Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ИЮЛЬ, 2016

Эмне үчүн «сергек болушубуз» керек?

Эмне үчүн «сергек болушубуз» керек?

«Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер» (МТ. 24:42).

ЫРЛАР: 136, 129

1. Убакытка жана болуп жаткан окуяларга маани бергенибиз эмне үчүн зарыл экенин мисал менен түшүндүр. (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

БЕШ, төрт, үч, эки, бир! Экрандан артка саналган саатты көргөндө ордубузга отуруп, жыйын башталардын алдында коюла турган музыканы угууга убакыт келип жеткенин түшүнөбүз. Күзөт мунарасы коомунун оркестри ойногон ал музыканы кунт коюп угуунун аркасында акылыбыз менен жүрөгүбүздү айтыла турган баяндамаларга даярдайбыз. Бирок айрымдар ошол учурда ары-бери басып же достору менен пикирлешип, жыйындын башталганын байкабай калышат. Анткени алар убакытка жана айланада болуп жаткан нерселерге: жыйындын төрагасынын сахнада отурганына, музыка ойноп жатканына, башкалардын өз ордун ээлегенине көңүл бурбай жүрө беришет. Бул мисал алдыда боло турган абдан маанилүү окуяга убакыт аз калганын баамдап, ага даяр туруу зарыл экенин түшүнүүгө жардам берет. Ал эмне болгон окуя?

2. Иса пайгамбар эмне үчүн шакирттерине: «Сергек болгула»,— деген?

2 Иса Машаяк бул дүйнөнүн акыры жөнүндө айтып жатып шакирттерин: «Байкагыла, сергек болгула, анткени  белгиленген убакыттын качан келерин билбейсиңер»,— деп үндөгөн. Анан дагы бир жолу: «Сергек болгула»,— деген (Мт. 24:3; оку: Марк 13:32—37). Матай жазган Инжилден да көрүнүп тургандай, Иса пайгамбар жолдоочуларынын сергек турушу маанилүү экенин баса белгилеген. Ал: «Сергек болгула, анткени Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер... Даяр болгула, себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— деген. Анан: «Сергек болгула, себеби ал күндү да, саатты да билбейсиңер»,— деп дагы бир жолу айткан (Мт. 24:42—44; 25:13).

3. Биз эмне үчүн Иса пайгамбардын эскертүүсүнө олуттуу көңүл бурабыз?

3 Жахабанын Күбөлөрү катары биз Иса пайгамбардын эскертүүсүнө олуттуу карайбыз. Анткени «акыркы убактын» акыркы сааттарында жашап жатканыбызды жана «улуу алааматка» өтө эле аз калганын жакшы билебиз (Дан. 12:4; Мт. 24:21). Баарыбыз эле дүйнө жүзү боюнча согуш-жаңжалдар, адеп-ахлаксыздык, мыйзамсыздык, ачарчылык, жугуштуу оорулар, жер титирөөлөр күч алып, жалган диний окуулардын жайылып баратканына күбө болуудабыз. Ошол эле учурда Жахабанын эли Падышалык жөнүндөгү кабарды төгөрөктүн төрт бурчуна жарыялоодо (Мт. 24:7, 11, 12, 14; Лк. 21:11). Биз Мырзабыз келе турган жана Кудайдын ой-ниети толугу менен аткарыла турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатабыз (Мр. 13:26, 27).

УБАКЫТ АБДАН АЗ КАЛДЫ!

4. а) Иса Машаяк азыр Армагедондун качан болорун билет деп эмне үчүн айта алабыз? б) Улуу алааматтын качан келерин так билбесек да, эмнеден шектенбесек болот?

4 Жыйынга баратканда биз анын ар бир бөлүгү саат канчада башталарын так билебиз. Ал эми улуу алаамат баштала турган жылды да, күндү да, саатты да, канчалык аракет кылбайлы, биле албайбыз. Жерде жүргөндө Иса пайгамбар: «Ал күндү жана саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет»,— деген (Мт. 24:36). Асманга барганда болсо, Кудай ага Шайтандын дүйнөсүнө каршы согуш жүргүзүүгө бийлик берген (Аян 19:11—16). Ошондуктан ал азыр Армагедон согушу качан болорун билет деп айта алабыз. Ал эми биз аны билбейбиз. Андыктан улуу алаамат баштала турган убакты күтүп, сергек болгонубуз талап. Жахаба болсо ал күндүн качан келерин башынан эле так билет. Ал анын убакыт-саатын белгилеп койгон. Каймана мааниде айтканда, азыр ал улуу алааматка абдан аз калганын көрсөтүп, убакытты артка санап жатат. Ал күн кечикпей келет! (Оку: Хабакук 2:1—3.) Буга эмне үчүн шектенбесек болот?

5. Жахаба айткан пайгамбарлыктардын дайыма өз убагында аткарыларына мисал келтир.

5 Жахаба айткан пайгамбарлыктар дайыма өз убагында аткарылып келет. Мисалы, ал ысрайылдыктарды Мисир жеринен качан алып чыгарын так айткан. Б.з.ч. 1513-жылдын 14-нисаны жөнүндө Муса пайгамбар: «Төрт жүз отуз жыл аяктаганда, дал ошол күнү Жахабанын бүт аскери Мисир жеринен чыкты»,— деген (Чыг. 12:40—42). Ошол «төрт жүз отуз жыл», Жахабанын Ыбрайым пайгамбар менен түзгөн келишими б.з.ч. 1943-жылы күчүнө киргенде, башталган (Гал. 3:17, 18). Кийинчерээк Жахаба Ыбрайым пайгамбарга: «Билип кой, сенин тукумуң бөтөн жерде келгин болуп, ал жердегилерге кызмат кылат. Алар сенин тукумуңду 400 жыл кысымга алышат»,— деген (Башт. 15:13; Элч. 7:6). Ал айткан «400 жыл», сыягы, б.з.ч. 1913-жылы Ысмайыл эмчектен чыккан Ыскакты мазактаганда башталып, б.з.ч. 1513-жылы ысрайылдыктар  Мисирден чыкканда аяктаган (Башт. 21:8—10; Гал. 4:22—29). Ооба, Жахаба өзүнүн элин кулчулуктан качан бошоторун төрт жүз жыл мурун эле так айтып койгон.

6. Жахабанын өз элин аман алып каларына эмне үчүн толук ишенсек болот?

6 Мисир кулчулугунан чыккандардын бири Жашыя бүт ысрайыл элине: «Силер Жахаба Кудайыңардын силерге берген убадаларынын бири да аткарылбай калбаганын жакшы билесиңер. Алардын баары аткарылды, бири да аткарылбай калган жок»,— деп айткан (Жаш. 23:2, 14). Андыктан Жахабанын бизди улуу алааматтан аман алып каларына байланыштуу берген убадасын да аткарарына толук ишенсек болот. Бирок бул дүйнө менен кошо жок болуп кетпеш үчүн сергек болушубуз керек.

АМАН КАЛУУ ҮЧҮН СЕРГЕК БОЛУУ МААНИЛҮҮ

7, 8. а) Байыркы убактагы күзөтчүлөр кандай милдет аткарышкан жана алардан эмнеге үйрөнсөк болот? б) Күзөтчүлөр уктап калганда, кесепети кандай болчу? Мисал келтир.

7 Биз байыркы убактагы күзөтчүлөр жөнүндөгү билдирүүлөрдөн көп нерсени биле алабыз. Ал кезде Иерусалим сыяктуу чоң шаарлар бийик дубалдар менен курчала турган. Андай дубалдар баскынчылардан коргочу. Ошондой эле алардын үстүндө турган күзөтчүлөргө айлана-тегерек алаканга салгандай көрүнүп турчу. Дубалдын үстүндө жана дарбазанын оозунда турган күзөтчүлөр шаарды күнү-түнү кайтарып, кандайдыр бир коркунуч туулганда, тургундарга дароо эскертишчү (Ыш. 62:6). Элдин өмүрү алардын уктабай, сергек турганынан түзмө-түз көз каранды болгон (Жез. 33:6).

8 Жүйүт тарыхчысы Иосиф Флавийдин айтымында, дарбаза кайтарган сакчылар уктап калгандыктан, б.з. 70-жылы Рим аскерлери Иерусалим шаарынын дубалына улай салынган Антония чебин басып алышкан. Анан ошол чеп аркылуу шаарга кирип барып, ибадаткананы өрттөп, чоң кыргын салышкан. Андай алаамат Иерусалим менен жүйүт элинин тарыхында эзели болуп көргөн эмес эле.

9. Бүгүнкү күндө көптөр эмнени билишпейт?

9 Бүгүнкү күндө көптөгөн өлкөлөрдүн күзөтчүлөрү, башкача айтканда, чек арачылары жана алдыңкы технологиялар менен жабдылган байкоо системалары бар. Алар чек арадан мыйзамсыз түрдө өтүүгө аракет кылгандардан жана улуттук коопсуздугуна коркунуч туудургандардан эл-жерин коргоп турушат. Бирок алар адамдар же өкмөттөр туудурган коркунучту гана байкай алышат. Ал эми Машаяк башкарган асмандагы Падышалык жөнүндө, анын аткарып жаткан иштери жана жакында бардык улуттарга каршы согушары тууралуу эч нерсе билишпейт (Ыш. 9:6, 7; 56:10; Дан. 2:44). Биз болсо сак жана сергек болуп, ал күн качан келбесин, дайым даяр турабыз (Заб. 130:6).

СЕРГЕК БОЛУУГА ЭМНЕЛЕР ТОСКООЛДУК КЫЛАТ?

10, 11. а) Эмнеден сак болушубуз керек жана эмне үчүн? б) Адамдардын Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарга кулак какпай жатканына Шайтан себепкер экенине эмне үчүн ишенесиң?

10 Түнү менен кирпик какпай, сак турган күзөтчүнү элестетсең. Нөөмөтү бүтөрүнө аз калганда, ага уйкуга алдырбай, сергек туруу аябай оор болот. Анын сыңарындай, бул дүйнөнүн акыры жакындаган сайын, сергек туруу улам кыйындай берет. Эгер чыдабай, рухий жактан уктап калсак, кандай гана өкүнүчтүү болмок. Андыктан, келгиле, сергек жана сак болууга тоскоолдук кылган үч нерсеге токтололу.

11 Шайтан адамдарды «уктатып» койгондуктан, алар кабарга кош көңүл карашат. Жердеги жашоосу  соңуна чыгып баратканда, Иса пайгамбар шакирттерине «бул дүйнөнүн башкаруучусу» жөнүндө үч жолу айткан (Жкн. 12:31; 14:30; 16:11). Ал Шайтандын адамдардын акылын сокур кылып коёрун билген. Ошондуктан көптөр бул дүйнөнүн акырына аз калганын көрсөткөн пайгамбарлыктарга маани бербей келишет (Сеп. 1:14). Аларды рухий караңгылыкта кармоо үчүн Ибилис жалган диндин дүйнөлүк империясын колдонот. Кызматта жүргөндө көбүнчө эмнени байкайсың? Балким, дүйнөнүн жакында жок болорун жана Машаяктын башкарып жатканын баамдабашы үчүн, Шайтан «ишенбегендердин акылын сокур кылып койгонун» байкаган чыгарсың (2 Кор. 4:3—6). Ошондой эле: «Мага кереги жок, кызыкпайм!» — дегендерди көп эле жолуктурат болушуң керек. Чынында эле, бул дүйнөнүн жакында эмне болорун айтканыбызда, көптөр маани деле беришпейт.

12. Эмне үчүн Шайтанга алданбашыбыз керек?

12 Башкалардын кош көңүлдүгүнөн улам сергек болбой калышыңа же ындыныңдын сууп калышына жол бербе. Анткени сергек болуу канчалык маанилүү экенин жакшы түшүнөсүң. Элчи Пабыл: «Жахабанын күнү түн жамынган уурудай болуп келерин жакшы билесиңер»,— деп жазган. (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:1—6.) Иса пайгамбар болсо: «Даяр тургула, себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— деп эскерткен (Лк. 12:39, 40). Жакында Шайтан көптөрдү адаштырып, «дүйнөгө тынчтык жана коопсуздук орноду, баары жакшы болот» деген калпка ишендирет. Бирок Жахабанын күнү күтүлбөгөн жерден келет, ошондо алар дүрбөлөңгө түшүшөт. Ал эми биз тууралуу эмне айтууга болот? Эгер башкаларга окшоп Шайтанга алданбай, Жахабанын күнүнө даяр тургубуз келсе, «сергек жана сак болушубуз» керек. Ан үчүн Ыйык Китепти күн сайын окуп, Жахабанын айткандары жөнүндө ой жүгүртүшүбүз зарыл.

13. Дүйнөнүн руху адамдарга кандай таасир этүүдө жана канткенде өзүбүздү анын таасиринен коргой алабыз?

13 Дүйнөнүн руху адамдарды рухий жактан үргүлөтүүдө. Канчалагандар күнүмдүк иштерине баш-оту менен кирип кеткендиктен «рухий муктаждыгын сезбей» жатышат (Мт. 5:3). Алардын эси-дартынын баарын дене кумарын, көз кумарын ойготкон нерселер ээлеп алган (1 Жкн. 2:16). Көңүл  ачуу тармагы да «ырахатты сүйүүгө» үндөп, жылдан жылга таасирин күчөтүүдө (2 Тим. 3:4). Ошол себептен элчи Пабыл ишенимдештерине: «Дене кумарларын кантип канааттандырууну ойлонуштурбагыла»,— деп жазган. Анткени бул рухий жактан уктатып коёт (Рим. 13:11—14).

14. Лука 21:34, 35те кандай эскертүү жазылган?

14 Биз бул дүйнөнүн рухуна эмес, Жахабанын рухуна жетектелгибиз келет. Жахаба өзүнүн руху аркылуу бизге алдыда боло турган окуялардын маанисин айкын түшүнүүгө көмөк кылууда [1] (1 Кор. 2:12). Сак болбосок, бизди өзгөчө бир чоң нерселер эмес, күнүмдүк жашоодогу кадимки эле нерселер рухий жактан үргүлөтүп, Жахабага кызмат кылуудан алаксытып коёт. (Оку: Лука 21:34, 35.) Акыркы күндөрдө жашап жатканыбызга ишенип, сергек турганыбыз үчүн, көптөр бизди шылдыңдашы мүмкүн. Бирок бул сергек бойдон калышыбызга тоскоолдук кылбашы керек (2 Пет. 3:3—7). Бизге Кудайдын руху таасир этиши үчүн, жыйналыш жолугушууларына дайыма барып, ишенимдештерибиз менен пикир алышып турганыбыз кажет.

Рухий жактан сергек болуу үчүн бүт күчүңдү жумшап жатасыңбы? (11—16-абзацтарды кара)

15. Петир, Жакып, Жакан эмне кылышкан жана кандайча биз да алардай болуп калышыбыз мүмкүн?

15 Жеткилеңсиздигибиз сергек турушубузга тоскоолдук кылат. Иса Машаяк жеткилеңсиз адамдардын өздөрүнүн алсыздыктарына оңой эле алдырып коёрун жакшы билген. Ал өлүм жазасына тартылардын алдындагы түнү болгон окуяны карап көрөлү. Акырына чейин кынтыксыздыгынан жазбаш үчүн Иса асмандагы Атасынын жардамына муктаж болгон. Ошондуктан Петирден, Жакыптан жана Жакандан «сергек болууну» өтүнүп, тиленгени кеткен. Өкүнүчтүүсү, алар мунун канчалык маанилүү экенин түшүнүшкөн эмес. Ошол себептен Мырзасы менен чогуу сергек тургандын ордуна, уйкуга алдырып коюшкан. Иса болсо аябай чарчап турса да, сергек болуп, Атасынан жалындуу тиленген. Анын элчилери да ошондой кылышы керек болчу (Мр. 14:32—41).

16. Лука 21:36га ылайык, Иса бизге кандай кеңеш берген?

16 Рухий жактан «сергек болуу» үчүн аны каалап коюу эле жетишсиз. Гетсемани багында болгон окуядан бир нече күн мурун Иса пайгамбар жогоруда айтылган шакирттерине дайыма Жахабадан жалындуу тилениши керектигин айткан болчу. (Оку: Лука 21:36.) Андыктан рухий жактан сергек болуш үчүн биз да үзгүлтүксүз тиленишибиз керек (1 Пет. 4:7).

ДАЙЫМА СЕРГЕК БОЛ

17. Канткенде алдыда боло турган окуяларга даяр болобуз?

17 Иса Машаяк: «Адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет»,— деген (Мт. 24:44). Андыктан азыр рухий жактан үргүлөй турган жана Шайтан менен анын дүйнөсү сунуш кылган нерселерди, денебиздин каалоолорун көздөп, куру кыялга бата турган убак эмес. Кудай менен Иса Машаяк Ыйык Китеп аркылуу бизге жакында эмнелер болорун жана канткенде сергек боло аларыбызды ачып берүүдө. Ар бирибиз рухийлигибизге кам көрүп, Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдеп, Падышалыктын иштерине көңүл топтошубуз керек. Алдыда боло тургандарга даяр болуш үчүн кандай убакта жашап жатканыбызга жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларга терең маани беришибиз зарыл (Аян 22:20). Себеби мындан өмүрүбүз көз каранды!

^ [1] (14-абзац) «Кудайдын Падышалыгы башкарып жатат!» деген китептин 21-бөлүмүн кара.