Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АПРЕЛЬ, 2016

 ӨМҮР БАЯН

Чындап рухий бир тууган болуп калган кечил эже-сиңдилер

Чындап рухий бир тууган болуп калган кечил эже-сиңдилер

«СИҢДИМ Арасели мага: „Болду, сүйлөбө. Диниң тууралуу эч нерсе уккум келбейт. Сен сүйлөгөн сайын кыжырым кайнайт. Мен сени жек көрөм!“ — деп кыйкырды. Бул сөздөрдү укканда канчалык жаман болгонум, азыр 91 жашта болсом да, эсимде. Бирок Насаатчы 7:8де айтылгандай, „иштин аягы башталышынан жакшы“. Биздин жагдай да так ошондой болуп чыкты» (Фелиса).

Фелиса: Мен абдан динчил үй-бүлөдө чоңоюп-өскөм. Туугандарыбыздын арасынан он үчү дин кызматчы, католик орденинин мүчөсү болчу. Атүгүл католик мектебинде дин кызматчы болгон апамдын туугандарынын бирине диний наамды Иоанн Павел II өзү ыйгарган. Биздин үй-бүлө жөнөкөй жашачу. Атам темир уста болчу, апам болсо талаада иштечү. Биз сегиз бир тууган болчубуз, мен эң улуусумун.

12 жашымда Испанияда жарандык согуш чыгып кетти. Согуштан кийин диктатордук бийликти колдобогондуктан, атамды түрмөгө камап коюшту. Үй-бүлөнү жалгыз багуу апама оңой болгон жок. Ошондуктан курбусунун кеңеши менен апам Арасели, Лори, Рамони деген үч сиңдимди Испаниянын Бильбао шаарындагы кечилдер үйүнө жөнөтүүнү чечти. Ал жактан алар, жок дегенде, курсагы ток жүрмөк.

Арасели: Биз ошол убакта, болгону, 14, 12 жана 10 жашар кыздар болчубуз. Ошондуктан үйдөн алыс кетүү оңой болгон жок. Бильбаодогу кечилдер үйүндөгү жумушубуз жууп-тазалоо болчу. Эки жылдан кийин бизди Сарагосадагы карыларды караган кечилдер үйүнө жөнөтүштү. Ал жакта ашкананы тазалачубуз. Сөөгү ката элек бизге окшогон өспүрүмдөр үчүн бул аябай эле оор жумуш болчу.

Фелиса: Сиңдилерим Сарагосага кеткенден кийин, апам менен биз жашаган жерде дин кызматчы болуп кызмат кылган иниси мени да ошол кечилдер үйүнө жөнөтүүнү чечишти. Анткени мени жактырып жүргөн бир баладан алыс болушумду  каалашты. Динге абдан берилген кыз болгондуктан, кечилдер үйүндө жашап турууну мен да туура көрдүм. Ал жактан күнүгө мессага катышчумун. Атүгүл, Африкада кызмат кылган тууганыбыздай болуп, миссионер болсом деген оюм бар болчу.

Сарагосадагы кечилдер үйү (солдо); Ыйык Китептин Накар-Колунга котормосу (оңдо)

Башка өлкөлөргө барып, Кудайга кызмат кылам деген оюмду кечил аялдар колдошкон жок. Ошондо өзүмдү түрмөгө түшүп калгандай эле сездим. Бир жылдан кийин үйгө кайтып барып, дин кызматчы болгон тууганыбызды карамакчы болдум. Үй иштерин кылгандан тышкары, аны менен чогуу күндө кечинде теспе тартып, жатка дуба окучумун. Ошондой эле чиркөөнү жана ыйык Мария менен «ыйыктардын» айкелдерин гүл менен кооздогонду жакшы көрчүмүн.

Арасели: Ал ортодо биздин жашообуз өзгөрүп кетти. Мен биринчи жолу ант бергенден кийин кечил аялдар бизди бөлүп салууну чечишти. Рамони Сарагосада калды, Лори Валенсияга, мен болсо Мадридге кеттим. Ал жактан ошол антымды кайра бердим. Мадриддеги кечилдер үйүндө студенттерге, карыларга жана конокторго турак жай берилгендиктен, жумуш аябай көп болчу. Мен ошол жактагы эмканада иштечүмүн.

Чынын айтсам, кечилдердин жашоосун башкача элестеткем. Мен Ыйык Китепти окуп-түшүнгүм келчү. Бирок ал жактагылардын эч кимиси Кудай же Иса Машаяк жөнүндө сөз кылышчу эмес, Ыйык Китепти да окушчу эмес. Мен ал жактан, болгону, латын тилин анча-мынча окучумун, «ыйыктардын» жашоосу жөнүндө окучумун жана ыйык Марияга сыйынчумун. Калган убактымдын баары оор жумуш менен өтчү.

Жашоом жөнүндө ойлонуп, тынчсыздана баштадым, анан бул тууралуу кечилдерге баш-көз болгон кечил аял менен сүйлөштүм. Ага өзүмдүн үй-бүлөм менин жардамыма муктаж болуп жатса, башкалардын пайдасы үчүн кызмат кылганымды туура эмес деп эсептээримди айттым. Ошондо ал мени өз оюмдан баш тарттырып, кечилдер үйүндө калтырыш үчүн кичинекей бөлмөгө камап койду.

Мени ал жактан кечил аялдар оюмдан баш тарткан-тартпаганымды билиш үчүн гана үч жолу бошотушту. Бирок мен оюмду өзгөрткөн жокмун. Ошондуктан алар: «„Мен Кудайга эмес, Шайтанга кызмат кылууну тандагандыктан бул жерден кетүүнү чечтим“ деп жаз»,— дешти. Муну укканда төбө чачым тик турду. Кечилдер үйүнөн аябай кетким келсе да, эч качан мындай сөздөрдү жазмак эмесмин. Акырында кечилдердин башчысына барып, эмне болгонун айтып бердим. Натыйжада мени мурун кызмат кылган Сарагосадагы кечилдердин үйүнө жиберүүнү чечишти. Ал жакта бир нече ай болгондон кийин үйүмө кетүүгө уруксат беришти. Ошондон көп өтпөй эле Лори менен Рамони да кечилдер үйүнөн кетип калышты.

 БИЗДИ БӨЛГӨН «ТЫЮУ САЛЫНГАН» КИТЕП

Фелиса

Фелиса: Кийинчерээк турмушка чыгып, Кантабрияга көчүп кеттим. Ал жактан деле мессага барганымды токтоткон жокмун. Бир жолу жекшемби күнү чиркөөдө таң калыштуу кулактандыруу болду. Дин кызматчы ачуулана: «Мобу китепти көрдүңөрбү?!» — деп, «Түбөлүк өмүргө алпаруучу чындык» деген китепти көрсөттү да: «Эгер кимдир бирөө силерге ушундай китеп берсе, аны мага алып келгиле же ыргытып салгыла!» — деп айтты.

Менде андай китеп жок болчу, бирок аны дароо эле алгым келди. Бир нече күндөн кийин үйгө эки Жахабанын Күбөсү келип, так ошол «тыюу салынган» китепти сунушташты. Аны алып, ошол эле түнү окуп чыктым. Кийинки жолу келишкенде Ыйык Китепти алар менен чогуу изилдөөгө макул болдум.

«Тыюу салынган» китеп

Көп өтпөй Ыйык Китептеги чындык жүрөгүмдү козгой баштады. Мурунку диниме болгон берилгендигимдин ордун Жахабага болгон күчтүү сүйүү жана ынталуулук ээлеп калды. Ошентип, 1973-жылы чөмүлдүм. Үйдөгүлөргө кабар айтууга мүмкүнчүлүгүм көп болбосо да, колумдан келишинче айтканга аракет кылчумун. Сөзүмдүн башында айткандай, алар, өзгөчө, сиңдим Арасели мага аябай каршы болду.

Арасели: Кечилдер үйүндө жүргөндө башымдан өткөн нерселердин айынан ачуулуу болуп калгам. Ошентсе да жекшемби сайын мессага барганымды жана күндө теспе тартып дуба окуганымды токтоткон жокмун. Мен баштагыдай эле Ыйык Китепти түшүнүүгө ынтызар болчумун жана Кудайга кайрылып, жардам сурачумун. Бирок эжем Фелиса, өзүнүн билгендерин аябай күйүп-жанып айтып бергендиктен, мага фанат болуп калгандай сезилчү. Ошондуктан ага караманча каршы болдум.

Арасели

Бир нече жылдан кийин иштеш үчүн Мадридге кайтып бардым жана ошол жактан турмушка чыктым. Убакыттын өтүшү менен баарына сын көз караш менен карачу болдум. Мессага дайыма катышкандардын Инжилдеги окуулар боюнча жашабай турганын байкадым. Ошо себептен чиркөөгө барбай калдым. Ошондой эле «ыйыктарга», күнөөнү моюнга алууга жана тозокко ишенбей калдым. Ал тургай үйдөгү сүрөттөрдү, айкелдерди ыргытып жибердим. Бирок туура кылып жаткан-жатпаганымды толук түшүнчү эмесмин. Менин бүт баарынан көңүлүм калып калган эле. Анткен менен Кудайдан: «Мен сени таанып-билгим келет. Мага жардам  берчи!» — деп тилене берчүмүн. Жахабанын Күбөлөрү бир нече жолу үйгө келишсе да, эшикти ачпай койчумун. Себеби бир да динге ишенбей калгам.

1980-жылдын баш жагында Францияда жашаган Лори менен Испанияда жашаган Рамони да Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей башташты. Мен аларды, Фелисага окшоп, адашып жатышат деп ойлочумун. Кийинчерээк Анжелина деген кошуна келин менен дос болуп калдым. Ал да Жахабанын Күбөсү болчу. Жолдошу экөө мага Ыйык Китепти чогуу изилдөөнү бир нече ирет сунушташты. Анткени баарына сын көз караш менен карагандай көрүнгөнүм менен, Ыйык Китептеги билимге суусап жүргөнүмдү байкашса керек. Акыры, аларга: «Макул, силер менен изилдейин. Бирок өзүмдүн Ыйык Китебимди гана колдоном!» — деп айттым. Ал Ыйык Китептин Накар-Колунга котормосу болчу.

БИЗДИ БИРИКТИРГЕН ЫЙЫК КИТЕП

Фелиса: 1973-жылы чөмүлгөн кезимде Испаниянын Кантабрия провинциясынын борбору Сантандер шаарында 70тей Жахабанын Күбөсү бар болчу. Аймагыбыз абдан чоң болгондуктан, биз провинцияны автобус менен, кийинчерээк болсо машине менен кыдырып кабар айтчубуз. Айылдан айылга жүрүп отуруп жүздөгөн айылдарды кыдырчубуз.

Ошол жылдары көптөргө Ыйык Китепти изилдөөгө жардам берүүгө мүмкүнчүлүк болду. Алардын он бири чөмүлдү. Көбү католик динин тутушчу. Өзүм да мурун католик болгондуктан, аларга жардам берүүдө чыдамкай, түшүнүктүү болушум керектигин жакшы билчүмүн. Мен кан-жанына сиңип калган түшүнүктөрдөн арылуу үчүн, Ыйык Китеп жана Жахабанын ыйык руху жүрөгүнө таасир этип, чындыкты таанып-биле алышы үчүн убакыт керек экенин билчүмүн (Евр. 4:12). Жолдошум Биенвенидо полицияда иштечү. Ал 1979-жылы чөмүлдү, ал эми апам көз жумганга чейин бир аз убакыт мурун Ыйык Китепти изилдей баштаган.

Арасели: Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаганда анда жазылгандардын чындык экенине шектене берчүмүн. Бирок бир нече жумадан кийин мурдагыдай болбой калганымды байкадым. Баарынан да мени Жахабанын Күбөлөрүнүн айткандарына жараша жашаганы аябай таң калтырды. Менин сынчылдыгымды Кудайга болгон ишеним сүрүп чыгарды, ошондо өзүмдү алда канча бактылуураак сездим. Атүгүл айрым кошуналарым мага: «Арасели, ушул жолуңан чыкпа!» — деп айтышкан.

Мен Жахабага: «Мага кол шилтеп койбогонуңа жана мен эңсеп келген нерсени — Ыйык Китептеги чыныгы билимди — табууга көп жолу мүмкүнчүлүк бергениңе ыраазымын, Жахаба»,— деп айтканым эсимде. Убагында жаралаган сөздөрдү айтканым үчүн эжем Фелисадан кечирим сурадым. Мурун Ыйык Китеп тууралуу талашып-тартышсак, азыр бул темада абдан жакшы сүйлөшөбүз. Мен 1989-жылы 61 жашымда чөмүлдүм.

Фелиса: Азыр мен токсон бирдемин, жалгыз жашайм жана мурункудай күүлүү-күчтүү эмесмин. Бирок Ыйык Китепти күндө окуйм, ден соолугум жол берсе, жыйналыштарга барып турам, ошондой эле колуман келишинче кабар айтам.

Арасели: Мурда кечил болгондуктанбы, айтор, дин кызматчылар менен кечилдерге кабар айтканды жакшы көрөм. Аларга көп адабият калтыргам жана айрымдары менен кызыктуу маек кургам. Бир жолу бир дин кызматчыга бир нече жолу баргандан кийин: «Арасели, мен сага толук кошулам, бирок ушул жашым менен каякка барам? Чиркөөгө келип жүргөндөр, үй-бүлөм эмне дейт?» — деп айтып калды. Ошондо мен: «Кудайчы, Кудай эмне дейт?» — дедим. Ал кейиштүү башын чайкады, бирок чындыкты издөөнү улантууга кайраты жеткен жок.

Жашоомдо болгон өзгөчө бир учурду такыр унутпайм. Ал — жолдошумдун биринчи жолу мени менен чогуу жыйналышка баргысы келерин айтканы. Ал ошондо 80 жашта болсо да, ошондон кийин бир да жолу жыйналышты калтырган жок. Жолдошум Ыйык Китепти изилдей баштады жана жарчы болду. Экөөбүздүн чогуу кызматка чыгып жүргөн кезибизди дайыма жылуу сезим менен эскерем. Ал чөмүлөрүнө эки ай калганда каза болуп калды.

Фелиса: Жашоомдогу эң чоң кубанычтардын бири — башында мага каршы болуп жүргөн үч сиңдимдин рухий бир туугандарым болуп калганы. Азыр баарыбыз чогуу болуп, сүйүктүү Жахаба Кудайыбыз жана анын Сөзү тууралуу сүйлөшүүнү абдан жакшы көрөбүз. Ошентип, акыры биз рухий бир тууган болуп калдык *.

^ 29-абз. Учурда Арасели 87де, Фелиса 91де, Рамони 83тө болсо да, Жахабага ынталуу кызмат кылышууда. Лори болсо өмүрүнүн аягына чейин Жахабага берилгендигин сактап, 1990-жылы көз жумган.