Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ЯНВАРЬ, 2016

«Биз силер менен барабыз»

«Биз силер менен барабыз»

«Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук» (ЗАК. 8:23).

ЫРЛАР: 65, 122

1, 2. а) Жахаба биздин күндөргө байланыштуу эмнени алдын ала айткан? б) Бул макаладан кайсы суроолорго жооп алабыз? (Макаланын башындагы сүрөттү карагыла.)

БИЗДИН күндөргө байланыштуу Жахаба: «Ошол күндөрү ар кандай тилде сүйлөгөн элдерден, бардык элдерден он киши чыгып, бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: „Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук“,— дешет»,— деп алдын ала айткан (Зак. 8:23). Бул жерде айтылган «жүйүт» ыйык рух менен майлангандарды билдирет. Алар «Кудайдын Ысрайылы» деп да аталышат (Гал. 6:16). Ал эми «он киши» жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөрдү билдирет. «Он киши» майлангандарга Жахаба батасын берип жатканын билгендиктен алар менен кызматташууну сыймык деп эсептейт.

2 Закарыя пайгамбардай эле, Иса Машаяк да Кудайдын элинин өз ара биримдүү болорун баса белгилеген. Ал жолдоочуларынын «кичине отор» жана «башка койлор» деген эки топтон турарын, бирок алардын «бир койчуга» баш ийген «бир отор» болорун айткан (Лк. 12:32; Жкн. 10:16). Анткен менен бул эки топко байланыштуу мындай суроолор туулат: 1) Башка койлордун майлангандардын баарынын атын билиши зарылбы? 2) Майлангандар өздөрү тууралуу кандай ойдо болушу керек? 3) Жыйналышыңардан кимдир бирөө символдордон  ооз тие баштаса, ага кандай мамиле кылганыңар туура болот? 4) Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендердин саны өсүп жатканына тынчсызданышыбыз керекпи? Келгиле анда, ушул суроолорго жооп алалы.

МАЙЛАНГАНДАРДЫН БААРЫНЫН АТЫН БИЛИШИБИЗ КЕРЕКПИ?

3. Кимдердин 144 000ге кирерин эмне үчүн аныктай албайбыз?

3 Башка койлордун бүгүнкү күндөгү майлангандардын баарынын атын билиши зарылбы? Бир сөз менен айтканда, жок. Эмне үчүн? Анткени кимдир бирөө ыйык рух менен майланганда, бул анын асмандагы жашоого чакырылганын гана билдирет. Ал сыйлыгын али ала элек. Мына ошондуктан Шайтан «жалган пайгамбарларды» колдонуп, «мүмкүн болсо, тандалгандарды да адаштырууга» аракет кылат (Мт. 24:24). Майланган кызматчысын асманда жашоого татыктуу деп Жахаба өзү чечмейинче, эч ким анын сыйлыгын алар-албасын ишенимдүү түрдө айта албайт. Жахаба андай кызматчысына соңку мөөрдү ал ишенимдүүлүгүн сактап өлгөнгө чейин же «улуу алаамат» башталардын алдында басат (Аян 2:10; 7:3, 14). Андыктан акыр-аягы кимдин 144000ге кирерин аныктоого аракет кылуунун эч кандай пайдасы жок. [1]

4. Эгер майлангандардын баарынын атын билүү мүмкүн эмес болсо, кантип алар менен кызматташа алабыз?

4 Эгер майлангандардын баарынын атын так билүү мүмкүн эмес болсо, башка койлор кантип алар менен кызматташа алышат? Закарыя пайгамбардын каймана маанидеги «он киши» жөнүндө айткандарын эске салалы. Алар «бир жүйүттүн этегинен кармап, ага: „Биз силер менен барабыз, анткени Кудайдын силер менен экенин уктук“»,— деп айтышмак. Бул жерде бир эле «жүйүт» жөнүндө сөз жүрүп жатса да, ага карата эки жолу «силер» деген сөз колдонулган. Мындан анын бир кишини эмес, адамдардын тобун билдирерин көрүүгө болот. Ошол себептен «жүйүт» менен кызматташуу үчүн ал топтун ар бир мүчөсүн билүүнүн зарылдыгы жок. Андан көрө, анын кайсы топту билдирерин аныктап, колдоо көрсөткөнүбүз маанилүү. Ыйык Жазма бизди кайсы бир кишинин жолун жолдоого үндөбөйт, себеби биздин Жол башчыбыз — Иса Машаяк (Мт. 23:10).

МАЙЛАНГАНДАР ӨЗДӨРҮ ТУУРАЛУУ КАНДАЙ ОЙДО БОЛУШУ КЕРЕК?

5. Майлангандар кайсы эскертүү тууралуу олуттуу ой жүгүртүшү кажет жана эмне үчүн?

5 Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийгендердин баары 1 Корунттуктар 11:27—29-аяттарда камтылган эскертүү тууралуу терең ой жүгүртүшү кажет. (Аяттарды оку.) Элчи Пабыл бул аяттарда эмнени баса белгилеген? Эгер майланган бир тууган Жахаба менен жакшы мамиледе болбой туруп символдордон ооз тийсе, «татыксыз түрдө» ооз тийген болот (Евр. 6:4—6; 10:26—29). Мындай эскертүү ага сыйлыгын ала электигин эстетип турат. Ал «Кудайдын Машаяк Иса аркылуу бере турган сыйлыгына, асманга чакырылуу сыйлыгына, ээ болуу үчүн максатына» умтула бериши кажет (Флп. 3:13—16).

6. Майлангандар өздөрү тууралуу кандай ойдо болушу керек?

6 Пабыл майланган ишенимдештерин ыйык рухтун жетеги менен: «Чакырылганыңарга ылайык жашагыла»,— деп үндөгөн. Алар канткенде ушул кеңешке ылайык иш кыла алышмак? Пабыл мындай деп түшүндүргөн: «Дайыма момун, жумшак, чыдамкай болгула, бири-бириңерге сүйүү көрсөтүү менен көтөрүмдүү болгула, рух берген биримдикти сактоого жана тынчтыкта жашоого умтулгула» (Эф. 4:1—3). Ырас, Жахабанын руху анын кызматчыларына текебер эмес, момун болууга жардам берет (Кол. 3:12). Андыктан майлангандар момун  болуп, Жахабанын аларга жерде жашоого үмүттөнгөндөргө караганда сөзсүз түрдө көбүрөөк ыйык рух бере бербей турганын түшүнүшөт. Алар бөтөнчө билимге же түшүнүккө ээбиз деп ойлошпойт жана өздөрүн башкалардан жогору тургандай көрсөтүүгө умтулушпайт. Ошондой эле кимдир бирөөгө анын да майланган экенин айтып, символдордон ооз тийүүгө үндөшпөйт, анын ордуна, момун болуп, адамды Жахаба гана майлай турганын эсинен чыгарышпайт.

7, 8. Майлангандар башкалардан эмнени күтүшпөйт жана эмне үчүн?

7 Майлангандар асмандагы жашоого чакырылууну зор сыймык катары көрүшсө да, башкалардын бөтөнчө мамиле кылышын күтүшпөйт (Эф. 1:18, 19; оку: Филипиликтер 2:2, 3). Жахабанын руху алардын ар бирине жекече күбөлөндүрөт. Алардын майланганы дүйнө жүзүнө жарыяланбайт. Ошондуктан кимдир бирөө алардын майланган экенине дароо ишенбесе, таң калышпайт. Анткени Ыйык Жазмада Кудайдан өзгөчө дайындоо алганын айткан адамга шак эле ишенип калбашыбыз керектиги айтыларын жакшы билишет (Аян 2:2). Алар башкалар менен таанышканда өздөрүнүн майланган экенин айта беришпейт. Атүгүл көп учурда ал жөнүндө кеп кылуудан да качып, өздөрүнө көңүл бурдурушпайт. Ошондой эле келечекте ала турган сыйлыгын айтып мактанышпайт (1 Кор. 1:28, 29; оку: 1 Корунттуктар 4:6—8).

8 Андан тышкары, майлангандар өздөрүн элден башкача көрүшпөйт. Асмандагы жашоого чакырылган башка ишенимдештерин издеп, бири-бири менен гана мамиле түзүүгө же Ыйык Китепти изилдеген өзүнчө топторду уюштурууга умтулушпайт (Гал. 1:15—17). Андай иш-аракеттер жыйналыштын бөлүнүп-жарылышына алып барат жана тынчтык менен биримдикке өбөлгө түзгөн ыйык рухка каршы келет. (Оку: Римдиктер 16:17, 18.)

КАНДАЙ МАМИЛЕ КЫЛЫШЫБЫЗ КЕРЕК?

9. Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийгендерге кандай мамиле кылуудан качышыбыз керек жана эмне үчүн? («Сүйүү „адепсиздик кылбайт“» деген кутучаны да карагыла.)

9 Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендерге кандай мамиле кылганыбыз туура болот? Иса шакирттерине: «Силер... бир туугансыңар»,— деп айткандан кийин: «Ким өзүн көтөрсө, ал басынтылат; ким өзүн төмөн койсо, ал көтөрүлөт»,— деген (Мт. 23:8—12). Андыктан кимдир бирөөнү, атүгүл ал Машаяктын майланган бир тууганы болсо да, өтө көкөлөтүү туура эмес болуп калмак. Ыйык Китеп бизди арабызда жетекчиликти колго алган аксакалдардыкындай ишенимге ээ болууга чакырары чын, бирок анда кайсы бир адамды туу тутушубуз керектиги айтылбайт (Евр. 13:7). Албетте, Кудайдын Сөзүнө ылайык, айрым бир туугандарга «эки эсе урмат көрсөтүшүбүз» керек, бирок алар андай урмат-сыйга майланган болгону үчүн эмес, «жакшы жетекчилик кылганы» жана «насаат айтып, окутуп, талыкпай кызмат кылганы» үчүн татыктуу (1 Тим. 5:17). Ошол себептен асманга чакырылгандарга өтө көп көңүл буруп, даңктап-даңазаласак, алар өздөрүн оңтойсуз сезиши мүмкүн. Андан да жаманы, ошондой мамиле кыла берсек, аларга момун бойдон калуу кыйын болушу ыктымал (Рим. 12:3). Эч кимибиз Машаяктын бир тууганынын күнөө кылышына себепкер болуп калгыбыз келбейт (Лк. 17:2).

Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендерге кандай карашыбыз керек? (9—11-абзацтарды карагыла)

10. Канткенде майлангандарга урмат-сый көрсөткөн болобуз?

10 Канткенде майлангандарга тийиштүү түрдө урмат-сый көрсөткөн болобуз? Ан үчүн алардын майланганына байланыштуу жеке суроолорду берип, өзүбүзгө тиешеси жок нерселерге кийлигишүүдөн качканыбыз жакшы (1 Тес. 4:11; 2 Тес. 3:11). Алардын ата-энеси, өмүрлүк жары же дагы башка туугандары да майланган  болуш керек деп божомолдобогонубуз оң. Анткени асманда жашоого болгон үмүт адамга жубайы же кайсы бир жакын тууганы аркылуу өтпөйт (1 Тес. 2:12). Ошондой эле майланган бир туугандын жарынан келечекте жер бетиндеги бейиште ансыз жашай турганын билгенде кандай сезимде болгонун сураганыбыз да орунсуз болуп калмак. Катуу тие турган суроолорду бергендин ордуна, Жахабанын жаңы заманда «бардык тирүү жандардын каалоосун орундатарына» толук ишенгенибиз туура болот (Заб. 145:16).

11. Кимдир бирөөнү өтө эле аздектей берүүдөн алыс болсок, кандайча өзүбүздү коргойбуз?

11 Майлангандарга орундуу түрдө урмат көрсөтүү менен өзүбүздү да коргойбуз. Кандайча? Ыйык Жазмада арабызга «жалган бир туугандар» «тымызын кирип» алышы мүмкүн экени айтылган (Гал. 2:4, 5; 1 Жкн. 2:19). Ал кишилер жадагалса өздөрүн майланганбыз деп айтышы ыктымал. Мындан тышкары, Машаяктын майланган жолдоочуларынын айрымдары чындык жолунан чыгып калышы мүмкүн (Мт. 25:10—12; 2 Пет. 2:20, 21). Эгерде кимдир бирөөнү өтө эле аздектеп, ага суктана берүүдөн алыс болсок, узак убактан бери чындыкта жүргөн же көптөргө белгилүү болгон бир тууган ишенимдүү болбой калса, анын айынан чындык жолунан четтеп кетпейбиз жана ишенимибиз да алсырап калбайт.

СИМВОЛДОРДОН ООЗ ТИЙГЕНДЕРДИН САНЫ ӨСҮП ЖАТКАНЫНА ТЫНЧСЫЗДАНЫШЫБЫЗ КЕРЕКПИ?

12, 13. Нан менен шараптан ооз тийгендердин саны өсүп жатканына эмне үчүн тынчсызданбашыбыз керек?

12 Ондогон жылдар бою Эскерүү кечесинде символдордон ооз тийгендердин саны улам азайып бараткан. Бирок акыркы жылдарда алардын саны барган сайын өсүүдө. Бул бизди тынчсыздандырышы керекпи? Жок. Келгиле, мунун бир нече себебин карап көрөлү.

13 «Жахаба өзүнө таандык болгондорду билет» (2 Тим. 2:19). Эскерүү кечесинде нан менен шараптан ооз тийгендерди санаган бир туугандар кимдин чынында эле майланган экенин билишпейт. Ооз тийгендердин арасында өздөрүн майланганбыз деп жаңылыш ойлогондор да бар. Айрымдар кайсы бир убакытка чейин ооз тийип жүрүп, кийин токтотуп коюшкан. Кээ бирөөлөр психикалык же эмоциялык жактан кыйналгандыктан Машаяк менен бирге асманда бийлик жүргүзөм деп ойлоп алышы ыктымал. Ошондуктан жерде канча  майланган бар экенин символдордон ооз тийгендердин санына жараша аныктоого болбойт.

14. Жердеги майлангандардын саны улуу алаамат башталганда канча болору тууралуу Ыйык Жазмада эмне айтылат?

14 Иса Машаяк майлангандарды асманга алып кеткени келгенде, алар дүйнөнүн чар тарабында болушат. Ошол убак тууралуу Ыйык Китепте: «Ал [Иса] периштелерин жиберет. Алар анын тандагандарын катуу тартылган сурнайлардын коштоосунда төгөрөктүн төрт бурчунан, асмандын бир учунан экинчи учуна чейин чогултушат»,— делет (Мт. 24:31). Ыйык Жазмада акыркы күндөрдө жер бетинде майлангандардын аз эле санда болору айтылган (Аян 12:17). Бирок анда улуу алаамат башталганда алардын саны канча болору так көрсөтүлгөн эмес.

15, 16. 144 000ге кире тургандарга байланыштуу эмнелерди түшүнүшүбүз керек?

15 Майлангандарды качан тандоону Жахаба өзү чечет (Рим. 8:28—30). Жахаба майлангандарды Иса тирилгенден кийин тандай баштаган. Сыягы, анын 1-кылымдагы кызматчыларынын баары майланган болгон. 1-кылымдан тартып акыркы күндөр башталганга чейин, өздөрүн Машаяктын жолдоочулары деп атагандар көп болгон. Бирок алардын басымдуу бөлүгү, чынында, анын жолдоочулары эмес болчу. Иса аларды «отоо чөпкө» салыштырган. Анткен менен ошол убакыт аралыгында Жахаба айрым ишенимдүү адамдарды ыйык руху менен майлаган. Алар, Иса айткандай, «отоо чөптүн» арасында өскөн «буудай» болушкан (Мт. 13:24—30). Жахаба акыркы күндөр башталгандан бери да 144 000дин катарына кире тургандарды тандап келатат. [2] Эгер ал айрымдарга мындай сыймыкты дүйнө түзүлүшүнүн аяк ченинде ыйгарууну чечсе, анын акылмандыгына шек туудургудай биз кимбиз? (Ыш. 45:9; Дан. 4:35; оку: Римдиктер 9:11, 16). [3] Исанын мисалындагы акыркы саатта келип, бир эле саат иштеген жумушчуларга башкалар менен бирдей эле акы төлөгөн жүзүмзардын ээсине нааразы болгон жумушчуларга окшоп калуудан сак болушубуз керек. (Оку: Матай 20:8—15.)

16 Асманда жашоого үмүттөнгөндөрдүн баары эле «ишенимдүү жана акылдуу кулду» түзө бербейт (Мт. 24:45—47). 1-кылымдагыдай эле, бүгүнкү күндө да Жахаба менен Иса көптөрдү аз эле киши аркылуу азыктандырууда. 1-кылымда майлангандардын бир нечеси эле Грек Жазмаларын жазууга катышкан. Анын сыңарындай, азыркы убакта Кудайдын майланган кызматчыларынын азы гана анын элине «өз убагында тамак берип турууга» дайындалган.

17. Бул макаладан эмнелерди билдиңер?

17 Бул макаладан эмнелерди билдик? Жахаба кызматчыларынын баарына сыйлык берет. Ал каймана маанидеги жүйүткө асманда жашоого, ал эми он кишиге жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүт берүүнү чечкен. Анткен менен ал эки топтон тең бирдей эле мыйзам-принциптерге баш ийүүнү жана ишенимдүүлүгүн сактоону талап кылат. Эки топтогулар тең момундугунан жазбашы, биримдүү болушу жана жыйналышта тынчтык өкүм сүрүшүнө өбөлгө түзүшү керек. Бул дүйнөнүн аягы жакындап келаткандыктан, келгиле, баарыбыз Машаяктын жетекчилигине баш ийген бир отордой кызмат кыла берүүгө чечкиндүү бололу.

^ [1] (3-абзац) Забур 87:5, 6-аяттардан көрүнүп тургандай, Иса Машаяк менен асманда бийлик жүргүзө тургандардын баарынын ысымы келечекте айкын болушу мүмкүн (Рим. 8:19).

^ [2] (15-абзац) Элчилер 2:33тө ыйык рух Иса аркылуу төгүлөрү айтылса да, кимди ыйык рух менен майлаарын Жахаба өзү чечет.

^ [3] (15-абзац) Бул тууралуу көбүрөөк билүү үчүн 2007-жылы 1-майда чыккан «Күзөт мунарасынын» (ор.) 30, 31-беттериндеги «Окурмандардын суроолорун» карагыла.