Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 3 2016

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА

Жакыныңардан айрылганда...

Жакыныңардан айрылганда...

«Ыйлаба, алтыным... Канткенде жакшы болорун Кудай баарынан жакшы билет».

Жол кырсыгынан каза тапкан атасын узатып жатканда, бирөө Бебенин кулагына ушинтип шыбыраган.

Алардын үй-бүлөсү менен жакын мамиледе болгон бир аял аны ушинтип соороткон эле. Бирок анын сөздөрү Бебени жубатпай эле, бычактай тийген. Бебе атасына аябай ынак болчу. Анын оюнан: «Атамдын өлгөнү кантип жакшы болмок эле?!» — деген ой кетпей койгон. Кийинчерээк ошол кайгылуу окуяны китебине жазганынан Бебенин күйүтү жылдар өтсө да басылбаганы айкын көрүнүп турат.

Бебе өз башынан өткөргөндөй, жакынынан айрылган адамдын күйүтү, өзгөчө, ал ага абдан жакын болсо, көпкө басылбайт. Ыйык Китепте өлүм «душман» деп бекеринен айтылган эмес (1 Корунттуктар 15:26). Ооба, ал күтүүсүздөн келип, жакын адамыбызды колубуздан жулуп кетет. Ага эч ким туруштук бере албайт. Ошондуктан андай учурда жана андан кийин эмне кылышты билбей, бушайман болгонубуз таң калыштуу эмес.

Балким, силер ушундай жагдайда: «Күйүт канчага чейин созулат? Күйүт тартып жаткан киши күйүтүн кантип баса алат? Жакынынан айрылгандарды кантип жубатууга болот? Өлгөндөргө байланыштуу кандайдыр бир үмүт барбы?» — деп ойлонгондурсуңар.