Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 4 2016

Зордук-зомбулук токтойбу?

Зордук-зомбулук токтойбу?

Өзүңөр же үй-бүлөңөрдөн кимдир бирөө зордук-зомбулукка кабылды беле? Же «кабылышым мүмкүн» деп коркууга себеп барбы? Учурда зордук-зомбулук «күч алып бараткан дүйнөлүк көйгөй» деп эсептелет. Зомбулуктун айрым түрлөрүнө токтололу.

ҮЙ-БҮЛӨДӨГҮ ЖАНА ЖЫНЫСТЫК ЗОМБУЛУК: «Үч аялдын бири чогуу жашаган эркек тарабынан зомбулукка туш болот,— деп билдирет Бириккен Улуттар Уюму.— Өкүнүчтүүсү, беш аялдын бири зордукталат же зордуктоо максатында кылынган зомбулукка кабылат».

КӨЧӨДӨГҮ КЫЛМЫШ: Билдирүүлөргө ылайык, АКШда 30 000ден ашык ырайымсыз кылмыштуу топ бар. Латын Америкасында дээрлик үч кишинин бири мыкаачылык менен коштолгон зомбулукка туш болот.

КИШИ ӨЛТҮРҮҮ: 2012-жылы жарым миллиондой кишинин, согушта курман болгондордон да көп кишинин, бирөөнүн колунан каза тапканы маалым болгон. Түштүк Африка менен Борбордук Америкада өлтүрүлгөндөрдүн саны дүйнө жүзү боюнча өлтүрүлгөндөрдүн орточо санынан 4 эсе көп. Латын Америкасында бир жылда 100 000ден ашуун, Бразилиянын өзүндө эле 50 000дей кишинин жаны кыйылат. Анда кылмыштуулукту жоюу колдон келчү ишпи?

ЗОМБУЛУКТУ ТОКТОТУУ МҮМКҮНБҮ?

Зордук-зомбулук эмне үчүн күч алууда? Анын ээ-жаа бербей жайылышына социалдык, экономикалык теңсиздик, башкалардын өмүрүн баалабагандык, аракечтик, баңгилик, балдарды жемине айлантууну көздөгөн кара ниет кишилер жана кылмышкерлердин жазасыз калгандай көрүнгөнү себеп болууда.

Албетте, дүйнөнүн айрым бөлүктөрүндө зомбулукту жоюуга жумшалган аракет ийгиликке жетүүдө. Мисалы, билдирүүлөргө ылайык, эл жыш отурукташкан Сан-Паулу (Бразилия) шаарында акыркы он жылдыкта киши өлтүрүү фактысы 80 пайызга төмөндөгөнү байкалган. Бирок ал шаарда кылмыштуулуктун ырайымсыздык менен коштолгон башка түрлөрү азайган эмес жана 100 000 тургундун ону киши колдуу болгону катталган. Анда зордук-зомбулукту жоюу мүмкүнбү?

Ал үчүн адамдар көз карашын, жүрүм-турумун оңдошу керек. Алсак, зомбулукчул кишилер текебердик, ач көздүк, өзүмчүлдүк деген сыяктуу кемчиликтерден арылып, башкаларды сүйүүгө, урматтап-сыйлоого жана камкор болууга үйрөнүшү зарыл.

Адамга кулк-мүнөзүн толугу менен өзгөртүүгө эмне түрткү бере алат? Ыйык Китепте эмне делерине көңүл бурсаңар:

Кудайды сүйүү жана анын ырайымынан ажырап калуудан коркуу — адамга, атүгүл зөөкүр кылмышкерге да ишин эле эмес, жан дүйнөсүн,  кулк-мүнөзүн толук өзгөртүүгө түрткү бере алган зор күч. Буга далил барбы?

Бир нече жолу курал менен кол салганы үчүн Бразилиянын түрмөсүндө 19 жыл отурган Алексти * мисал келтирсек. Ал Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, 2000-жылы Жахабанын Күбөсү болгон. Ал чын эле оңолгонбу? Ооба, Алекс мурун кылган жаман иштерине аябай өкүнөт. Ал: «Кудайдын мени айкөлдүк менен кечиргенине абдан ыраазымын. Кудайга болгон сүйүү жана ыраазычылык сезими мага өзгөрүүгө түрткү берди»,— дейт.

Бразилиялык Сэзар 15 жылдан көп убакыт бою үйлөргө уурулукка кирип, курал колдонуп тоночу. Бирок анын ошол жолдон бурулушуна эмне себеп болгон? Түрмөдө отурган кезде ал Жахабанын Күбөлөрү менен байланышып, Ыйык Китепти изилдей баштаган. Сэзар мындай дейт: «Өмүрүмдө биринчи жолу жашоонун маңызы эмнеде экенин түшүндүм. Кудайга болгон сүйүүм өрчүдү. Андан коркууга — ага жакпаган ишти кайрадан кылып, аны капалантып алуудан коркууга — үйрөндүм. Анын жакшылыктарын баалабай калгым келбейт. Кудайды сүйгөндүктөн, андан корккондуктан оңолгум келди».

Канткенде зомбулук жок дүйнөдө жашай аласыңар?

Бул эмнени көрсөтүп турат? Ыйык Китеп адамдын ой жүгүртүүсүнө таасир этип, аны толугу менен өзгөртө алат (Эфестиктер 4:23). Жогоруда айтылган Алекс: «Ыйык Китептен билгендерим мени тазартып, акырындык менен жаман ойлорумду жууп кетирген суудай эле болду. Андай ойлордон арылам деп эч ойлогон эмесмин»,— деп кошумчалайт. Ооба, Ыйык Китепте жазылгандар акылыбызга толгондо жаман нерселерди сүрүп чыгарат. Кудай Сөзү «жууп-тазалай» турган күчкө ээ (Эфестиктер 5:26). Ал таш боор, өзүмчүл кишини да өзгөртүп, боорукер, тынчтыкты сүйгөн кишиге айланта алат (Римдиктер 12:18). Андай адам Ыйык Китептеги кеңештерди колдонгондуктан бейкуттукта жашайт (Ышая 48:18).

240 өлкөдөгү 8 миллиондон ашык Жахабанын Күбөсү зордук-зомбулукту жок кылса болоруна көзү жетүүдө. Дүйнө жүзүндөгү расасы, социалдык абалы, тек-жайы ар кандай адамдар Кудайды сүйүп, андан коркууга жана башкаларды сүйүүгө, бир туугандардай болуп, биримдикте жашоого үйрөнүүдө (1 Петир 4:8). Алар зордук-зомбулуктан арылуу толук мүмкүн экенин далилдеп жатышат.

ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК БОЛБОЙ ТУРГАН ЗАМАНГА АЗ КАЛДЫ!

Ыйык Китепте Кудайдын жакында зордук-зомбулукту жок кылары айтылат. Бүгүнкү күндөгү зомбулукка толгон дүйнөнү «ыймансыз адамдар жок боло турган сот күнү» күтүп турат (2 Петир 3:5—7). Ошол сот күнүнөн кийин кара мүртөз адамдардын бири да болбойт. Кудай чын эле зордук-зомбулукту жок кылгысы келет деп эмне үчүн айта алабыз?

Ыйык Китепте: «Зордук-зомбулукту жакшы көргөндөрдү анын [Кудайдын] жаны жек көрөт»,— деп айтылат (Забур 11:5). Кудай тынчтыкты, адилеттикти сүйөт (Забур 33:5; 37:28). Ошо себептен ал зөөкүр, кылмышкер адамдарды түбөлүккө жок кылат.

Ооба, зордук-зомбулук болбой турган заманга аз калды (Забур 37:11; 72:14). Ошондуктан ал заманда жашаш үчүн эмне кылыш керектиги жөнүндө көбүрөөк билип көргүлө.

^ 14-абз. Ысымдар өзгөртүлдү.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жерге тынчтык кантип орнойт?

Кудайдын өзүнүн өкмөтү аркылуу жерге тынчтык орнотом деген убадасын кантип аткарарын окуп көрүңүз.

Ыйык Китепте зордук-зомбулук жөнүндө эмне делет?

Кудай зордук-зомбулукка кандай карайт? Зомбулукка жакын адамдар өзгөрө алабы?