Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ЯНВАРЬ, 2016

Ыйык рух «биздин рухубуз менен бирге күбөлөндүрүп турат»

Ыйык рух «биздин рухубуз менен бирге күбөлөндүрүп турат»

«Ал рух Кудайдын балдары экенибизди биздин рухубуз менен бирге күбөлөндүрүп турат» (РИМ. 8:16).

ЫРЛАР: 109, 108

1—3. Элүүнчү күн майрамында кандай өзгөчө окуя болгон жана анын аркасында Ыйык Китептеги кайсы пайгамбарлык аткарылган? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы. Жетинчи күн, саат эртең мененки тогуздар чамасы. Ишембиге туш келген бул күн Иерусалимдегилер үчүн өзгөчө мааниге ээ. Ибадатканада башкы дин кызматчы күндө эртең менен чалчу курмандыгын чалып бүттү. Эми ал биринчи түшүмдөн ачыткы кошулуп жасалган эки нанды чайпалтуу курмандыгы катары Кудайга тартуу кылууда (Леб. 23:15—20). Бул буудайды оруп-жыюу иши башталганынан кабар берип турат. Чогулган элдин кубанычы койнуна батпай, айлана демейдегиден шаңдуу. Алар Элүүнчү күн майрамын белгилөөдө.

2 Ибадатканада майрамга байланыштуу жогоруда айтылган жөрөлгөлөр жасалып жатканда, шаардагы бир үйдүн үстүнкү бөлмөсүндө алда канча маанилүү бир окуя болгону жаткан. Ал бөлмөдө Иса Машаяктын 120дай шакирти чогуу тиленип жатышкан эле (Элч. 1:13—15). Алардын башынан өтө турган окуя мааниси жагынан башкы дин кызматчынын жыл сайын Элүүнчү күн майрамында кылган ишине  окшош болмок. Ошондой эле анын аркасында Жоел пайгамбардын 800 жылдай мурун айткан пайгамбарлыгы аткарылмак (Жоел 2:28—32; Элч. 2:16—21). Ал эмне болгон маанилүү окуя эле?

3 Оку: Элчилер 2:2—4. Ошол күнү үйдүн үстүнкү бөлмөсүнө чогулган Исанын шакирттерине Кудайдын ыйык руху түшкөн (Элч. 1:8). Натыйжада алар өздөрү жаңы эле күбө болгон кереметтүү иштер тууралуу күбөлөндүрө башташкан. Ал жерге чогулган калың элге элчи Петир болгон окуянын канчалык маанилүү экенин түшүндүргөндөн кийин: «Өкүнгүлө жана күнөөлөрүңөр кечирилиши үчүн, ар бириңер Иса Машаяктын аты менен чөмүлтүлгүлө. Ошондо ыйык рух белегин аласыңар»,— деп айткан. Анын сөзүнө кулак каккан 3000дей киши чөмүлүп, убада кылынган ыйык рухту алышкан (Элч. 2:37, 38, 41).

4. а) Элүүнчү күн майрамында болгон окуялар эмне себептен биз үчүн чоң мааниге ээ? б) Сыягы, так ошол күнү байыркы убакта кандай маанилүү окуя болгон? (Шилтемени карагыла.)

4 Б.з. 33-жылы болгон Элүүнчү күн майрамы эмне себептен биз үчүн чоң мааниге ээ? Ал күн Иерусалимдеги ибадатканада болгон окуялардан улам эмес, Иса Машаяктын Башкы дин кызматчы катары аткарган ишинен улам абдан маанилүү болгон. [1] Ошол күнү ибадатканада башкы дин кызматчы ачыткы кошулуп жасалган эки нанды Жахабага тартуу катары алып келген. Ал нандар ыйык рух менен майланган шакирттерди билдирген. Кудай аларды жеткилең эмес адамдардын арасынан тандап, уулдары катары асырап алган. Ошентип, айрым адамдарга «биринчи түшүм» катары тандалып алынып, акыр-аягы асманга барууга жана тил алчаак адамдарга сансыз баталарды төгө турган Падышалыкта Иса Машаяк менен бирге башкарууга жол ачылган (Жкп. 1:18; 1 Пет. 2:9). Иса менен чогуу асманда жашоого үмүттөнөбүзбү же жер бетинде бейиште түбөлүк жашоогобу, ал күнү болгон окуялардын биздин жашообузга тийгизген таасири абдан чоң!

КАНТИП МАЙЛАНАТ?

5. 1-кылымда майлангандардын баары бирдей жол менен майланбаганын кайдан билебиз?

5 Эгер сен да башына тилге окшогон жалын түшкөн шакирттердин арасында болсоң жана өзгөчө, сага да бөтөн тилде сүйлөө жөндөмдүүлүгү берилсе, анда ыйык рух менен майланганыңа такыр шектенмек эмессиң. Ошондой эле ал күндү эч качан унутмак эмес болушуң керек (Элч. 2:6—12). Бирок майлангандардын баары эле ыйык рухту, 120дай шакиртке окшоп, кереметтүү түрдө алышканбы? Жок. Алсак, ошол күнү Иерусалимде болгондордун көбү чөмүлгөндө майланган (Элч. 2:38). Алардын башына тилге окшогон жалын түшкөн эмес. Андан сырткары, шакирттердин айрымдары, айталы, самариялыктар чөмүлгөндө эмес, кийинчерээк ыйык рух менен майланышкан (Элч. 8:14—17). Ал эми Корнелий менен анын үйүндөгүлөрү, кызыктуусу, чөмүлгөнгө чейин эле майланган (Элч. 10:44—48).

6. Майлангандардын баарына эмне берилет жана бул аларга кандай таасир этет?

6 Бүгүнкү күндө да асманга бара тургандардын баары эле бирдей жол менен майлана бербейт. Айрымдары өздөрүнүн майланганын дароо эле түшүнсө, башкалары бара-бара түшүнөт. Бирок кандай болбосун, элчи Пабылдын: «Ага ишенип, ал аркылуу силер да убадаланган ыйык рух менен мөөрлөндүңөр. Ал рух — бизге бериле турган мурастын кепилдиги»,— деген сөздөрү алардын ар бирине тиешелүү (Эф. 1:13, 14). Жахаба аларды тандап алганына ыйык руху аркылуу ынандырат. Ошондуктан майлангандар келечекте асманда жашаарына эч шектенишпейт. (Оку: 2 Корунттуктар 1:21, 22; 5:5.)

7. Асмандагы сыйлыгын алыш үчүн ар бир майланган эмне кылышы керек?

7 Кимдир бирөөнүн ыйык рух менен майланганы анын асманга сөзсүз түрдө  барарына кепилдик береби? Жок. Албетте, ал асманга чакырылганына бекем ишенет. Бирок акыр-аягы асмандагы сыйлыгын алышы үчүн ал өмүрүнүн аягына чейин чакырылганына ылайык жашашы керек. Петир муну мындайча түшүндүргөн: «Андыктан, бир туугандарым, чакырылгандар жана тандалгандар катары ишенимдүү бойдон калыш үчүн бүт күчүңөрдү жумшай бергиле. Эгер ушул сапаттарга ээ болсоңор, түз жолдон эч качан тайбайсыңар. Ошентип, силерге Мырзабыз жана Куткаруучубуз Иса Машаяктын түбөлүк Падышалыгына эшик кенен ачылат» (2 Пет. 1:10, 11). Ошондуктан Исанын ар бир майланган жолдоочусу аягына чейин ишенимдүү бойдон калыш үчүн бүт күч-аракетин жумшашы керек, болбосо асмандагы сыйлыгынан кол жууп калат (Евр. 3:1; Аян 2:10).

МАЙЛАНГАНЫН КАНТИП БИЛЕТ?

8, 9. а) Эмне үчүн көптөргө кимдир бирөөнүн ыйык рух менен кантип майланарын түшүнүү кыйын? б) Кудайдын кызматчысы өзүнүн асманда жашоого чакырылганын кантип билет?

8 Бүгүнкү күндө Кудайдын кызматчыларынын көбү кимдир бирөөнүн ыйык рух менен кантип майланарын толук түшүнө албашы мүмкүн, анткени алар мындайды эч качан башынан өткөрүп көрүшкөн эмес. Анын үстүнө, Кудай адамдарды жер бетинде түбөлүк жашашы үчүн жараткан (Башт. 1:28; Заб. 37:29). Айрымдардын асманда падыша жана дин кызматчы болууга тандалышы Кудайдын баштапкы ой-ниетине кирген эмес. Бул өзгөчө чара болуп эсептелет. Жахаба кимдир бирөөнү ыйык руху менен майлаганда, анын ой жүгүртүүсү, көз карашы түп-тамыры менен өзгөрүп, ал асманда жашоого үмүттөнө баштайт. (Оку: Эфестиктер 1:18.)

9 Бирок Кудайдын кызматчысы өзүнүн асманда жашоого чакырылганын кантип билет? Бул суроонун жообу Пабылдын Римдеги майланган ишенимдештерине — «ыйык болууга чакырылгандарга» — жазган сөздөрүнөн айкын көрүнүп турат. Пабыл аларга: «Силер кулчулуктун рухун — кайрадан коркунуч туудуруучу рухту — эмес, Кудай бизди уулдары катары асырап алыш үчүн берген рухту алдыңар. Ошол рух менен биз „Абба, Ата!“ деп чакырабыз. Ал рух Кудайдын балдары экенибизди биздин рухубуз менен бирге күбөлөндүрүп турат»,— деп жазган (Рим. 1:7; 8:15, 16). Жөнөкөй сөз менен айтканда, Кудай кимдир бирөөнү майлаганда аны келечекте Падышалыктын мураскору болууга чакырылганына ыйык руху аркылуу ынандырат (1 Тес. 2:12).

10. 1 Жакан 2:27де майлангандардын «кимдир бирөөнүн үйрөтүшүнө муктаж эмес» экени жөнүндө айтылгандарды кандай түшүнүүгө болот?

10 Кудай тарабынан асманда жашоого чакырылгандар дагы башка бирөөнүн күбөлөндүрүүсүнө, ынандырышына муктаж эмес. Жахаба өзү ынандыргандыктан, алардын оюнда да, жүрөгүндө да буга байланыштуу эч кандай шек саноо болбойт. Элчи Жакан майлангандарга: «Силер Ыйык Кудай тарабынан майлангансыңар жана баарыңар чындыкты билесиңер»,— деген. Анан: «Силер жөнүндө айтсам, Кудай силерди ыйык руху менен майлаган жана ал рух дайыма силер менен. Ошондуктан силер кимдир бирөөнүн үйрөтүшүнө муктаж эмессиңер. Кудай силерди майланганыңар аркылуу бардыгына үйрөтөт. Рух менен майланганыңар жалган эмес, чын. Ошол себептен, майланганыңар аркылуу үйрөнгөнүңөрдөй, өзүңөрдү майлаган менен дайыма биримдикте болгула»,— деп кошумчалаган (1 Жкн. 2:20, 27). Албетте, майлангандар да башкалардай эле рухий жактан жетекчиликке, окуп-үйрөнүүгө муктаж. Бирок алар өздөрүнүн майланган экенин кимдир бирөөнүн ырасташына муктаж эмес. Анткени аларды буга ааламдагы эң кубаттуу күч — ыйык рух — ынандырган!

 «КАЙРАДАН ТӨРӨЛҮҮ»

11, 12. Майланган бир тууган эмне деп ойлонушу мүмкүн, бирок эмнеге шектенбейт?

11 Ыйык рух Кудайдын кайсы бир кызматчысын майланганына ынандырганда, анын ичинде укмуштуудай чоң өзгөрүү болот. Ошондуктан Иса Машаяк майлангандардын «кайрадан төрөлөрүн», башкача айтканда, «жогорудан төрөлөрүн» айткан [2] (Жкн. 3:3, 5, шилт.). Анан: «Кайрадан төрөлүүгө тийиш экениңерди айтканыма таң калба. Шамал каалаган жагына согот. Анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда барарын билбейсиң. Рухтан төрөлгөндөрдүн да ар бири ушундай»,— деген (Жкн. 3:7, 8). Мындан көрүнүп тургандай, ыйык рух менен майланбагандарга адамдын асманга кандайча чакырыларын толугу менен түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес.

12 Майлангандардын айрымдары: «Жахаба эмне үчүн башка бирөөнү эмес, мени тандап алды?» — деп ойлонушу, атүгүл өзүнүн татыктуу экенине шектениши мүмкүн. Бирок алар асманга чакырылганына эч шектенишпейт. Тескерисинче, ал белек үчүн Кудайга чексиз ыраазы болуп, абдан кубанышат. Алар элчи Петирдикиндей сезимде болушат. Петир ыйык рухтун жетеги менен: «Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын. Ал улуу ырайымынан улам Иса Машаяктын тирилиши аркылуу жаңыдан төрөлүшүбүзгө жол ачып, бизди тирүү үмүткө, чирибес, таза, соолгус мураска ээ кылды. Ал мурас силер үчүн асманда сакталып турат»,— деп жазган (1 Пет. 1:3, 4). Бул сөздөрдү окуганда майланган бир тууган асмандагы Атасы аларды жеке ага айтып жатканына кымындай да күмөн санабайт.

13. Ыйык рух менен майланган бир туугандын ой жүгүртүүсү кандайча өзгөрөт жана эмне себептен?

13 Ыйык рух менен майланган бир тууган андай сыймыкка ээ болгонго чейин жерде жашоого болгон үмүтүн жогору баалап, Жахаба жерди жамандыктан тазалаган убакта жашоону эңсеп келгени күмөнсүз. Ал атүгүл тирилген жакындарын тосуп алып жатканын, ошондой эле өз колу менен курган үйдө жашап, өзү өстүргөн дарактардын жемишинен жеп жатканын элестетип жүргөндүр (Ыш. 65:21—23). Анда эмне үчүн анын ой жүгүртүүсү толугу менен өзгөрүп калды? Жерде жашоого болгон үмүттү баалабай калгандыктан же кыйынчылыктарга кабылып, жан дүйнөсү жабыркагандыктанбы? Же жер бетинде түбөлүк жашоо кызыксыз, зериктирме боло тургандай сезилгендиктенби? Же асманда жашоо кандай болорун татып көргүсү келгендиктенби? Таптакыр андай эмес. Анын башкача ой жүгүртө баштаганынын себеби Кудайдын ыйык руху аны асманга чакырылганына ынандыргандан сырткары анын оюн, үмүтүн өзгөртөт.

14. Майлангандар жерде өткөрүп жаткан жашоосуна кандай карашат?

14 Жогоруда айтылгандардан улам майлангандар өлгүсү келет деп жыйынтык чыгарууга болобу? Бул суроого Пабылдын сөздөрүнөн жооп таба алабыз. Ал ыйык рухтун жетеги менен: «Бул чатырда жашап, үстүбүздөгү оор жүктөн улам онтоп жатабыз. Бирок кийип жүргөнүбүздү чечип салууну каалагандыктан эмес, өлө турган дененин ордуна түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн башкасын кийүүнү каалагандыктан онтоп жатабыз»,— деген (2 Кор. 5:4). Майлангандар жерде жашоодон тажап, эртерээк эле асманга кетип калууну эңсешпейт. Тескерисинче, алар ар бир күнүн жогору баалап, достору жана жакындары менен чогуу Жахабага кызмат кылууга умтулушат. Анткен менен алар, кандай иш кылбасын, келечекке болгон кереметтүү үмүтү тууралуу дайыма ойлонушат (1 Кор. 15:53; 2 Пет. 1:4; 1 Жкн. 3:2, 3; Аян 20:6).

СЕН МАЙЛАНГАНСЫҢБЫ?

15. Кайсы нерселер кимдир бирөөнүн ыйык рух менен майланганын билдирбейт?

15 Балким, сен өзүңдүн асманга чакырылган-чакырылбаганың жөнүндө ойлонуп  жүргөндүрсүң? Эгер ошондой болсо, төмөндөгү маанилүү суроолор тууралуу ой жүгүртүп көр: Кабар айтуу ишине абдан ынталуу катышасыңбы? Ыйык Китепте жазылгандарды, анын ичинде «Кудайдын терең сырларын» казып изилдегенди жакшы көрөсүңбү? (1 Кор. 2:10). Жахабанын кызматыңа өзгөчө жол менен батасын берип жатканын сезесиңби? Жахабанын эркин күйүп-жанып аткарасыңбы? Башкаларга рухий жактан жардам берүүнү өзүңдүн жоопкерчилигиң катары эсептейсиңби? Жашооңдо Жахабанын көп жолдор менен жардам берип, колдоп жатканына айкын далилдерди көрөсүңбү? Ушул суроолордун баарына ишенимдүү түрдө «ооба» деп жооп берсең, бул сенин майланган экениңди билдиреби? Жок. Эмне үчүн? Анткени мындай сезимдер асманга бара тургандарда гана болбойт. Жахабанын руху майлангандар менен жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөргө бирдей эле таасир этет. Эгер өзүңдүн асманга чакырылган-чакырылбаганың жөнүндө ойлонуп, так билбей жатсаң, ушунун өзү эле чакырылбаганыңды ырастап турат. Жахабанын ыйык руху менен майлангандар өздөрүнүн асманга чакырылганына түк да шектенишпейт. Алар муну так билишет!

16. Кудайдан ыйык рух алгандардын баары эле асмандагы жашоого чакырыла бербей турганын кайдан билебиз?

16 Кудайдын Сөзүндө ыйык рух күчтүү таасир эткен, бирок асманда жашоого үмүттөнбөгөн көптөгөн ишенимдүү кишилер жөнүндө жазылган. Алардын бири Чөмүлдүрүүчү Жакан болгон. Иса Машаяк аны башкаларга мактаса да, анын өзү менен бирге асманда падышалык кылбай турганын айткан (Мт. 11:10, 11). Ыйык рухка жетектелгендердин дагы бири Дөөтү пайгамбар болгон (1 Шем. 16:13). Ал ыйык рухтун жардамы менен Жахаба жөнүндө абдан терең нерселерди түшүнгөн жана Ыйык Китепти жазууга катышкан (Мр. 12:36). Анткен менен Элүүнчү күн майрамында Петир Дөөтүнүн асманга көтөрүлбөгөнүн айткан (Элч. 2:34). Ыйык рух Жакан, Дөөтү сыяктуу кишилерге күчтүү таасир этсе да, аларды асманда жашоого тандалганына ынандырган эмес. Бирок бул алардын асманга барууга татыксыз болгонун билдирбейт. Болгону, Жахаба аларды бейишке айланган жер бетинде жашоого тирилтет (Жкн. 5:28, 29; Элч. 24:15).

17, 18. а) Учурда Кудайдын кызматчыларынын басымдуу бөлүгү кандай сыйлык алууну эңсеп келишет? б) Кийинки макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз?

17 Учурда Кудайдын кызматчыларынын басымдуу бөлүгү асманда жашоого үмүттөнбөйт. Алар байыркы убакта жашаган Дөөтү пайгамбар, Чөмүлдүрүүчү Жакан жана башка көптөгөн ишенимдүү эркек-аялдар сыяктуу эле жер бетинде өмүр сүрүшөт. Ыбрайым пайгамбарга окшоп, алар Кудайдын Падышалыгынын башкаруусу алдында жашоону эңсеп келишет (Евр. 11:10). Азыркы акыркы күндөрдө асманда жашоого тандалгандардын азы гана калды (Аян 12:17). Бул 144 000дин көбү аягына чейин ишенимдүүлүгүн сактап, асмандагы сыйлыгын алышканын билдирет.

18 Ошондуктан кимдир бирөө өзүнүн асманга барууга үмүттөнөрүн айтса, ага кандай карашыбыз керек? Эгер жыйналыштагы кайсы бир бир тууган Эскерүү кечесинде символдордон ооз тие баштаса, ага карата кандай көз карашта болгонубуз туура? Символдордон ооз тийгендердин саны барган сайын өсүп баратса, тынчсызданышыбыз керекпи? Бул суроолорго кийинки макаладан жооп алабыз.

^ [1] (4-абзац) Элүүнчү күн майрамы, сыягы, Синай тоосунда ысрайыл элине Муса пайгамбар аркылуу Мыйзам берилген күнгө туш келген (Чыг. 19:1). Эгер ошондой болсо, ошол күнү Муса пайгамбар аркылуу ысрайыл эли менен Мыйзам келишими түзүлгөндөй эле, Иса Машаяк аркылуу да жаңы эл менен, рухий Ысрайыл менен, жаңы келишим түзүлгөн.

^ [2] (11-абзац) «Кайрадан төрөлүү» жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн 2009-жылы 1-апрелде чыккан «Күзөт мунарасынын» (ор.) 3—11-беттерин карагыла.