Мазмунун көрсөтүү

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

Күзөт мунарасы  |  № 1 2016

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЧЫНЧЫЛ БОЛУУНУН ПАЙДАСЫ

Чынчылдыктын пайдасы

Чынчылдыктын пайдасы

«Бардык жагынан чынчыл болууну каалагандыктан биз абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз» (Еврейлер 13:18).

Ыйык Китептин түп нускасында колдонулган, кээде «чынчылдык» деп которулган грек сөзү сөзмө-сөз табиятынан жакшы нерсени билдирет. Ошондой эле суктанып карай тургандай моралдык маанидеги сулуулук дегенди туюнтат.

Исанын жолдоочулары элчи Пабылдын «бардык жагынан чынчыл болууну каалайбыз» деген жогорудагы сөздөрүнө олуттуу карашат. Бул өз ичине эмнени камтыйт?

ИЧТЕГИ КҮРӨШ

Бардык эле адамдар үйүнөн чыгарда эртең мененкисин күзгүгө каранат. Себеби баары эле сырткы көрүнүшүнүн жакшы болушун каалайт. Бирок өзгөчө стилде кыркылган чачтан же саркеч кийимден алда канча маанилүү нерсе бар. Чынында, сырткы келбетибизди сулуу кылган да, бузган да — ички дүйнөбүз.

Кудайдын Сөзүндө адамдардын баары жамандык кылууга жакын келери ачык айтылган. Башталыш 8:21де: «Адамдын жүрөгү жаштайынан эле жамандыкка жакын»,— деп жазылган. Андыктан чынчыл болгубуз келсе, күнөөгө түртүп турган тубаса каалообуз менен күрөшүшүбүз керек. Элчи Пабыл: «Жүрөгүмдө Кудайдын мыйзамынан ырахат алам, ал эми денемде башка мыйзам бар экенин көрүп турам. Бул мыйзам акылымдагы мыйзамга каршы күрөшүп, мени денемдеги күнөөнүн мыйзамына туткун кылып келет» — деп, ошондой күрөштү эң сонун сүрөттөгөн (Римдиктер 7:22, 23).

Алсак, жүрөгүбүз жаман ойго түртүп, чынчылдыкка жатпаган нерсени кылууга азгырык күч болгон күндө да, жүрөгүбүздүн каалоосуна жетеленүүгө милдеттүү эмеспиз. Андайда ага багынуу да, багынбай коюу да өз эркибиз. Эгер жаман ойго алдырбай, аны четке каксак, алдамчылыкка толгон чөйрөдө жашасак да, чынчыл бойдон кала алабыз.

ЖЕҢҮҮ

Чынчыл болуу үчүн бизде адеп-ахлак нормалары болушу зарыл. Бирок, тилекке каршы, көптөр адеп-ахлак нормалары жөнүндө ойлонууга караганда кандай кийинсем деп, «кийинүү нормалары» жөнүндө көбүрөөк ойлонушат. Ошондуктан өздөрүнө оңтойлуу болгондо чынчылдыкка жатпаган ишке барып, өздөрүн оңой эле актап коюшат. «Чынчыл эместик жөнүндөгү чындык» деген бир китепте: «Адатта биз башкаларды өзүбүздү чынчыл адам катары сезбей баштаганчалык деңгээлге чейин гана алдайбыз жана ал чектен ашпайбыз»,— делген («The (Honest) Truth About Dishonesty»). Анда канчалык деңгээлде чынчыл эмес болсок болорун — эгер деги эле болсо — аныктоого жардам берген эң туура норма барбы? Ооба, бактыга жараша, бар.

Дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдар андай норма Ыйык Китепте камтылган деп эсептешет. Андагы адеп-ахлак нормаларын башка бир да норма менен салыштырып болбойт (Забур 19:7). Ыйык Китеп үй-бүлөлүк жашоо, жумуш, адеп-ахлактуулук  жана Кудайга сыйынуу сыяктуу жашоонун ар кандай тармактарында эң сонун багыт берет. Ал — мезгил сынагынан өткөн китеп. Ыйык Китептеги мыйзам-принциптерди бардык улуттагы, расадагы адамдар колдоно алат. Эгер аны окуп-изилдесек, анда жазылгандар жөнүндө ой жүгүртсөк жана аларды иш жүзүндө колдонсок, чынчылдыкка, адилдикке үйрөнө алабыз.

Анткен менен анткор жүрөгүбүз менен болгон күрөштө жеңишке жетиш үчүн Ыйык Китептен алган билим жетишсиз. Себеби биз бардык жагынан бузулган жана өзүнүн нормаларын таңуулаган дүйнөдө жашап жатабыз. Андыктан дүйнөнүн кысымына алдырбаш үчүн Кудайдан жардам сурап тиленишибиз керек (Филипиликтер 4:6, 7, 13). Ошентсек, чындыкты бекем жактоого жана бардык жагынан чынчыл болууга күч-кайратыбыз болот.

ЧЫНЧЫЛ БОЛУУНУН ПАЙДАСЫ

Башында сөз кылынган Хитоши чынчылдыгынын пайдасын көргөн. Ал азыр анын чынчылдыгы жогору бааланган жумушта иштейт. «Абийиримди булгабаган жумуш тапканыма аябай сүйүнөм»,— дейт Хитоши.

Бул жападан жалгыз мисал эмес. Келгиле анда, «бардык жагынан чынчыл болгула» деген Ыйык Китептеги принципти колдонуп, анын пайдасын көргөн дагы башка адамдардын мисалына токтололу.

  • Таза абийир

    «Мен 13 жашымда эле мектепти таштап, ууруларга кошулуп кеткем. Тапканымдын 95 пайызы уурдалган нерселерден түшкөн акча болчу. Кийинчерээк турмушка чыгып, жолдошум экөөбүз Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китеп изилдей баштадык. Ыйык Китептен Жахаба * Кудайдын алдамчылыкты жек көрөрүн билдик. Ошондуктан жашообузду өзгөртүүнү чечтик. Анан 1990-жылы өмүрүбүздү Жахаба Кудайга арнап, Жахабанын Күбөсү болдук (Накыл сөздөр 6:16—19).

    Мурун үйүмдө уурдалган буюмдар толтура болсо, азыр жок. Ошондуктан абийирим таза. Мурунку жашоомду эстегенде Жахабанын мага зор ырайым көрсөткөнүнө аябай ыраазы болом. Азыр Жахаба Кудайга жаккыдай жашап жатканымды билгендиктен ар бир күндүн аягында канааттанууну сезем» (Шерил, Ирландия).

    «Жумуштагы жетекчим кардарлардын бири мага пара сунуш кылганда албай койгонумду билгенде: „Ушундай чынчыл болгонуң — Кудайыңдын таалим-тарбиясы! Арабызда сендей жумушчу болгону кандай жакшы“,— деген. Бардык жагынан чынчыл болгонум мага Жахаба Кудайдын алдында абийиримди таза сактоого жардам берип келет. Ошондой эле ушунун аркасында үйдөгүлөрдү жана башкаларды да чынчыл болууга үндөй алам» (Сонни, Гонконг).

  • Жан дүйнө тынчтыгы

    «Мен эл аралык банкта жетекчинин орун басары болуп иштейм. Бул тармакта байлык топтоо чынчыл болуудан алда канча маанилүү деп эсептелет. Ошондуктан: „Экономиканын пайдасы үчүн анча-мынча алдап койгондун эмнеси жаман?“ — деген көз караш кеңири жайылган. Бирок мен андай көз карашта эмесмин, ошондуктан жан дүйнөм тынч. Мен, кандай болбосун, эч качан алдамчылыкка барбайм деп чечип алгам. Жумуш берүүчүлөрүм аларды да, алардын суранычы боюнча башкаларды да алдабай турганымды билишет» (Том, АКШ).

  • Өзүн-өзү сыйлоо сезими

    «Бир жолу жумушумдагы көзөмөлчүм айрым жоголуп кеткен нерселер жөнүндө калп айтып коюшумду суранды, бирок мен макул болбой койдум. Кийин уурулар табылганда, жумуштагы башчыбыз чынчылдыгыма ыраазычылыгын билдирди. Албетте, алдамчылыкка толгон дүйнөдө чынчыл болуш үчүн кайрат керек. Бирок чынчыл болсок, башкалардын ишеничине жана сый-урматына ээ болобуз» (Каори, Жапония).

Таза абийир, жан дүйнө тынчтыгы, өзүн-өзү сыйлоо сезими чынчыл болуунун пайдасы чоң экенин далилдеп турат. Силер ушуга кошуласыңарбы?

^ 18-абз. Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат.

Көбүрөөк билиңиз

ОЙГОНГУЛА!

Көөнөрбөс баалуулуктар. Чынчылдык

Ракелге жумуш берүүчүсүн алдап, акча табууну сунушташкан. Бирок ал акчадан да маанилүү нерсеге ээ болууну каалаган.

КУДАЙДАН КЕЛГЕН ЖАКШЫ КАБАР

Кудайдын мыйзамдары бизди кандайча коргойт?

Иса пайгамбар эмне үчүн жетекчиликке муктаж экенибизди жана эң маанилүү эки осуят кайсы экенин айткан.