Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  № 4 2016

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Ыйык Китепте эмне деп айтылат?

Динди адамдар ойлоп чыгарып алганбы?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ? Айрымдар динди адамдар эле ойлоп чыгарып алган деп ойлошот. Кээ бирөөлөр болсо динди Кудай негиздеген жана дин аркылуу ага жакын болобуз дешет.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ?

Ыйык Китептен Кудайдын көз алдында «арам деп эсептелбеген таза» дин бар экенин билүүгө болот (Жакып 1:27). Таза, чыныгы дин — бул Кудай негиздеген дин.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?

  • Кудайга жаккан диндин окуулары Ыйык Китепке негизделиши керек (Жакан 4:23, 24).

  • Адамдардын оюна, салтына негизделген дин чыныгы дин эмес (Марк 7:7, 8).

Сөзсүз эле кайсы бир динде болуш керекпи?

ЭМНЕ ДЕП ЖООП БЕРЕТ ЭЛЕҢЕР?

  • Ооба

  • Жок

  • Билбейм

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕП АЙТЫЛАТ?

«Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү» (Еврейлер 10:24, 25). Кудай ага сыйынгандардын чогулуп турушун каалайт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕН ДАГЫ ЭМНЕЛЕРДИ БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?

  • Кудайга чогуу сыйынгандар бир пикирде жана биримдикте болушу керек (1 Корунттуктар 1:10, 11).

  • Кудайга жаккан динди туткандар, дүйнөнүн чар тарабында жашашса да, бир туугандардай болушат (1 Петир 2:17).

 

Көбүрөөк билиңиз

СУРООЛОР ЖАНА ЖООПТОР

Чыныгы динди кантип тапса болот?

Чыныгы динди бизге жакканы боюнча аныкташыбыз керекпи?

КУДАЙДАН КЕЛГЕН ЖАКШЫ КАБАР

Ыйык Китепте дин жөнүндө эмне делет?

Адамдардын баары жалгыз чыныгы Кудайга биримдикте сыйына турган убак келеби?

Ыйык Китепте чынында эмне делет?

Кайсы дин Кудайга жагат?

Кайсы алты белги чыныгы динди туткандарды айырмалоого жардам берерин окуп көргүлө