Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АПРЕЛЬ, 2016

Элестетүү жөндөмүңдү туура колдонуп жатасыңбы?

Элестетүү жөндөмүңдү туура колдонуп жатасыңбы?

АДАМДЫН мээсинин салмагы бир жарым килограммга да жетпейт, бирок ал — «ааламдагы ушул күнгө чейин белгилүү болгон нерселердин эң татаалы». Буга таң калбай койбойсуң. Мээ жөнүндө канчалык көп билген сайын, Жахабанын кереметтүү иштерине ошончолук суктана бересиң (Заб. 139:14). Анда эмесе, мээнин көптөгөн жөндөмдүүлүктөрүнүн бирин — элестетүү жөндөмүн — карап чыгалы.

Элестетүү деген эмне? Бир сөздүккө ылайык, ал «жаңы, кызыктуу же эч качан көрбөгөн нерселердин элесин ойго, көз алдыга тартууну» билдирет. Мындан элестетүү жөндөмүн дайыма колдонорубуз көрүнүп турат. Мисалы, өзүң эч качан барып көрбөгөн кайсы бир жер жөнүндө окуган же уккан учуруң болду беле? Ошондо анын кандай экенин өзүңчө элестетип көрдүң беле? Ооба, мурун көрбөгөн, укпаган, даамын татып же жытын искебеген кайсы бир нерсе жөнүндө ой жүгүрткөн сайын элестетүү жөндөмүбүздү колдонгон болобуз.

Ыйык Китепте адамдардын Кудайга окшош болуп жаратылганы айтылат (Башт. 1:26, 27). Демек, Жахаба өзү да кандайдыр бир мааниде элестетүү жөндөмүнө ээ. Ал бизге да ошондой жөндөмдүүлүктү бергендиктен, аны өзүнүн талаптарын түшүнүүгө, убадаларынын аткарылганын элестетүүгө колдонушубузду каалайт (Нас. 3:11). Ал максатка жетүү үчүн канткенде элестетүү жөндөмдүүлүгүбүздү туура колдоно алабыз? Эмнелерди элестеткенден качышыбыз керек?

ТУУРА ЭМЕС КОЛДОНУУ

1) Ылайыксыз учурда кыялдануу же туура эмес нерселерди элестетүү.

Кыялдануунун өзү жаман эмес. Атүгүл кээде анын пайдасы да бар. Бирок Насаатчы 3:1де: «Ар бир иштин өз убагы бар»,— деп айтылгандыктан, айрым иштерди ылайыксыз убакта кылышыбыз мүмкүн. Маселен, жыйналышта отурганда же Ыйык Китепти өз алдынча изилдеп жатканда оюбуз талаалап кетсе, андан пайда алабызбы? Иса Машаяк жыныстык адеп-ахлаксыздык сыяктуу туура эмес иштерди элестетип, кыялга батуунун кесепеттүү болорун ачык эле эскерткен (Мт. 5:28). Андай нерселерди элестетүү Жахабага такыр жакпайт. Адеп-ахлаксыз нерселер жөнүндө ойлоно берүү акыры ошондой иштерди кылууга алып барышы мүмкүн. Ошондуктан туура эмес кыялдарга жетеленип отуруп Жахабадан алыстап кетүүдөн сак бол!

2) Чөнтөгүң калың болсо, эч нерседен коркпой, бейкапар жашайсың деп ойлоо.

Албетте, материалдык нерселердин жашоо үчүн зарыл экени талашсыз. Бирок адам эч нерседен коркпой, бактылуу жашашы үчүн, сөзсүз түрдө дүнүйө-мүлкү болуш керек деп ойлосок, абдан жаңылышабыз. Акылман Сулайман падыша: «Байдын мүлкү — анын бекем шаары; ал ага бийик чептей көрүнөт»,— деп жазган (Накыл 18:11). Мисалга 2009-жылдын сентябрь айында Филиппиндин Манила шаарында болгон окуяны алалы.  Нөшөрлөп төккөн жаандан улам шаардын 80 пайыздан ашуун аймагын суу каптап калган. Ал кырсык колунда барларды кыя өттү беле? Көп мүлкүнөн айрылган бир бай киши: «Сел байды да, кедейди да бирдей жабыр тарттырып, баарын бир тең кылып койду»,— деген. Көптөр байлык адамды коргоп, эч нерсеге тынчсызданбай жашашына шарт түзөт деп ойлошот. Бирок, чынында, андай эмес.

3) Эч качан кабылбашыбыз мүмкүн болгон нерселерди ойлоп тынчсыздана берүү.

Иса пайгамбар жолдоочуларын өтө эле тынчсыздана бербөөгө чакырган (Мт. 6:34). Дайыма сарсанаа боло берүү элестетүү жөндөмүнүн «тынымсыз иштешин» талап кылат. Эгер ойдон чыгарылган, башкача айтканда, али боло элек же такыр болбошу мүмкүн болгон көйгөйлөрдү ойлой берсек, оңой эле алдан-күчтөн тайып калабыз. Ыйык Китептен көрүнүп тургандай, «санаа жүрөктү өйүп», атүгүл көңүл чөгөттүккө алып барат (Накыл 12:25). Андыктан Исанын кеңешине кулак кагып, ашыкча тынчсыздануудан качканыбыз жана эртеңки күндүн эмес, бүгүнкү күндүн түйшүгү менен күрөшкөнүбүз оң.

ТУУРА КОЛДОНУУ

1) Кооптуу жагдайды көрө билип, андан качуу.

Кудайдын Сөзү бизди кыраакы болуп, алдын ала ойлонуп иш кылууга чакырат (Накыл 22:3). Элестетүүнүн аркасында биз чечим чыгарардан мурун анын натыйжасы кандай болорун кандайдыр бир деңгээлде баамдай алабыз. Мисалы, сени достук кечеге чакырышты дейли. Ал жакка барар-барбасыңды чечүүгө элестетүү жөндөмүң кандайча жардам берет? Сенден башка дагы кимдер чакырылганын, канча киши келерин, каякта жана качан болорун билгенден кийин: «Ал жакта эмнелер болушу мүмкүн? Кече ыйык китептик принциптерге ылайык өтүп, сергитерлик болобу?» — деп ойлонуп көр. Бул сага кеченин кандай болорун элестеткенге жардам берет. Ырас, туура чечимдерди чыгаруу үчүн элестетүү жөндөмүн колдонсоң, Жахаба менен болгон мамилеңе доо кетире турган иштерден оолак болосуң.

2) Кыйынчылыкты кантип чечүүнү ойлонуштуруу.

Элестетүү жөндөмдүүлүгү өз ичине «кыйынчылыкка тике карап, аны чече билүүнү» да камтыйт. Алсак, жыйналыштагы кайсы бир ишенимдешиң менен пикир келишпестик болуп кетти дейли. Андайда тынчтыкты сакташ үчүн эмне кыласың? Ортодогу жараканы бүтөш үчүн көп нерсени эске алуу керек. Ал ишенимдешиңе кандай сүйлөгөн жагат? Көйгөй тууралуу качан сүйлөшкөнүң ылайыктуу  болот? Кандай сөздөрдү айтканың, кантип сүйлөгөнүң туура болот? Элестетүү жөндөмүңдү колдонуунун аркасында көйгөйдү чечүүнүн ар кандай жолдору тууралуу ойлонуп, эң натыйжалуусун тандай аласың (Накыл 15:28). Ушундай иш-аракеттерди кылуу жыйналышта тынчтык сакталышына өбөлгө түзөт. Бул элестетүү жөндөмүн туура колдонууга жатат.

3) Ыйык Китепти окуп-изилдөөнүн сапатын жакшыртуу.

Ыйык Китепти күн сайын окуу абдан зарыл. Бирок күнүгө бир нече бет окуп коюу жетишсиз. Окугандарыбыздан бир нерсеге үйрөнүп, билгендерибизди иш жүзүндө колдонгонубуз маанилүү. Ыйык Китепти окуган сайын, Жахабанын иштерин ого бетер баалай беришибиз керек. Бул максатка жетүүгө да элестетүү жөндөмү жардам берет. Кандайча? «Ишеними күчтүү инсандардан үлгү алгыла» деген китепти мисалга алалы. Аны окуу Ыйык Китептеги каармандардын тек-жайын, жагдай-шартын айкыныраак элестетүүгө жардам берет. Андагы билдирүүлөр окуяга аралашып, дабыштарды угуп, жыттарды искеп, каармандардын сезимдерин туюуга көмөк кылат. Анын аркасында мурун эле жакшы билгендей сезилген билдирүүлөрдөн бекемдээрлик ойлорду таба алабыз. Ыйык Китепти окуп-изилдегенде элестетүү жөндөмүн колдонсок, изилдөөбүз ары кызыктуу, ары сапаттуу болот.

4) Боорукердик сапатын өстүрүү жана аны чагылдыруу.

Боорукер киши кыйналгандарды көргөндө алар менен кошо кыйналат. Жахаба да, Иса да боорукер болгондуктан, биз алардан үлгү алышыбыз керек (Чыг. 3:7; Заб. 72:13). Ал сапатты кантип өстүрө алабыз? Мунун натыйжалуу жолдорунун бири — элестетүү жөндөмүн колдонуу. Балким, кайсы бир ишенимдешибиз туш болгон кыйынчылыкты башыбыздан өткөрүп көргөн эместирбиз. Ошентсе да: «Эгер анын ордунда болсом, өзүмдү кандай сезет элем? Башкалардын эмне кылышын кааламакмын?» — деп ойлонуп көрсөк болот. Бул боор ооруй билүүгө жардам берет. Эгер дайыма, анын ичинде кызматта жүргөндө жана ишенимдештер менен мамилелешүүдө бул сапатты чагылдырсак, мунун пайдасы жашообуздун бардык тармагына тиет.

5) Жаңы заманда жашоо кандай болорун элестетүү.

Ыйык Жазмада Кудай убада кылган жаңы заманда жашоо кандай болору айкын сүрөттөлгөн билдирүүлөр арбын (Ыш. 35:5—7; 65:21—25; Аян 21:3, 4). Алардан тышкары, биздин адабияттарга бейиш жөнүндө кооз сүрөттөр көп чыгат. Эмне үчүн? Сүрөттөр Кудайдын убадалары аткарылган ошол убакта жашап жатканыбызды элестеткенге жардам берет. Жараткан Жахаба Кудай элестетүү жөндөмүнүн канчалык зор күчкө ээ экенин баарыбыздан жакшы билет. Ал жөндөмдүүлүгүбүздү Кудайдын убадалары жөнүндө ой жүгүртүүдө колдонсок, алардын аткарыларына шектенбөөгө жана турмуштагы кыйынчылыктарга карабай ишенимдүү бойдон калууга түрткү алабыз.

Жахаба бизди жакшы көргөндүктөн элестетүү жөндөмүн берген. Ал кереметтүү белек бизге жемиштүү кызмат кылууга жардам берет. Келгиле, аны күн сайын туура колдонуп, Жахабага ыраазы экенибизди көрсөтө берели.