Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ИЮЛЬ, 2016

Кудайдын ырайымы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыяла

Кудайдын ырайымы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыяла

«Кудайдын ырайымы тууралуу жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүр» (ЭЛЧ. 20:24).

ЫРЛАР: 101, 84

1, 2. Элчи Пабыл Кудайдын ырайымына ыраазы болгонун кантип көрсөткөн?

ЭЛЧИ ПАБЫЛ: «[Кудайдын] мага көрсөткөн ырайымы текке кеткен жок»,— деп ишенимдүү түрдө айткан. (Оку: 1 Корунттуктар 15:9, 10.) Ал мурда Кудайдын кызматчыларын катуу куугунтуктап келген. Ошондуктан Кудайдын ырайымына татыктуу боло албай турганын жана ага өз аракети менен жетмек эместигин жакшы түшүнгөн.

2 Өмүрүнүн аяк жагында Пабыл Кудай кошкон бир тууганы Тиметейге: «Мага күч берген Мырзабыз Машаяк Исага мени ишенимдүү деп эсептеп, кызматка дайындаганы үчүн ыраазымын»,— деп жазган (1 Тим. 1:12—14). Ал кайсы кызмат жөнүндө сөз кылган? Пабыл ал туурасында Эфестеги аксакалдарга: «Мен жанымды эч аябайм. Кудайдын ырайымы тууралуу жакшы кабарды жарыялап, кылдат күбөлөндүрүш үчүн жарышымдын аягына чыгып, Мырзабыз Иса тапшырган кызматымды аягына чейин аткарсам эле болду»,— деген (Элч. 20:24).

3. Элчи Пабылга кандай өзгөчө кызмат тапшырылган? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

 3 Пабыл эмне жөнүндө жакшы кабар айткан жана анын Кудайдын ырайымы менен кандай байланышы болгон? Ал Эфестеги ишенимдештерине: «Силер мага Кудайдын ырайымына байланышкан жоопкерчиликтин силердин пайдаңар үчүн берилгенин [уккансыңар]»,— деп жазган (Эф. 3:1, 2). Ал башка улуттан болгон адамдарга да Иса Машаяк менен чогуу Кудайдын Падышалыгында бийлик кылууга жол ачылганы жөнүндө жакшы кабар жарыялоого дайындалган. (Оку: Эфестиктер 3:5—8.) Ооба, Пабыл жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялап, бизге бул жагынан сонун үлгү көрсөткөн жана Кудайдын ага көрсөткөн ырайымынын текке кетпегенин далилдеген.

КУДАЙДЫН ЫРАЙЫМЫ САГА ТҮРТКҮ БЕРИП ЖАТАБЫ?

4, 5. Падышалык жөнүндөгү жакшы кабар менен «Кудайдын ырайымы тууралуу жакшы кабар» бир эле нерсе деп эмне үчүн айта алабыз?

4 Азыркы акыркы күндөрдө Кудайдын кызматчыларына Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды «дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү» тапшырылган (Мт. 24:14). Биз жарыялап жаткан кабарды «Кудайдын ырайымы тууралуу жакшы кабар» деп да айтууга болот. Себеби Падышалык аркылуу төгүлө турган баталардын баарына биз Жахабанын Машаяк аркылуу көрсөткөн ырайымынын аркасында гана ээ боло алабыз (Эф. 1:3). Ар бирибиз Кудайдын ырайымына ыраазы экенибизди, элчи Пабылдай болуп, жакшы кабар жарыялоо ишине ынталуу катышуу менен көрсөтүп жатабызбы? (Оку: Римдиктер 1:14—16.)

5 Буга чейинки макаладан билгенибиздей, күнөөкөр пенде болгонубузга карабай Жахабанын ырайымынын аркасында мол батага ээ болуп жатабыз. Андыктан биз Жахабанын кандайча сүйүү көрсөтүп жатканы жана мунун аларга кандай пайда алып келери жөнүндө бардык адамдарга жарыялоого милдеттүүбүз. Анда башкалар Кудайдын ырайымы жөнүндө эмнелерди билиши керек жана аларга кантип жардам берсек болот?

КУН ЖӨНҮНДӨГҮ ЖАКШЫ КАБАРДЫ ЖАРЫЯЛА

6, 7. Кун жөнүндө айтканыбызда кандайча «Кудайдын ырайымы тууралуу жакшы кабарды» айткан болобуз?

6 Азыркы дүйнөдө бардыгына жол бериле бергендиктен, күнөө деген түшүнүк жоюлуп, уятсыз иштер боло жүргөн нерсеге айланып баратат. Ошондуктан көптөгөн адамдар күнөөдөн куткарылуунун зарылдыгын түшүнүшпөйт. Ошол эле учурда өзүн эч нерседен чектебей жашоонун чындап бактылуу кылбай турганына көзү жеткен адамдардын саны өсүүдө. Жахабанын Күбөлөрү менен сүйлөшкөнгө чейин көптөр күнөө деген эмне экенин, бизге кандай таасир этерин жана анын кулчулугунан бошонуу үчүн эмне кылыш керектигин билишкен эмес. Ал эми жүрөгү таза кишилер Жахабанын чексиз сүйүүсүнөн, улуу ырайымынан улам бизди күнөөдөн жана анын кесепети болгон өлүмдөн куткарыш үчүн Уулун жерге жибергенин билгенде кадимкидей жеңилдей түшүшкөн (1 Жкн. 4:9, 10).

7 Жахабанын сүйүктүү Уулу тууралуу элчи Пабыл: «Кудайдын мол ырайымынан улам Машаяк аркылуу, анын канынын негизинде төлөнгөн кун аркылуу боштондукка чыгышыбызга, ооба, күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жол ачылган»,— деп жазган (Эф. 1:7). Ырас, Машаяктын куткаруу курмандыгы — Кудайдын сүйүүсүнүн жана мол ырайымынын эң чоң далили. Иса Машаяктын  биз үчүн төккөн канына ишенүүнүн аркасында күнөөлөрүбүз кечирилип, абийирибиз тазаланарын билгенде кандай гана сүйүнгөнбүз! (Евр. 9:14). Бул, чынында эле, сөзсүз жар салынышы керек болгон жакшы кабар!

БАШКАЛАРГА КУДАЙ МЕНЕН ДОС БОЛУУГА ЖАРДАМ БЕР

8. Эмне үчүн күнөөкөр адамдар Кудай менен элдешиши керек?

8 Биз башкаларга Жараткан менен ынак мамиле түзө аларын жарыялоого да жооптуубуз. Себеби алар Машаяктын куткаруу курмандыгына ишенишпесе, Кудай аларды душманы деп эсептейт. Элчи Жакан буга байланыштуу: «Ким Кудайдын Уулуна ишенсе, түбөлүк өмүргө ээ болот. Ал эми ким ага баш ийбесе, өмүргө ээ болбойт; ал Кудайдын каарына калат»,— деп жазган (Жкн. 3:36). Бактыга жараша, Машаяктын курмандыгынын аркасында Кудай менен элдешүүгө жол ачылган. Элчи Пабыл: «Жалаң жаман иштерди ойлогондуктан силер бир кездерде Кудайдан алыс элеңер, ага душман болчусуңар. Бирок азыр... ал силерди Уулунун адамдык денеси, өлүмү аркылуу өзү менен элдештирди»,— деген (Кол. 1:21, 22).

9, 10. а) Машаяк майланган бир туугандарына кандай иш тапшырган? б) «Башка койлор» майлангандарга кантип жардам берүүдө?

9 Машаяк өзүнүн жердеги майланган бир туугандарына тапшырган ишти элчи Пабыл «элдештирүү кызматы» деп атаган. Ошол тууралуу ал 1-кылымдагы майланган ишенимдештерине мындай деп жазган: «Бирок баары Кудайдан. Ал бизди Машаяк аркылуу өзү менен элдештирип, бизге элдештирүү кызматын берди. Башкача айтканда, Кудай адамдардын күнөөлөрүн эсепке албай, дүйнөнү Машаяк аркылуу өзү менен элдештирди. Бизге болсо элдештирүү кабарын жарыялоону тапшырды. Ошондуктан, Кудай адамдардан биз аркылуу өтүнүп жаткандай, биз Машаяктын атынан жиберилген Падышалыктын элчилерибиз. Машаяктын атынан жиберилгендер катары: „Кудай менен элдешкиле“,— деп суранабыз» (2 Кор. 5:18—20).

10 «Башка койлор» майланган ишенимдештерине «элдештирүү кызматын» аткарууга жардам берүүнү сыймык катары көрүшөт (Жкн. 10:16). Машаяктын атынан сүйлөгөн кабарчылар катары «башка койлор» көптөргө Ыйык Китептен билим алууга, Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүүгө жардам берип жатышат. Бул — «Кудайдын ырайымы тууралуу жакшы кабарды» күбөлөндүрүү ишинин маанилүү бөлүгү.

КУДАЙДЫН ТИЛЕНҮҮБҮЗДҮ УГАРЫ ЖӨНҮНДӨ АЙТ

11, 12. Жахабанын «тиленүүлөрдү Угуучу» экенин билүү эмне себептен жакшы кабар болуп эсептелет?

11 Көптөр өзүн жакшы сезиш үчүн эле тиленишет, бирок Кудайдын аларды угарына анча деле ишенишпейт. Андыктан алар Жахабанын «тиленүүлөрдү Угуучу» экенин билиши керек. Забурчу Дөөтү: «Оо, тиленүүлөрдү Угуучу, сага ар кандай адамдар келет. Күнөөлөрүм мага үстөмдүк кылып жатат. Сен кылмыштарымды кечиресиң»,— деп тиленген (Заб. 65:2, 3).

12 Ошондой эле Иса пайгамбар шакирттерине: «Менин атыман эмне сурабагыла, аны аткарам»,— деп айткан (Жкн. 14:14). Бул аяттагы «эмне» деген сөз, кыязы, Жахабанын эркине ылайык келген нерселердин баарын камтыйт. Элчи Жакан: «Биз Кудайдын эркине ылайык эмне сурабайлы, анын бизди угарына шектенбейбиз»,— деген (1 Жкн. 5:14). Башкаларга Кудайдан тиленүүнүн тек гана жан дүйнөнү тынчтандыруунун амалы эмес, анын «ырайым тактысына» жакындоонун жолу экенин  түшүнүүгө жардам бергенибиз кандай сонун! (Евр. 4:16). Аларга туура тиленүүнү: кимден, кантип жана эмне жөнүндө тиленүү керектигин үйрөтсөк, Жахабага жакындоого жана оор учурларда жүрөгүнө тынчтык табууга көмөк кылабыз (Заб. 4:1; 145:18).

КУДАЙ БЕЙИШТЕ ДА ЫРАЙЫМЫН КӨРСӨТӨТ

13, 14. а) Майлангандар келечекте кандай өзгөчө сыймыкка ээ болушат? б) Алар адамзатка кантип жардам беришет?

13 Жахаба ырайымын азыр эле эмес, жаңы заманда да көрсөтө берет. Машаяк менен бирге асманда бийлик кылууга чакырылган 144000 майланган кызматчынын өзгөчө сыймыкка ээ болгону жөнүндө элчи Пабыл мындай деп жазган: «Кайрымдуулугу мол Кудай бизге улуу сүйүүсүн көрсөтүп, кылмыштарыбыздан улам өлүк болсок да, бизди тирилтип, Машаяк менен бириктирди. Ошентип, силер ырайым менен куткарылдыңар. Биз Машаяк Иса менен биримдикте болгондуктан, Кудай бизди аны менен бирге тирилтип, асман чөйрөсүнөн орун берди. Мунун аркасында келечектеги дүйнө түзүлүштөрүндө Кудайдын Машаяк Иса менен биримдикте болгон бизге кең пейилдик менен көрсөткөн ырайымынын ченемсиз мол экени айкын болот» (Эф. 2:4—7).

14 Майлангандар асмандагы тактыларына отуруп, Машаяк менен бирге бийлик кыла баштаганда, Жахабанын аларга кандай зор баталарды төгөрүн элестете албайбыз (Лк. 22:28—30; Флп. 3:20, 21; 1 Жкн. 3:2). Ал аларга «ченемсиз мол» ырайымын көрсөтөт. Майлангандар «Жаңы Иерусалимди» түзүшөт, башкача айтканда, Машаяктын колуктусу болушат (Аян 3:12; 17:14; 21:2, 9, 10). Алар Иса Машаяк менен чогуу «элдерди айыктырышат»: тил алчаак адамдарга күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан арылып, жеткилеңдикке жетүүгө жардам беришет. (Оку: Аян 22:1, 2, 17.)

15, 16. Жахаба «башка койлорго» ырайымын кантип көрсөтөт?

15 Эфестиктер 2:7ден да Кудай ырайымын «келечектеги дүйнө түзүлүштөрүндө» көрсөтөрү жөнүндө окуйбуз. Ооба, ошол учурда Кудайдын «кең пейилдик менен көрсөткөн ырайымынын ченемсиз мол экени айкын» болот (Лк. 18:29, 30). Ал «көрдө» жаткандарды тирилтет. Бул анын жер бетинде жашагандарга көрсөтө турган ырайымынын эң чоң далилдеринин бири болот (Аюп 14:13—15; Жкн. 5:28, 29). Машаяк өзүн курмандыкка бергенге чейин жашаган ишенимдүү кызматчылар жана Шайтандын дүйнөсүнүн акыркы күндөрүндө ишенимдүүлүгүн сактап көз жумган «башка койлор» да тирилип, Жахабага кайрадан кызмат кылышат.

16 Мындан тышкары, Кудай жөнүндө эчтеке билбей өтүп кеткен миллиондогон кишилер да тирилет. Аларга Жахабанын эгедерлигин жактоого мүмкүнчүлүк берилет. Элчи Жакан мындай деп жазган: «Тактынын алдында турган өлгөндөрдү: жогорку даражалууларды да, карапайымдарды да көрдүм. Түрмөктөр ачылды. Анан дагы бир түрмөк ачылды, ал өмүр түрмөгү эле. Өлгөндөр өз иштерине жараша, түрмөктөрдө жазылгандарга ылайык соттолушту. Деңиз өзүндөгү өлүктөрдү кайрып берди, өлүм менен көр да өздөрүндөгү өлүктөрдү кайрып берди. Ошондо ар бири өз иштерине жараша соттолду» (Аян 20:12, 13). Албетте, тирилгендерден Ыйык Китептеги принциптерди иш жүзүндө колдонууга үйрөнүү талап кылынат. Ошондой эле алар Бейиште жашай тургандар үчүн жаңы «түрмөктөрдө» камтыла турган көрсөтмөлөргө ылайык иш кылышы керек болот. Ал түрмөктөрдө жазылгандар Жахабанын ырайымынын дагы бир далили болору күмөнсүз.

 ЖАКШЫ КАБАРДЫ МЫНДАН АРЫ ДА ЖАРЫЯЛАЙ БЕР

17. Кызматка чыкканда эмнени эсибизден чыгарбашыбыз керек?

17 Дүйнөнүн акыры тездик менен жакындап келаткандыктан, Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо болуп көрбөгөндөй маанилүү болууда (Мр. 13:10). Ырас, жакшы кабар Жахабанын ырайымынан улам жарыяланып жатат. Кызматка чыкканда ушуну эсибизден чыгарбашыбыз керек. Биздин эң негизги максатыбыз — Жахабаны даңктоо. Ан үчүн кызматта жолуктурган адамдарга жаңы заманда ала турган баталардын баарына Жахабанын чексиз ырайымынын аркасында гана ээ болорубузду түшүнүүгө жардам беришибиз керек.

«Кудайдын... ырайымынын жакшы башкаруучусу» катары ынталуу кызмат кыл (1 Пет. 4:10) (17—19-абзацтарды кара)

18, 19. Канткенде Жахабанын ырайымын даңазалаган болобуз?

18 Башкаларга кабар айтканда Кудайдын Падышалыгы бийлик кылган убакта адамзат Машаяктын куткаруу курмандыгынан толук пайда аларын жана бара-бара жеткилеңдикке жетерин түшүндүрүп бергенибиз маанилүү. Ыйык Китепте: «[Жаратылгандар] өзүлөрү да жок болуу кулчулугунан бошонуп, Кудайдын балдары катары даңктуу эркиндикке чыгарына үмүттөнүшөт»,— деп жазылган (Рим. 8:21). Бул Жахабанын зор ырайымынын аркасында гана ишке ашат.

19 Биз Аян 21:4, 5те жазылган жүрөк толкутарлык убада жөнүндө жарыялоо сыймыгына ээбиз. Ал аяттарда мындай деп жазылган: «„Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти“. Тактыда отурган [Жахаба]: „Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам“,— деди. Анан: „Жаз, анткени бул сөздөр ишенүүгө татыктуу, бул сөздөр чын“,— деп кошумчалады». Ушундай кереметтүү келечек жөнүндөгү жакшы кабарды ынталуулук менен жарыялаганыбызда Жахабанын ырайымын даңазалаган болобуз.