Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 2 2016

Ыйык Китепти бөлүмдөргө жана аяттарга ким бөлгөн?

Ыйык Китепти бөлүмдөргө жана аяттарга ким бөлгөн?

ИСА МАШАЯКТЫН б.з. 1-кылымында жашаган жолдоочусу экениңерди элестеткиле. Жыйналышыңар элчи Пабылдан жаңы эле кат алды дейли. Катта элчи Пабыл «ыйык жазмалардан», тактап айтканда, Еврей Жазмаларынан көп цитата кылганын байкайсыңар (2 Тиметей 3:15). Анан ал цитаталарды жазмалардын өзүнөн окусам деп ойлоносуңар. Бирок аларды табуу оңой эмес болмок. Эмне үчүн?

БӨЛҮМ, АЯТТАРЫ ЖОК ЫЙЫК КИТЕП

Элчи Пабылдын күндөрүндөгү «ыйык жазмалардын» кол жазмалары кандай болгон? Төмөндөгү сүрөттөн алардын бирин — Жансыз деңизден табылган Ышая китебинин түрмөктөрүнүн бир бөлүгүн — көрө аласыңар. Өзүңөр байкагандай, ал — эч кандай тыныш белгилери жок бир бүтүн текст. Ал текст бүгүнкү күндөгүдөй бөлүмдөр менен аяттарга бөлүнгөн эмес.

Ыйык Китепти жазгандар текстти бөлүмдөргө, аяттарга бөлгөн эмес. Алар Кудай берген маалыматты бүтүн бойдон жазган. Ошонун аркасында башкалар бөлүктөргө бөлүнгөн эмес, толук маалыматка ээ боло алышмак. Жакыныңардан маанилүү кат алганда силер да аны бөлүк-бөлүк кылып эмес, толугу менен окугуңар келери шексиз.

Бирок бөлүмдөр менен аяттардын жок болгону кыйынчылык туудурган. Маселен, элчи Пабыл ыйык жазмалардан цитата кылганда тек гана «Ыйык жазмада мындай делген» же «Ышая алдын ала айткандай» деп айта алган (Римдиктер 3:10; 9:29). Ыйык жазмаларды жакшы билбеген кишиге ал цитата кылган сөздөрдү табуу кыйынга турмак.

Мындан тышкары, ыйык жазмалар Кудайдан келген бир эле жөнөкөй кабарды камтыган эмес. Б.з. 1-кылымынын аяк ченинде алар 66 китептен турган китепти түзүп калган. Ошондуктан бүгүнкү күндө Ыйык Китептин андагы белгилүү бир маалыматты, мисалы, элчи Пабылдын каттарындагы цитаталарга окшогон нерселерди табууга шарт түзгөн бөлүмдөрдүн, аяттардын болгону кандай гана ыңгайлуу.

Бирок: «Ыйык Китепти бөлүмдөр менен аяттарга ким бөлгөн?» — деген суроо туулат.

БӨЛҮМДӨРГӨ КИМ БӨЛГӨН?

Ыйык Китепти бөлүмдөргө кийин Кентербери архиепискобу болгон англиялык Стивен Лэнгтон деген теолог бөлгөн деп эсептелет. Ал муну б.з. 13-кылымынын башында, Париждеги университетте мугалим болуп жүргөндө жүзөгө ашырган.

Лэнгтонго чейин эле окумуштуулар Ыйык Китепти бөлүмдөргө бөлүүгө аракет кылышкан. Алар аны, негизинен, шилтеме кылуу оңой болушу үчүн кылышса керек. Чын эле, аларга белгилүү бир үзүндүнү, мисалы, 66 бөлүмдөн турган Ышая китеби сыяктуу чоң китептен издөөдөн көрө, бир бөлүмдөн издөө оңой болгон.

Анткен менен ушунун баары дагы бир көйгөйдү жараткан. Окумуштуулардын ыйык жазмаларды бөлүмдөргө бөлүү системасы ар башка болгон. Алсак, алардын бири боюнча, Марктын Инжили азыркыдай 16 эмес, 50дөй бөлүмгө бөлүнгөн. Лэнгтондун убагында Парижде көп өлкөлөрдөн келген студенттер окучу жана ар кими өз жеринен ала келген  Ыйык Китебин колдончу. Бирок сабак бергендер менен студенттер кимдир бирөө Ыйык Китептен цитата кылганда өздөрүнүкүнөн таба албай кыйналчу. Себеби китептердин бөлүмдөрү айырмаланчу.

Ошондуктан Лэнгтон бөлүмдөргө бөлүүнүн жаңы системасын ойлоп тапкан. Ыйык Китептин тарыхы жөнүндөгү бир китепте анын системасы баарына жакканы жана тез эле бүт Европага тараганы жазылган («The Book—A History of the Bible»). Бүгүнкү күндөгү көп Ыйык Китептер Лэнгтондун системасына ылайык бөлүнгөн.

АЯТТАРГА КИМ БӨЛГӨН?

Болжолу, 300 жылдан кийин, 16-кылымдын орто ченинде, франциялык окумуштуу жана китеп басып чыгаруу боюнча адис Робер Этьенн Ыйык Китеп маселесин андан бетер жеңилдеткен. Ыйык Китепти изилдөөнү кеңири жайылтууну көздөгөндүктөн ал анын бөлүмдөргө да, аяттарга да бөлүнүшүнүн бирдей системасы болсо, жакшы болмоктугун түшүнгөн.

Аяттарга бөлүүнү Этьенн ойлоп тапкан эмес. Андай аракеттер ага чейин эле жасалган. Алсак, кылымдар мурун жүйүт көчүрмөчүлөр Ыйык Китептин Еврей Жазмаларын толугу менен бөлүмдөргө эмес, аяттарга бөлүп чыгышкан. Бирок мында да бөлүмдөргө бөлгөндөгүдөй көйгөй пайда болгон: ал бирдей системанын жоктугу болчу.

Этьенн Ыйык Китептин Грек Жазмаларын аяттарга бөлүп, өзүнүн системасын ойлоп чыгарган жана аны жүйүттөр Еврей Жазмаларында колдонгон система менен айкалыштырган. Анан 1553-жылы француз тилинде биринчи жолу толук Ыйык Китепти чыгарган. Анын бөлүнүшү азыркы таптагы Ыйык Китептердикине окшош болгон. Бирок айрымдар Ыйык Китепти аяттарга бөлгөндө текст бөлүнүп-жарылып, үзүк-үзүк ойлордун жыйындысына окшоп каларын айтып сындашкан. Анткен менен Этьенндин системасын китеп басып чыгарган башка адистер дароо эле колдоого алышкан.

ИЗИЛДЕГЕНДЕРГЕ ЖЕҢИЛДИК

Бир караганда, Ыйык Китепти бөлүмдөр менен аяттарга бөлүү жөнөкөй иштей көрүнөт. Бирок так ошонун аркасында азыр Ыйык Китептеги ар бир аяттын так «дареги» бар. Албетте, Ыйык Китептин бөлүмдөр менен аяттарга бөлүнүшү Кудайдын жетеги алдында болгон эмес жана кээде текст ылайыксыз жерден бөлүнгөндөй сезилиши мүмкүн. Ошентсе да ошонун аркасында Ыйык Китептеги айрым аяттардын «дарегин» айтуу же көрсөтүү, кайсы бир китептеги же документтеги эстеп калгыбыз келген сөз айкаштарын белгилеп койгон сыяктуу эле, оңой.

Бөлүмдөргө, аяттарга бөлүү системасы ыңгайлуу болсо да, кайсы бир сүрөттү бөлүктөргө бөлбөй толугу менен караган сыңары, Кудай берген маалыматты да толугу менен түшүнүү маанилүү экенин эсибизден чыгарбайлы. Андыктан бир аят менен эле чектелбей, контекстин да окууну адат кылып алгыла. Ошондо адамды акылдуу кылып, ага куткарылууга жардам бере турган «ыйык жазмаларды» барган сайын жакшыраак биле бересиңер (2 Тиметей 3:15).

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Ыйык Китепте чындык жазылганын кайдан билебиз?

Эгер Ыйык Китепти Кудай жаздырса, ал бардык китептерден айырмаланып турушу керек.

Ыйык Китепти түшүнүүгө эмне жардам берет?

Билим деңгээлиңиз кандай болбосун, Ыйык Жазмада камтылган Кудайдын кабарын түшүнө аласыз.