Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 1 2016

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЧЫНЧЫЛ БОЛУУНУН ПАЙДАСЫ

Чынчыл эместиктин зыяны

Чынчыл эместиктин зыяны

«Анча-мынча чынчыл эмес болуп койсоң эле, чечилип кала турган кыйын жагдайлар көп болот» (Саманта, Түштүк Африка).

Ушуга кошуласыңарбы? Самантага окшоп, баарыбыз эле ушундай кыйын жагдайларга туш болуп көргөнбүз. Андайда кандай иш кылганыбыздан эмнени баалаарыбыз айкын билинет. Маселен, өз кадырыбызды сактап калуу биз үчүн баарынан маанилүү болсо, чынчылдыкка жатпаган ишке оңой эле барышыбыз мүмкүн. Бирок баары ачыкка чыкканда, ошенткенибиздин арты көбүнчө кесепеттүү болот.

ИШЕНИЧТЕН КЕТИРЕТ

Мамиле ишеничке негизделет. Адамдар бири-бирине ишенгенде гана өздөрүн коопсуз сезишет. Ишенич болсо бир күндө эле пайда боло калбайт. Ал адамдар бирге убакыт өткөрүп, бири-бири менен ачык-айрым сүйлөшкөндө жана бири-биринин жыргалчылыгын көздөгөндө түптөлөт. Анткен менен чынчылдыкка жатпаган бир эле сөз же иш ишеничтин тамырын кыйып салышы ыктымал. Андайда баарын калыбына келтирүү аябай кыйын болушу мүмкүн.

Жакын досуңар деп эсептеген кишиңер алдап койгон учурлар болду беле? Эгер болсо, өзүңөрдү кандай сездиңер эле? Силерди сатып кеткендей сезилип, жаман болгонуңар шексиз. Ооба, чынчыл эместик эң ынак мамиленин да пайдубалына доо кетирет.

«ЖУГАТ»

Калифорния университетинде экономика боюнча профессор Роберт Иннес жүргүзгөн изилдөөдөн «чынчыл эместиктин жугуштуу экени» аныкталган. Аны вируска окшоштурса болот: алдамчылар менен канчалык көп мамилелешсеңер, алардын ошол «оорусун» жуктуруп алуу ыктымалдыгы ошончолук жогору болот.

Чынчыл эместиктин торуна түшүп калбоо үчүн эмне кылуу керек? Бул жагынан бизге Ыйык Китеп жардам бере алат. Эмесе, андагы айрым принциптерге токтололу.