Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 4 2016

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТООДОЙ ТОСКООЛДУКТУ БАСЫП ӨТКӨН КИТЕП

Маанилүү маалымат

Маанилүү маалымат

Диний китептердин ичинен Ыйык Китепке бир да китеп тең келбейт. Андан башка бир да китеп ушунча узак убактан бери ушунчалык көп адамдын ишенимин калыптай алган жок. Ошентсе да бир да китеп мынчалык изилденип, сынга алынган эмес.

Алсак, айрым окумуштуулар учурдагы Ыйык Китептин түп нускадан так көчүрүлгөнүнө шектенишет. Диндерди изилдеген бир профессор: «Түп нускада кандай болсо, так ошондой көчүрүлгөн Ыйык Китеп бар деп ишенимдүү түрдө айта албайбыз. Бизде көчүрүлүп жатканда толтура ката кеткен жана көбү түп нуска жазылганынан бир нече кылым өткөндөн кийин көчүрүлгөн, ошондой эле түп нускадан миң эсе айырмаланган гана Ыйык Китеп бар»,— деп айткан.

Адамдын Ыйык Китептин так, ишенүүгө татыктуу экенине күмөн санашына дини да таасир этет. Мисалы, Файзлдын үй-бүлөсүндө Ыйык Китеп Кудайдын Сөзү болсо да, бурмаланган деп эсептелчү. Ал: «Айрымдар Ыйык Китеп тууралуу сөз кылып калганда айткандарына көп ишенчү эмесмин. „Азыр Ыйык Китептин түп нускасы жок да. Учурдагы Ыйык Китептин баары бурмаланган“ деп ойлой берчүмүн»,— дейт.

Ыйык Китептин өзгөрүлгөн-өзгөрүлбөгөнүн аныктоо зарылбы? Ооба, анткени Ыйык Китептеги келечекке байланыштуу убадалардын түп нускада жазылганына ынанбасак, аларга ишене албайбыз (Римдиктер 15:4). Ошондой эле азыркы Ыйык Китеп бурмаланган болсо, жумушка, үй-бүлөгө, сыйынууга байланыштуу олуттуу чечим чыгарууда андагы кеңештерди колдонуу пайдасыз болуп калмак.

Ыйык Китептин түп нускасы барган сайын жоголуп баратса да, учурдагы Ыйык Китепти байыркы көчүрмөлөргө анын ичинде кол менен көчүрүлгөн кол жазмаларга салыштыра алабыз. Ал кол жазмалар чирип кетпестен жана аларды жок кылууга, бурмалоого аракет кылынганына карабастан, кантип сакталып калган? Алардын ушундайча сакталып калганы учурдагы Ыйык Китептин так экенине кандайча ынандырат? Бул суроолордун жообун кийинки макалалардан карап чыгабыз.