 29).

Ооба, биз канаттуу куштардан көп нерсени «үйрөнсөк» болот. Аларга байкоо салганыңарда Ыйык Китепте алардын эмнелерге салыштырылганын эстегенге аракет кылгыла. Чабалекей жөнүндө айтылгандар Жахабага сыйынуу үчүн арналган жайларды баалоого түрткү бере берсин. Бийик учкан бүркүт жөнүндөгү мисал Кудайдан күч сурап тиленгенге түрткү берсин. Жөжөлөрүн коргогон тоок жөнүндөгү мисал бизди рухий жактан коргогусу келген Иса Машаяктын айткандарына кулак какканга түрткү берсин. Ал эми илегилек азыр кандай убакта жашап жатканыбызды баамдоого жардам берген белгилерди аңдап, сергек турууга түрткү берсин.

Көбүрөөк билиңиз

КУДАЙДАН КЕЛГЕН ЖАКШЫ КАБАР

Кудай менен канткенде ынак мамиледе боло аласыңар?

Кудайдын кандай тиленүүлөрдү угары, кантип тилениш керектиги, Кудайга канткенде жакындай аларыбыз жөнүндө окуп көргүлө.