Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  № 6 2016

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | РУХТАР ДҮЙНӨСҮНӨ ЭШИК АЧКАН АЯНДАР

Көрүнбөгөндөрдү көрсөткөн аяндар

Көрүнбөгөндөрдү көрсөткөн аяндар

Ыйык Китептеги көптөгөн жүрөк толкутарлык аяндар көзгө көрүнбөгөн асман чөйрөсүнө «баш багууга» мүмкүндүк берет. Биз аларды кылдат карап чыгууга чакырабыз. Аяндарда сүрөттөлгөн нерселердин баарын түзмө-түз түшүнбөшүбүз керек болсо да, алар бизге рухтар дүйнөсүндө кимдер жашай турганын, андан тышкары, алардын бизге кандай таасир этерин түшүнүүгө жардам берет.

ЖАХАБА — БААРЫНАН ЖОГОРУ ТУРГАН КУДАЙ

«Асманда такты турганын жана анда бирөө отурганын көрдүм. Тактыда отургандын көрүнүшү яшма ташына жана кымбат баалуу кызыл ташка окшош экен. Ал эми тактыны зымырыт ташына окшогон асан-үсөн курчап туруптур» (Аян 4:2, 3).

«Анын бүт айланасы жаркырап туруптур. Айланасындагы жаркырактын көрүнүшү нөшөр төккөн күнү булут арасынан көрүнгөн асан-үсөндөй экен. Ал Жахабанын даңкындай көрүндү» (Жезекиел 1:27, 28).

Элчи Жакан менен Жезекиел пайгамбар көргөн бул аяндарда баарынан жогору турган Жахаба Кудайдын улуулугу баса белгилениши үчүн биз оңой элестете турган нерселер: көздү уялткан асыл таштар, түркүн түстүү асан-үсөн жана даңктуу такты көрсөтүлгөн. Булардын баары Жахабанын айланасында кастарлоо сезимин туудурган кооздук, жагымдуулук жана бейкуттук өкүм сүрөрүнөн кабар берет.

Кудайдын улуулугунун ушундайча сүрөттөлүшү Кудайды даңктап ыр жазган бир пайгамбардын сөздөрүнө шайкеш келет. Ал мындай деген: «Жахаба улуу, ал зор даңкка татыктуу. Ал бардык башка кудайлардан сүрдүү. Себеби бардык элдердин кудайлары — пайдасыз кудайлар. Ал эми Жахаба асманды жараткан. Кадыр-барк менен көрк анын алдында, күч менен сулуулук ыйык жайында» (Забур 96:4—6).

Жахаба баарынан жогору турган Кудай болсо да андан тиленип, ага жакындоого чакырат жана тиленүүбүздү угарына ынандырат (Забур 65:2). Кудай бизди ушунчалык сүйөт жана чындап кам көрөт. Ошо себептен элчи Жакан: «Кудай — сүйүү»,— деп жазган (1 Жакан 4:8).

«КУДАЙДЫН ОҢ ЖАГЫНДА ТУРГАН» ИСА

«Ыйык рухка толгон [Иса Машаяктын жолун жолдогон] Степан болсо асманды карап, Кудайдын даңкын жана Анын оң жагында турган Исаны көрдү да: „Мына, мен ачылган асманды жана Кудайдын оң жагында турган адам Уулун көрүп турам“,— деди» (Элчилер 7:55, 56).

Степан ал аянды алгандан бир аз мурунураак эле Иса пайгамбар жүйүттөрдүн жетекчилеринин тукуругу менен өлүм жазасына тартылган болчу. Жогорудагы сөздөрдү Степан так ошолорго айткан. Ал аяндан Иса Машаяктын тирилгени жана  даңкка бөлөнгөнү айкын болгон. Буга байланыштуу элчи Пабыл да мындай деген: «Кудай [Жахаба]... кудуреттүү күчүн колдонуп, [Иса] Машаякты тирилткен жана аны асман чөйрөсүндө өзүнүн оң жагына отургузган. Ошондуктан ал азыркы эле эмес, келечектеги дүйнө түзүлүшүндө да бардык өкмөттөрдөн, бийликтерден, күчтөрдөн, башчылыктан жана бардык ысымдардан жогору турат» (Эфестиктер 1:20, 21).

Ыйык Китепте Иса Машаяктын жогорку абалы сүрөттөлгөндөн тышкары, анын, Жахабадай болуп, адамзатка жан-дили менен кам көрөрү айтылат. Ал жерде кызмат кылып жүргөндө оорулууларды айыктырып, өлгөндөрдү тирилткен. Өз өмүрүн курмандыкка берип, Кудайды жана адамзатты абдан сүйөрүн далилдеген (Эфестиктер 2:4, 5). Иса Машаяк азыр «Кудайдын оң жагында турат» жана жакында анын бийлигинин астында дүйнөнүн булуң-бурчунда жашаган Кудайга тил алган адамдардын баарына Кудайдын батасы төгүлөт.

КУДАЙГА КЫЗМАТ КЫЛГАН ПЕРИШТЕЛЕР

Даниел пайгамбар: «Андан ары карап турганымда, тактылар коюлуп, Күндөрү Байыркы [Жахаба] тактысына отурду... Ага миңдегендер кызмат кылып, алдында түмөндөгөндөр турду»,— деп жазган (Даниел 7:9, 10).

Даниел пайгамбар бул аяндан бир эле периштени эмес, сансыз периштелерди көргөн. Бул кандай гана жүрөк толкутарлык аян болгон! Периштелер — аң-сезимдүү, күч-кубаттуу, кереметтүү рухтар. Алардын арасында сераптар, керуптар деген даражадагы периштелер да бар. Ыйык Китепте периштелер жөнүндө 250дөн ашуун жолу айтылат.

Айрымдар кээ бир адамдар өлгөндөн кийин периште болуп, асманга кетет деп ойлошот. Бирок чынында андай эмес. Кудай периштелерди адамдарды жарата электе эле жараткан. Ал «жердин негизин жаратканда», периштелердин баары салтанаттуу үн салып, абдан сүйүнүшкөн (Аюп 38:4—7).

Ишенимдүү периштелер учурда жер жүзүндө аткарылып жаткан маанилүү ишке — Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды таратуу ишине — катышуу менен да Кудайга кызмат кылып жатышат (Матай 24:14). Алардын бул ишке кантип катышары тууралуу Жакан пайгамбар мындай деген: «Мен асмандын ортосунда учуп бараткан башка периштени көрдүм. Жер бетинде жашагандарга, бардык улуттарга, урууларга,  тилдерге жана элдерге жарыялаш үчүн анда түбөлүк жакшы кабар бар экен» (Аян 14:6). Периштелер азыр, байыркы убактагыдай болуп, адамдар менен сүйлөшпөсө да, Кудайдын кабар айтып жүргөн кызматчыларын жүрөгү таза адамдарга багыттап турушат.

МИЛЛИОНДОГОНДОРДУ АДАШТЫРГАН ШАЙТАН

«Асманда согуш чыкты: Микеил [Иса Машаяк] менен анын периштелери ажыдаар менен согушушту. Ажыдаар да өзүнүн периштелери менен аларга каршы согушту, бирок жеңилип калды. Андан ары аларга асмандан орун табылган жок. Ошентип, бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн байыркы жылан, Ибилис жана Шайтан деп аталган чоң ажыдаар, жерге кулатылды, аны менен кошо периштелери да кулатылды» (Аян 12:7—9).

Асманда дайыма эле тынчтык өкүм сүргөн эмес. Адамзат тарыхынын башында бир периште баарынын ага сыйынышын самап, Жахабага каршы чыгып, Шайтан болуп калган. «Шайтан» деген сөз «душман» дегенди билдирет. Кийинчерээк башка периштелер да ага кошулуп кетишкен. Каардуу ал душмандар Жахаба Кудайга каршы айыгышкан согуш жүргүзүүдө жана адамдардын басымдуу бөлүгүн мээримдүү Жахабанын жолунан чыгарууда.

Шайтан менен анын жин-перилери абдан бузулган жана мыкаачы. Алар — адамзаттын душманы. Азап-кайгынын болушуна, негизинен, алар себепкер. Алсак, Шайтан Аюп пайгамбардын кулдарын, малын өлтүрткөн. Андан кийин «катуу шамал» жиберип, Аюп пайгамбардын он баласы отурган үйдү талкалаган. Ошентип, пайгамбардын балдары үйдүн астында калып өлгөн. Акырында Аюптун өзүн «таманынан төбөсүнө чейин коркунучтуу жара менен жабыркаткан» (Аюп 1:7—19; 2:7).

Бирок жакында Шайтан жок кылынат. Ал жерге куулуп түшкөндөн бери «убактысынын аз калганын билет» (Аян 12:12). Ооба, Шайтанга өкүм чыгарылган. Бул — чын эле сонун кабар!

АСМАНГА БАРА ТУРГАНДАР

«Сен [Иса Машаяк]... ар бир уруудагы, элдеги, улуттагы, ар кандай тилде сүйлөгөн адамдарды Кудайга бериш үчүн сатып алдың да, аларды Кудайыбызга падышалар жана дин кызматчылар кылдың. Алар жер үстүнөн падышалык кылышат» (Аян 5:9, 10).

Иса Машаяк тирилип, асманга кеткендей эле, айрым кишилер да тирилип, асманга кетет. Иса Машаяк ишенимдүү элчилерине: «Мен силерге орун даярдаганы баратам. Барып,.. кайра келем да, силер да менин жанымда болушуңар үчүн, силерди алып кетем»,— деп айткан (Жакан 14:2, 3).

Алар асманга белгилүү бир максат менен барышат. Алар Кудай негиздеген өкмөттүн — Иса Машаяк менен бирге падышалык кыла тургандардан турган өкмөттүн — курамына киришет. Ал өкмөт бүт жер жүзүндө жашай турган адамдарга бийлик жүргүзүп, Кудайдын ой-ниетин ишке ашырат. Иса пайгамбар жолдоочуларына Кудайдан кантип тилениш керектигин үйрөтүп жатканда так ушул өкмөт жөнүндө мындай деп тиленген: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын» (Матай 6:9, 10).

АСМАНГА БАРГАНДАР ЭМНЕ ИШ КЫЛЫШАТ?

Жакан пайгамбар: «Тактыдан мындай деген катуу үндүн чыкканын уктум: „Мына, Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот... Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти“»,— деп жазган (Аян 21:3, 4).

Бул аян Кудайдын Падышалыгы — Иса Машаяк жана тирилип, асманга баргандардан турган өкмөт — Шайтандын бийлигин кулатып, жерди бейишке айлантарын билдирет. Адамзатты кайгыга салып, азап тарттырып жаткан нерселердин баары жок болот. Атүгүл өлүм жок кылынат.

Ал эми көзү өтүп кеткен, бирок тирилгенден кийин асманга кетпей турган миллиондогон адамдар эмне болот? Алар келечекте бейишке айланган жерде түбөлүк жашоо үчүн тирилишет (Матай 5:5).

Бул аяндар Жахаба Кудай, Иса Машаяк, ишенимдүү периштелер жана асманга баргандар чындап биздин жыргалчылыгыбызды көздөөрүнө ынандырат. Бул жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү менен байланышсаңар болот. Же www.jw.org/ky деп аталган расмий веб-сайтыбызга кирип, «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» китебин жүктөп алсаңар болот.

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Эмне үчүн тиленишим керек? Кудай тилегимди орундатабы?

Кудайдын тиленген нерсеңизди орундатар-орундатпасы көбүнчө өзүңүздөн көз каранды.

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Иса пайгамбар жөн эле жакшы киши болгонбу?

Эмне себептен назареттик Иса тарыхтагы эң таасирдүү адам болгон?

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Кудайдын Падышалыгы башкарганда, жерде кандай өзгөрүүлөр болорун окуп көрүңүз.

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Шайтан Ибилис чынында эле барбы?

Шайтан Ибилис жөн гана адамдын ичиндеги жамандыкпы?