Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ № 2 2016

Ыйык жайларда сыйынуу туурабы?

Ыйык жайларда сыйынуу туурабы?

ЖЫЛ САЙЫН 6 миллиондон ашуун киши Жапониядагы Сима жарым аралындагы кедр токоюна агылып келишет. Алар эки миң жылдан бери синтоисттер Күн аял кудайы Аматэрасу Омикамиге сыйынып келаткан улуу Исе ибадатканасына барышат. Зыяратчылар адегенде колун, оозун суу менен чайкап тазаланышат. Андан соң сыйына турган жердин алдына барып, ийиле таазим кылышат, кол чабышат жана ал кудайдан тиленип, сыйынуу каадаларын аткарышат *. Синтоизм дининде башка диний каадаларды аткарууга жол берилгендиктен, ал ибадатканада синтоизмдин диний жөрөлгөлөрүн буддисттер, христиандар жана башкалар аткара беришет.

Дүйнө жүзү боюнча көптөгөн негизги диндердин сыйынган ыйык жайлары * бар жана миллиондогондор ал жакка барып, сыйынып турушат. Алсак, христиан динин туткан өлкөлөрдө Иса Машаякка, Мариямга жана башка ыйыктарга арналган чиркөөлөр жана ибадатканалар бар. Ошондой эле андай ыйык жайлар Ыйык Китептеги окуялар же жакынкы учурларда кандайдыр бир «кереметтер» болгон деп эсептелген жерлерде же ыйык нерселер сакталып келген жерлерде орун алган. Көптөр андай жерлерге тилеги жакшыраак кабыл болот деп ишенгендиктен барышат. Ал эми башкалар узак жол жүрүп отуруп ошондой ыйык жайларга жетүүнү Кудайга болгон берилгендик деп эсептешет.

Жапониядагы Исе ибадатканасындагы жана Франциянын Лурдес шаарындагы Массабиел үңкүрүндөгү зыяратчылар

Чын эле ыйык жайларда айтылган өтүнүч тезирээк кабыл болобу? Ал жерлерге барган зыяратчылардын ошондой берилгендиги Кудайга жагабы? Баарынан да маанилүүсү, андай жайларда сыйынуу туурабы? Бул суроолордун жообу ыйык жайларда сыйынууга карата кандай көз карашта болуу туура экенин билүүгө эле эмес, Кудайга кандай сыйынуу чындап жагарын да түшүнүүгө жардам берет.

«ЫЙЫК РУХТУН ЖЕТЕГИ МЕНЕН ЖАНА ЧЫНДЫККА ЫЛАЙЫК СЫЙЫНУУ»

Иса Машаяк «ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынуу» керектигин айткан

Иса пайгамбардын самариялык аял менен сүйлөшкөнүнөн Кудайдын «ыйык» жайларда сыйынууга карата болгон көз карашын билүүгө болот. Иса пайгамбар Самария жери аркылуу өтүп баратып Сихар деген шаардын жанындагы кудуктун жанына эс алганы токтойт. Ошол жерден суу алганы келген бир аял менен сүйлөшүп калат. Ал аял жүйүттөр менен самариялыктардын дининдеги чоң айырмачылыкка көңүл буруп: «Биздин ата-бабаларыбыз бул тоодо сыйынышчу, силер болсо Кудайга сыйына турган жай Иерусалимде дейсиңер»,— деп айтат (Жакан 4:5—9, 20).

Самариялык аял сөз кылган Гаризим тоосу Иерусалим шаарынын түндүгүн карай 50 км алыстыкта жайгашкан болчу. Ал жакта бир кезде самариялыктардын Пасах майрамы сыяктуу майрамдары  өткөрүлгөн ибадатканасы бар эле. Иса пайгамбар аял айткан айырмачылыкка көңүл топтобой: «Ишенип кой, адамдар Атама бул тоодо да, Иерусалимде да сыйынбай турган убак келет»,— дейт (Жакан 4:21). Ушул сөздү жүйүттүн оозунан угуу кандай гана таң калыштуу болгон! Ал эмне үчүн ошентип айткан? Эмне себептен Иерусалимдеги ибадатканадагы сыйынуу токтоп калышы керек эле?

Иса пайгамбар андан ары: «Чыныгы сыйынуучулар Атама ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйына турган убак келет, ал тургай, келип да калды. Анткени Атам өзүнө ошондой сыйынуучуларды издейт»,— деп сөзүн улайт (Жакан 4:23). Кылымдар бою жүйүттөр Иерусалимдеги заңгыраган ибадаткананы сыйынуунун борбору катары көрүп келишкен. Алар Жахаба Кудайына курмандык чалыш үчүн жылына үч жолу ал жакка барып турушкан (Чыгуу 23:14—17). Бирок Иса Машаяк ушунун баары өзгөрөрүн жана «чыныгы сыйынуучулар» Кудайга «ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык» сыйынарын айткан.

Жүйүттөрдүн ибадатканасы белгилүү бир жерде жайгашкан кадимки имарат болгон. Ал эми ыйык рух менен чындык материя болбогондуктан белгилүү бир жер менен чектелбейт. Жогорудагы сөздөрдү айтуу менен Иса пайгамбар чыныгы сыйынуу, Гаризим тоосу болобу, Иерусалимдеги ибадаткана болобу, же дагы башка ыйык жер болобу, белгилүү бир жерге же имаратка байланыштуу же көз каранды болбой турганын түшүндүргөн.

Андан сырткары, Иса пайгамбар ошондой өзгөрүү болорун айткан. Ал убак качан келмек? Ал убак Иса Машаяк өз өмүрүн адамзат үчүн берип, жүйүттөрдүн Муса пайгамбардын мыйзамына негизделген сыйынуу системасы аягына чыкканда келмек (Римдиктер 10:4). Анда эмне үчүн Иса пайгамбар ал убак жөнүндө ал тургай «келип да калды» деп айткан? Анткени ал Машаяк катары анын: «Кудай — Рух. Ошондуктан ага сыйынгандар ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынышы керек»,— деген сөздөрүнө ылайык жашай турган шакирттерин ошондо эле чогулта баштаган (Жакан 4:24). «Ыйык рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынуу» деген эмнени билдирет?

Иса Машаяк ыйык рухтун жетеги менен сыйынуу тууралуу айтканда кандайдыр бир бөтөнчө дем-шыкка толгон сыйынуу жөнүндө айткан эмес. Ал Кудайга сыйынган киши ага Ыйык Китепти түшүнүүгө да жардам берген ыйык рухка жетектелиши керектигин айткысы келген (1 Корунттуктар 2:9—12). Ал эми чындык жөнүндө айтканда Ыйык Китептеги так билимди айткысы келген. Ошондуктан Кудай сыйынуубузду ага белгилүү бир жерде  сыйынганда эмес, сыйынуубуз Ыйык Китепте жазылгандарга ылайык келгенде жана ыйык рухка жетектелгенибизде гана кабыл кылат.

ЫЙЫК ЖАЙЛАРГА КАРАТА ТУУРА КӨЗ КАРАШ

Кудайга туура сыйынууну каалагандар зыяратчылыкка жана ыйык жайларда сыйынууга кандай карашы керек? Иса пайгамбардын жогорудагы сөздөрүнөн кандайдыр бир ыйык жердеги же жайдагы сыйынуунун Кудай алдында эч кандай баалуулугу жок экени айкын болду. Мындан тышкары, Ыйык Китептен сөлөкөттөрдү аздектөөгө байланыштуу Кудайдын көз карашын биле алабыз. Маселен, Ыйык Китепте: «Бурканга табынуучулуктан качкыла», «өзүңөрдү буркандардан сактагыла»,— деп жазылган (1 Корунттуктар 10:14; 1 Жакан 5:21). Андыктан Кудайга жагууну каалагандар ыйык деп эсептелген жана буркандарга табына турган жерлерде сыйынышпайт. Ал эми ыйык жайларды так ошондой жерлер деп айтууга болот.

Бирок бул Ыйык Китепте кайсы бир жерде Кудайдан тиленүүгө, анын Сөзүн окууга же ой жүгүртүүгө тыюу салынарын билдирбейт. Кудайдын Сөзүндө жазылгандарды чогуу изилдөөгө жана талкуулоого кандайдыр бир ылайыктуу жердин болгону жакшы. Ошондой эле көзү өтүп кеткендерге эстелик тургузуунун да эч кандай жаман жери жок. Анткени эстелик тургузуу — тек гана аларды унутпаганыбыздын жана жакшы көрөрүбүздүн белгиси. Ал эми андай жерлерди ыйык тутуу, айкелдерди, сөлөкөттөрдү же кандайдыр бир буюмдарды аздектөө Иса Машаяктын сөздөрүнө каршы келет.

Демек, Кудай тиленүүбүздү жакшыраак угат деген үмүттө кайсы бир ыйык жайга баруунун зарылдыгы жок. Ошондой эле ыйык жайга барганыбыз үчүн Кудайга көбүрөөк жагабыз же ал бизге өзгөчө бата берет деп ойлобошубуз керек. Ыйык Китепте Жахаба Кудай жөнүндө: «Асман-жердин Теңири, кол менен курулган ибадатканаларда жашабайт»,— деп жазылган. Бирок бул Кудайды бизден алыстатпайт. «Ал ар бирибизге жакын» болгондуктан, биздин тиленүүбүздү, кайсы жерден болбосун, угат (Элчилер 17:24—27).

^ 2-абз. Синтоисттердин ибадатканаларындагы жөрөлгөлөр ар кайсы жерде ар кандай болушу мүмкүн.

^ 3-абз.  «Ыйык жай деген эмне?» деген кутучаны карагыла.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Сөлөкөттөргө сыйынуу туурабы?

Сөлөкөттөргө же буркандарга сыйынууга Кудай кандай карайт?