Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  № 5 2017

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ПЕРИШТЕЛЕР ЧЫН ЭЛЕ БАРБЫ? МУНУ БИЛҮҮ МААНИЛҮҮБҮ?

Периштелер жашооңорго таасир этеби?

Периштелер жашооңорго таасир этеби?

Бир жолу жекшемби күнү түштөн кийин Кюрасаодо жашаган Кеннет менен Филомена алар менен Ыйык Китепти изилдеп жүргөн жубайлардын үйүнө барышкан.

«Алардыкына барсак, үйү бек туруптур, машинеси да жок экен. Бирок бир нерсе түрткү берип, аялынын телефонуна чалдым»,— дейт Кеннет.

Аял телефондон күйөөсүнүн жумушта экенин айткан. Анан Кеннет менен Филоменанын эшиктин алдында турганын билгенде сыртка чыгып, экөөнү ичкери киргизген.

Алар анын ыйлаганын дароо эле байкашкан. Кеннет изилдөөнүн алдында тилене баштаганда, аял дагы ыйлап кирген. Ошондо жубайлар андан эмне болгонун жылуу-жумшак сурашкан.

Аял так ошол күнү түштөн кийин өзүн өлтүрүүнү ойлонуштуруп, күйөөсүнө кат жазып жатканда, Кеннеттин телефон чалып калганын айткан. Көрсө, ал депрессиядан кыйналып жүргөн экен. Ошондуктан экөө ага Ыйык Китептен жубатарлык аяттарды окуп, түшүндүрүп беришкен. Мунун аркасында анын өмүрүн сактап калышкан.

Кеннет мындай дейт: «Бизге кайгыга малынып, тунук ой жүгүртө албай калган ошол аялга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк бергени, айрыкча, ага телефон чалганга түрткү бергени үчүн Жахабага аябай ыраазы болдук. Ал бизди периштеси же ыйык руху аркылуу жетектеди окшойт» *.

Кеннет менен Филоменанын Кудайдын аларды периштеси же ыйык руху, башкача айтканда, иш-аракет кылуучу күчү аркылуу жетектегенине ишенгени туурабы? Же Кеннеттин өз убагында чалып калганы жөн эле кокустук болгонбу?

Муну так айта албайбыз. Бирок бир билгенибиз, Кудай адамдарга рухий жактан жардам берүү үчүн периштелерин колдонот. Алсак, Ыйык Китепте Кудайдын анын Сөзүндө жазылгандарды түшүнгүсү келген эфиопиялык төрөгө жардам берүү үчүн Филип деген кызматчысын периштеси аркылуу жетектегени айтылат (Элчилер 8:26—31).

Ар кайсы диндерде табияттан тыш рухий жаратуулардын бар экени жана алардын айрымдары Кудайдын эркин аткарары же адамдарды колдоп жүрөрү жөнүндө окуулар бар. Көптөр периштелердин бар экенине эле эмес, алардын жашоосуна чоң таасир этерине да ишенишет. Анткен менен айрымдар периштелерге такыр ишенбейт.

Периштелер чын эле барбы? Бар болсо, кайдан пайда болушкан? Ыйык Китепте алар жөнүндө эмне делет? Алар жашооңорго таасир этеби? Буга байланыштуу айрым далилдерге токтололу.

^ 8-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).