Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ЯНВАРЬ, 2016

Кудай менен кызматташуу кубаныч тартуулайт

Кудай менен кызматташуу кубаныч тартуулайт

«Кудай менен бирге эмгектенип жатып силерден дагы өтүнөрүбүз, Кудайдын ырайымына ээ болгон соң, анын кандай максатта көрсөтүлгөнүн көз жаздымда калтырбагыла» (2 КОР. 6:1).

ЫРЛАР: 75, 74

1. Жахаба Эң Жогорку Кудай болсо да, башкаларды эмне кылууга чакырып келет?

ЖАХАБА — бардык нерсени жараткан Эң Жогорку Кудай. Ал чексиз акылмандык менен күчкө ээ. Аюп пайгамбар муну өз тажрыйбасынан улам түшүнгөн. Жахаба ага өзү жараткан нерселерге байланыштуу бир катар суроолорду бергенден кийин, Аюп пайгамбар: «Колуңан келбеген эч нерсе жок экенин, ой-ниетиңдин аткарылышына эч ким тоскоолдук кыла албасын эми түшүндүм»,— деген (Аюп 42:2). Жахаба бир нерсени ниет кылса, аны эч кимдин жардамысыз эле ишке ашыра алат. Ошентсе да ал сүйүүсүнөн улам тээ башынан эле башкаларды өзү менен кызматташууга чакырып келет.

2. Жахаба Исаны кандай маанилүү ишке катыштырган?

2 Жахаба эң алгач өзүнүн жалгыз Уулун жараткан. Ал эми калган нерсенин баарын жаратууга Уулун да катыштырган (Жкн. 1:1—3, 18). Иса Машаяк жөнүндө элчи Пабыл: «Асмандагы жана жердеги калган нерселердин баары, көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн нерселер, тактылар же башкаруучулар болобу, өкмөттөр же бийликтер болобу, ал аркылуу жаратылган.  Баары ал аркылуу жана ал үчүн жаратылган»,— деген (Кол. 1:15—17). Жахаба Уулун жаратуу иштерине катыштырып, анын өзгөчө ролу жөнүндө башкаларга жарыялап, анын кадыр-баркын сыйлаарын көрсөткөн.

3. Жахаба Адам атага кандай иш тапшырган жана эмне үчүн?

3 Жахаба өзү менен кызматташууга адамдарга да мүмкүнчүлүк берген. Алсак, ал Адам атага жан-жаныбарларга ат коюуну тапшырган (Башт. 2:19, 20). Аларга байкоо салып, ар биринин кыймыл-аракетин, өзгөчөлүктөрүн кылдат изилдеп, кимисине кандай ат жарашары жөнүндө ой жүгүртүү Адам атага зор кубаныч тартуулаганы шексиз. Кудай жаныбарларды жараткандыктан аларга өзү деле ат коё алмак. Бирок сүйүүсүнөн улам андай мүмкүнчүлүктү Адам атага берген. Ошондой эле ага бүт жер бетин Эйден багындай кооз бейишке айлантууну да тапшырган (Башт. 1:27, 28). Өкүнүчтүүсү, убакыттын өтүшү менен Адам ата Жахаба менен кызматташуудан баш тартып, өзүн да, урпактарын да азапка салган (Башт. 3:17—19, 23).

4. Айрымдар Кудайдын эркин аткарууда аны менен кантип кызматташышкан?

4 Кийинчерээк Жахаба ой-ниетин аткарыш үчүн башка адамдарды да колдонгон. Айталы, өзү жана үй-бүлөсү Топон суудан аман калыш үчүн, Нух пайгамбар кеме курган. Муса пайгамбар ысрайыл элин Мисирден алып чыккан. Ал эми Жашыя аларды Кудай убада кылган жерге алып барган. Сулайман падыша Иерусалимдеги ибадаткананы курган. Мариям болсо уулу Исаны чоңойтуп-өстүргөн. Ушул жана башка ишенимдүү эркек-аялдар Кудайдын эркин аткарууда аны менен кызматташышкан.

5. Биз кайсы ишке катыша алабыз жана Жахаба биздин ал ишке катышышыбызга муктаж беле? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

5 Жахаба бизди Машаяк башкарган Падышалыкты колдоо үчүн бүт күчүбүздү жумшоого чакырууда. Бүгүнкү күндө ыйык кызматтын көптөгөн түрлөрү бар. Алардын айрымдарына катышууга баарыбызда эле мүмкүнчүлүк боло бербейт, бирок Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды ар бирибиз жарыялай алабыз. Албетте, Жахаба бул ишке бизди катыштырбай эле, өзү асмандан адамдарга түзмө-түз сүйлөй алмак. Иса анын өзү дайындаган Падыша тууралуу жарыялаш үчүн атүгүл таштарды да колдонуп коё аларын айткан (Лк. 19:37—40). Ошентсе да Жахаба бизге өзү менен кызматташууга жол берген (1 Кор. 3:9). Элчи Пабыл ишенимдештерине: «Кудай менен бирге эмгектенип жатып силерден дагы өтүнөрүбүз, Кудайдын ырайымына ээ болгон соң, анын кандай максатта көрсөтүлгөнүн көз жаздымда калтырбагыла»,— деп жазган (2 Кор. 6:1). Кудай менен кызматташуу — кубаныч тартуулаган зор сыймык. Келгиле анда, мунун айрым себептерин карап көрөлү.

КУДАЙ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ КУБАНЫЧ ТАРТУУЛАЙТ

6. Кудайдын тун Уулу Атасы менен эмгектенгенде кандай сезимде болгону жөнүндө эмне деген?

6 Жахабанын кызматчылары аны менен чогуу эмгектенүүдөн ар дайым кубаныч алышат. Ыйык Китепте Кудайдын тун Уулу акылмандык катары сүрөттөлүп, анын: «Жахаба мени өз жолунун башталышы... кылып жараткан... Мен анын жанында чебер уста болчумун. Күнүгө анын кубанычы болуп, анын алдында ар дайым кубанып турчумун»,— деген сөздөрү жазылган (Накыл 8:22, 30). Ырас, Иса Атасы менен эмгектенүүдөн чоң кубаныч алган, анткени экөө көп иштерди бүтүргөн жана Атасынын аны жакшы көрөрүн билген. Биз жөнүндө эмне айтууга болот?

Адамдарга чындык тууралуу окутуудан артык иш барбы? (7-абзацты кара)

7. Эмне үчүн кабар айтуу иши бизге кубаныч тартуулайт?

7 Иса пайгамбар алганда эле эмес, бергенде да бактылуу боло аларыбызды айткан (Элч. 20:35). Андыктан Кудай жөнүндө билим алганда да, аны башкалар менен бөлүшкөндө да кубаныч алабыз.  Кабар айтып жүргөндө рухий жактан ачка адамдардын Ыйык Китептеги чындыктарды түшүнгөндө Кудайга ыраазы болуп, кубанганына күбө болобуз. Алардын ой жүгүртүүсүн эле эмес, жашоосун да өзгөртүп жатканын көрүү жүрөгүбүздү козгобой койбойт. Биз жакшы кабарды жарыялоо абдан маанилүү иш экенин түшүнөбүз. Анткени ал Жахаба менен элдешкендерге түбөлүк өмүргө жол ачат (2 Кор. 5:20). Адамдарга түбөлүк өмүр алууга жардам берүүдөн артык иш барбы?

8. Жахаба менен кызматташуудан алган кубанычы жөнүндө айрымдар эмне деген?

8 Башкалар жакшы кабарга кулак какканда абдан сүйүнөбүз. Ошондой эле кабар айтканыбыз Жахабага жагарын жана ал кылган эмгегибизди баалаарын билгендиктен да кубанабыз. (Оку: 1 Корунттуктар 15:58.) Италияда жашаган Марко: «Эң жакшы нерсемди кылгандарымды бат эле унутуп кала турган кимдир бирөөгө эмес, Жахабага берип жатканыма абдан сүйүнөм»,— дейт. Ошол эле өлкөдө кызмат кылган Франко мындай дейт: «Жахаба өзүнүн Сөзү, рухий иш-чаралары аркылуу бизди жакшы көрөрүнө жана кылган аракетибиз өзүбүзгө эч нерсеге татыбагандай сезилсе да, ал үчүн жасаган ар бир ишибизди жогору баалаарына күн сайын ынандырып келет. Ошондуктан Жахаба менен кызматташуунун аркасында бактылуу болуп, жашоом маңыздуу өтүүдө».

КУДАЙГА ЖАНА БАШКАЛАРГА ЖАКЫНДАЙБЫЗ

9. Жахаба менен Исанын мамилеси кандай болгон жана эмне үчүн?

9 Жакшы көргөн адамдарыбыз менен чогуу иш кылганда аларды мурункудан да жакшыраак билип, бири-бирибизге жакын болуп калабыз. Ошондой эле алардын эмне кылгысы келерин эле эмес, аны кантип кылганы жатканын да биле алабыз. Иса асманда Жахаба менен, кыязы, миллиарддаган жылдар бою бирге эмгектенген. Мунун аркасында бири-бирине болгон сүйүүсү өсүп, абдан ынак болуп калышкан. Атасы экөөнүн мамилеси канчалык бекем экенин баса көрсөтүп, Иса: «Атам экөөбүз бирбиз»,— деген (Жкн. 10:30). Ооба, алардын биримдиги урагыс болгон. Экөө дайыма эриш-аркак кызматташып, зор кубаныч алышкан.

10. Эмне себептен кабар айтуу иши бизди Жахабага жана башкаларга жакындатат?

10 Иса Машаяк Жахабадан шакирттерин коргой жүрүшүн өтүнгөн. Эмне үчүн? Мунун жообу анын ошол эле тиленүүсүндөгү: «Алар биз сыяктуу бир болушсун»,— деген сөздөрүндө камтылган (Жкн. 17:11). Эгер Кудайдын мыйзам-принциптерине ылайык жашап, кабар айтуу ишине катышсак, анын сонун сапаттарын тереңирээк түшүнө алабыз жана биримдикте болобуз. Ошондой эле ага таянуу, анын жетекчилигине баш ийүү эмне үчүн акылмандыкка жатарын билебиз. Кудайга жакындаган сайын, ал да бизге жакындай берет. (Оку: Жакып 4:8.) Мындан тышкары, биз ишенимдештерибизге да жакындайбыз, анткени тарткан кыйынчылыктарыбыз окшош болгондон сырткары, алар кубанган нерсеге биз да кубанып, алар умтулган максатка биз да умтулуудабыз. Ырас, биз чогуу эмгектенип, чогуу кубанып, кыйынчылыктарды чогуу көтөрөбүз. Британияда жашаган Октавиа: «Жахаба менен кызматташуунун аркасында  башкаларга да жакындайм, себеби алар менен жөн эле бири-бирибизди жакшы көргөндүктөн эмес, чогуу бир максатты, бир багытты көздөгөндүктөн ынак мамиледемин»,— дейт. Анын айткандарына сен да кошуласыңбы? Башкалардын Жахабага жагууга аракет кылып жатканын көрүп, аларга жакындоого түрткү аласыңбы?

11. Жаңы заманда эмне үчүн Жахабага жана ишенимдештерибизге азыркыдан да жакын болобуз?

11 Кудайга жана жакындарыбызга болгон сүйүүбүз азыр деле күчтүү болушу мүмкүн, бирок келечекте адилдик өкүм сүрө турган жаңы заманда мындан да күчтүү болот. Ошол убакта кандай иштерди кыларыбыз тууралуу ой жүгүртүп көрсөң. Тирилгендерди тосуп алып, Жахаба жөнүндө билим алууга жардам беребиз. Жер бетин бейишке айлантууга катышабыз. Мындай иштер көп эмгекти талап кылса да, бир туугандарыбыз менен ийиндеш туруп кызмат кылуу жана Машаяк башкарган Падышалыктын бийлиги астында жеткилеңдикке жетүү кубанычыбызга кубаныч кошот! Ал убакта бүт адамдар бири-бирине жана «бардык тирүү жандардын каалоосун орундаткан» Кудайына азыркыдан да жакын болору шексиз (Заб. 145:16).

ӨЗҮБҮЗДҮ КОРГОЙБУЗ

12. Кабар айтуу иши бизди кандайча коргойт?

12 Ар бирибиз Жахаба менен болгон мамилебизди коргошубуз керек. Биз Шайтан башкарган дүйнөдө жашап жаткандыктан жана жеткилеңсиз болгондуктан, ой жүгүртүүбүз, жүрүм-турумубуз тез эле бул дүйнөдөгү адамдардыкындай болуп калышы мүмкүн. Шайтандын дүйнөсүнүн рухун бизди каалабаган жакка агызып кете турган дарыяга салыштырууга болот. Суунун агымы менен кетип калбаш үчүн болгон күчүбүз менен ага каршы сүзүшүбүз керек болгондой эле, Шайтандын дүйнөсүнүн таасирине алдырбаш үчүн да көп күч-аракет жумшашыбыз зарыл. Башкаларга кабар айтканда ишенимибизди алсырата турган нерселерге эмес, рухий жактан пайда алып келе турган маанилүү нерселерге көңүл топтойбуз (Флп. 4:8). Мындан тышкары, кабар айтуу иши Кудайдын убадаларын жана сүйүүгө негизделген мыйзам-принциптерин эсибизге салып, ишенимибизди бекемдейт. Ошондой эле рухий курал-жарактарыбызды тийиштүү абалда күтө билүүгө жардам берет. (Оку: Эфестиктер 6:14—17.)

13. Австралиядагы бир ишенимдешибиз кабар айтуу ишине кандай карайт?

13 Кабар айтуу жана башка рухий иштер менен дайыма алек болсок, өзүбүздүн көйгөйлөрүбүздү ойлогонго убактыбыз да болбойт. Бул бизди коргойт. Австралиялык Жоел мындай дейт: «Кабар айтуу иши мага жашоого реалдуу караганга жардам берип келет. Ага катышуу адамдардын кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатканын жана Ыйык Китептеги принциптерди жашоомдо колдонуудан кандай пайда алып жатканымды эсиме салып турат. Жакшы кабарды жарыялоо момун бойдон калууга, ошондой эле Жахабага жана бир туугандарыма ишеним артууга көмөк кылып келет».

14. Кабар айтуу ишинде күжүрмөн эмгектенип жатканыбыз кандайча Кудайдын руху бизге жардам берип жатканын далилдеп турат?

14 Кабар айтуу ишине катышуунун аркасында Кудайдын руху бизге жардам берип жатканына да ынанабыз. Мындай мисал тууралуу ой жүгүртүп көрөлү. Сен айлана-тегерегиңдегилерге пайдалуу азык заттар кошулуп жасалган нан таратып иштей баштадың. Эмгегиң үчүн эч кандай акы албайсың, кеткен чыгымдарыңды да өзүң жабышың керек. Анысы аз келгенсип, көптөр сен тараткан нанды алгысы келбей турганын айтышат, айрымдары атүгүл сени жаман көрүп, ачууланышат. Андай жумушта канчалык көпкө иштей алат элең? Адамдардын терс маанайынан, жакшылыкты баалабаганынан улам көңүлүң чөгүп, ал жумуштан  тез эле чыгып кетмек болушуң керек. Анткен менен көптөрүбүз канча жылдан бери башкалардын шылдыңдаганына, жаман көргөнүнө карабай, кеткен чыгымдарыбызды өзүбүз жаап, кызматыбызды күжүрмөндүк менен аткарып келебиз. Бул бизге Кудайдын руху жардам берип жатканынын айкын далили эмеспи?

КУДАЙ МЕНЕН КЫЗМАТТАШСАК, АНЫ ЖАНА БАШКАЛАРДЫ СҮЙӨРҮБҮЗДҮ КӨРСӨТӨБҮЗ

15. Кабар айтуу иши кандайча Жахабанын адамзатка болгон ой-ниети менен да тыгыз байланышта?

15 Кабар айтуу иши Жахабанын адамзатка болгон ой-ниети менен да тыгыз байланышта. Ал адамдардын өлбөй, жер бетинде түбөлүк жашашын ниет кылган. Адам ата күнөө кетиргенде да, анын ой-ниети өзгөргөн эмес (Ыш. 55:11). Тескерисинче, адамдарды күнөө менен өлүмдүн тузагынан бошотуу үчүн чара көргөн. Мына ушул максатта Иса Машаяк жерге келип, тил алчаак адамдар үчүн өзүнүн өмүрүн курмандыкка чалган. Тил алчаак болуш үчүн адамдар Кудайдын талаптарын түшүнүшү керек болчу. Ошондуктан Иса элге Кудайдын талаптарын да айтып, аларды окуткан жана шакирттерине да ошондой кылууну буйруган. Башкаларга Кудай менен дос болууга жардам берүү менен биз анын адамзатты күнөө менен өлүмдөн куткаруу үчүн көргөн чарасын колдогон болобуз.

16. Жакшы кабарды айтсак, кандайча Кудайдын эң маанилүү осуяттарын аткарган болобуз?

16 Адамдарга түбөлүк өмүр алууга жардам берүүнүн аркасында жакындарыбызды жана «ар кандай адамдардын куткарылышын, чындыкты так таанып-билишин каалаган» Жахаба Кудайды сүйөрүбүздү көрсөтөбүз (1 Тим. 2:4). Бир фарисей Исадан ысрайыл элине берилген мыйзамдардын эң маанилүүсү кайсы деп сураганда, ал: «„Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй“. Бул — биринчи жана эң маанилүү осуят. Экинчиси ушуга эле окшош: „Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй“»,— деп жооп берген (Мт. 22:37—39). Жакшы кабарды жарыялоо ишине катышканыбыз ушул эки мыйзамга баш иерибизди айгинелейт. (Оку: Элчилер 10:42.)

17. Жакшы кабарды жарыялоо сыймыгына кандай карайсың?

17 Биз кандай гана бактылуубуз! Жахаба бизге кубаныч тартуулаган, ага жана башкаларга жакындата турган, аны менен болгон мамилебизди коргоого көмөк кылган ишти тапшырган. Ал ишти аткаруу менен Кудайды жана жакындарыбызды сүйөрүбүздү да көрсөтө алабыз. Дүйнөнүн чар тарабында жашаган Жахабанын миллиондогон кызматчыларынын жагдай-шарты бири-бириникинен кыйла айырмаланат. Бирок алардын баары: жашы да, карысы да, байы да, кедейи да, күчтүүсү да, алсызы да ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, башкаларга ишеними тууралуу айтууга умтулуп келишет. Сен да Францияда жашаган Шантелдин айткандарына кошулат чыгарсың. Ал мындай дейт: «Ааламдын Эгедери, бардык нерсени жараткан бактылуу Кудай, мага: „Бар да, жарыяла! Менин атымдан жарыяла, чын жүрөктөн жарыяла. Мен сага өз убагында күч-кайрат, өзүмдүн Сөзүмдү — Ыйык Китепти — берем, асмандагы периштелерим, жердеги кызматчыларым аркылуу колдоо көрсөтөм, окутуп-үйрөтөм, айкын-так көрсөтмөлөрдү берип турам“,— деп жатат. Жахаба суранган ишти кылуу жана аны менен кызматташуу кандай гана чоң сыймык!»