Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 3 2016

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЖАКЫНЫҢАРДАН АЙРЫЛГАНДА...

Күйүттү көтөрүү

Күйүттү көтөрүү

Буга байланыштуу кандай гана кеңештер берилбейт. Бирок баарынын эле жардамы тие бербейт. Маселен, айрымдар ыйлабашыңар же сезимдериңерди көрсөтпөшүңөр керектигин айтышы мүмкүн. Башкалар болсо, тескерисинче, баарын сыртка чыгаруу керектигин айтышат. Ыйык Китеп бул жагынан тең салмактуу болууга жардам берет. Тең салмактуу болуунун тууралыгын акыркы изилдөөлөр да ырастоодо.

Кээ бир маданияттарда эркектердин ыйлаганы уят эсептелет. Бирок чын эле эркектер, өзгөчө, элдин көзүнчө ыйлабашы керекпи? Психикалык саламаттык боюнча адистердин айтымында, кайгы учурунда ый боло турчу табигый нерсе жана убакыттын өтүшү менен кишиге, кайрадан өзүнө келип, жашоосун уланта берүүгө жардам берет. Ал эми ичте сактоонун пайдасынан зыяны көп болушу мүмкүн. Ыйык Китепте күйүт тарткандардын ыйлаганы туура эмес же уят экенин көрсөткөн бир да аят жок. Мисалга Иса пайгамбарды алалы. Өлгөндөрдү тирилте ала тургандай күчкө ээ болсо да, ал жакын досу Лазар өлгөндө көз жашын жашырган эмес (Жакан 11:33—35).

Күйүт тартып жаткандарга, айрыкча, жакынынан күтүүсүздөн айрылып калгандарга ачуулануу да мүнөздүү. Буга бирөөнүн ойлонбой же негизсиз айткан сөздөрү себеп болушу ыктымал. «Атам өлгөндө, болгону, 14 жашта болчумун,— дейт Түштүк Африкада жашаган Мик.— Анын сөөгүн коюп жатканда чиркөө кызматчысы, жакшы кишилер Кудайга керек болгондуктан, аларды эрте эле алып кетерин айтты *. Ушуну укканда: „Атам, эмне, бизге керек эмес бекен?!“ — деп аябай ачуум келген. Андан бери 63 жыл өтсө да, өзөгүм өрттөнө берет».

Жакынынан айрылгандар өздөрүн күнөөлүү сезиши да ыктымал. Өзгөчө, өлүм күтпөгөн жерден болгондо, алар: «Мен минткенде же тигинткенде мындай болмок эмес»,— деп бушайман боло бериши мүмкүн. Же өлгөн киши менен акыркы ирет көрүшкөндө уруша кеткен болсо, ого бетер кыйналышы этимал.

Эгер силер да ачууланып же өзүңөрдү күнөөлөп жатсаңар, аны ичиңерге катпай, силерди кунт коюп уккан жана андай нерсе күйүт тарткандардын көбүнө мүнөздүү экенине ынандыра ала турган жакын досуңарга айткыла. Ыйык Китепте: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 17:17).

Күйүт тарткан адамга Жараткан Жахаба Кудай эң жакшы дос боло алат. Ал аябай камкор, ошондуктан ага жүрөгүңөрдөгүнү төккүлө (1 Петир 5:7). Кудай ушундай кылгандарды «ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгына» бөлөөрүн убада кылган (Филипиликтер 4:6, 7). Ошондой эле жүрөктөгү дартыңарды айыктыра ала турган сөздөр камтылган Ыйык Китепти окугула. Андагы жубатарлык аяттарды жазып алгыла ( «Жубатарлык аяттар» деген  кутучаны карагыла). Алардын кээ бирлерин жаттап да алаттырсыңар. Ал аяттар жөнүндө ой жүгүртүү, өзгөчө, уйкуңар качканда жардам бериши мүмкүн (Ышая 57:15).

40 жаштагы Жэктин сүйүктүү жубайы жакында эле рак оорусунан каза болуп калган. Анын жалгыздыктан кыйналган учурлары болот. Андайда Жэкке Кудайдан тиленүү жардам берет. Ал: «Жахабадан тиленгенде жалгызсырабай калам. Түндө ойгонуп алып уктай албай кыйналган учурларым көп болот. Андайда жубатарлык аяттарды окуп, ой жүгүртөм, жүрөгүмдөгүнүн баарын Кудайга төгөм. Ошондон кийин жан дүйнөм тынчтанып, уктап калам»,— дейт.

Апасы ооруп каза болгон Ванесса да тиленүүнүн зор күчкө ээ экенине ынанган. Ал мындай дейт: «Аябай кыйналганда Кудайдын атынан башка эч нерсе айта албай, ыйлай берчүмүн. Жахаба Кудай ар дайым мени угуп, күч-кубат берчү».

Күйүттү көтөрүүгө байланыштуу кеңеш берген адистер башкаларга жакшылык кылуу же коомго пайдасы тийген иштерге катышуу жардам берерин айтышат. Андай нерселер кубаныч тартуулап, күйүттү жеңилдетиши мүмкүн (Элчилер 20:35). Жахаба Кудайга кызмат кылган, жакынынан айрылган замандаштарыбыз да буга өз тажрыйбасынан ынанып келет (2 Корунттуктар 1:3, 4).

^ 5-абз. Ыйык Китеп бул көз карашты колдобойт. Анда адамдын эмне үчүн өлөрү жазылган (Насаатчы 9:11; Жакан 8:44; Римдиктер 5:12).