Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АПРЕЛЬ, 2016

Сенин кызматың шүүдүрүмдөйбү?

Сенин кызматың шүүдүрүмдөйбү?

БИЗ аткарып жаткан кызмат маанилүү жана абдан баалуу. Бирок айткан кабарыбызды баары эле баалай бербейт. Айрымдар жакшы кабарга кызыкса да, Кудайдын Сөзүн изилдегиси келбейт.

Гевин менен да ушундай болгон. Ал жыйналыш жолугушууларына бара баштаганы менен, алгач Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон эмес. Ал мындай дейт: «Мен Ыйык Китепте эмне жөнүндө жазылганын анча деле жакшы билчү эмесмин, ошондуктан билимимдин тайкылыгын билгизгим келчү эмес. Алданып калуудан жана мойнума кандайдыр бир милдет артуудан да коркчумун». Сен кандай деп ойлойсуң, Гевин чындап эле эч кандай ийгилик кыла албайт беле? Албетте, кыла алмак. Себеби Ыйык Китепте жазылгандар адамга күчтүү таасир эте алат. Жахаба байыркы убактагы элине: «Сөздөрүм шүүдүрүмдүн тамчыларындай, көк чөпкө майдалап жааган жамгырдай»,— деп айткан (Мыйз. 31:19, 30; 32:2). Шүүдүрүмдүн өзгөчөлүктөрүн карап чыгуунун аркасында канткенде кызматта кезиктирген ар кандай адамдарга жакшыраак жардам бере аларыбызды баамдайбыз (1 Тим. 2:3, 4).

 КЫЗМАТЫБЫЗ КАНДАЙЧА ШҮҮДҮРҮМГӨ ОКШОШ?

Шүүдүрүм назик болот. Шүүдүрүм абадагы буудан пайда болот. Жахаба элине алардын сезимдерин эске алып, жылуу-жумшак сүйлөгөндүктөн, анын сөздөрү «шүүдүрүмдүн тамчыларындай» болгон. Биз да андан үлгү алып, башкалардын көз карашын сыйлашыбыз керек. Аларга ой жүгүртүүгө, кандайдыр бир жыйынтыкка келүүгө түрткү беришибиз зарыл. Ошентсек, айткандарыбызды башкалар жакшы кабыл алат жана кызматыбыз ийгиликтүү болот.

Шүүдүрүм сергитет. Кызматта жүргөндө башкалардын кызыкчылыгын ойлосок, аларды сергитебиз. Маселен, Крис бир тууган жогоруда сөз кылынган Гевинди Ыйык Китепти изилдөөгө мажбурлабай, ага Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө талкуулоо жагымдуу болуш үчүн, ар кандай ыкмаларды колдонгон. Ал Гевинге Ыйык Китептин башынан аягына чейин бир тема камтылганын жана аны билүү жыйналышта айтылгандарды жакшыраак түшүнгөнгө жардам берерин айткан. Андан тышкары, Крис өзүн Ыйык Китепте жазылгандар чындык экенине бир пайгамбарлык ынандырганын айтып берген. Мунун аркасында алар ошол пайгамбарлыктын аткарылышы жөнүндө бир нече жолу талкуулашкан. Ошондой талкуулар Гевинди сергиткен жана ал акыры Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон.

Шүүдүрүм тиричилик үчүн зарыл. Ысрайылда кургакчыл мезгилде бир нече ай бою жаан жаабай, абдан ысык болот. Андыктан шүүдүрүм болбосо, өсүмдүктөргө нымдуулук жетпей, соолуп, куурап калмак. Жахаба биздин күндөрдө «кургакчылык» болорун, башкача айтканда, көптөр анын «сөздөрүн угууга зар болорун» айткан (Амос 8:11). Бирок ал Падышалык жөнүндөгү кабарды «башка койлор» менен биримдикте жарыялай турган майланган кызматчыларынын «шүүдүрүмдөй» болорун убада кылган (Мик. 5:7; Жкн. 10:16). Өсүмдүк үчүн шүүдүрүм кандай маанилүү болсо, биз айткан кабар башкалардын өмүрү үчүн ошондой маанилүү экенин түшүнүп, аны баалайбызбы?

Шүүдүрүм — Жахабанын батасы. (Мыйз. 33:13). Кылган кызматыбыздын аркасында кабарга кулак каккандар бата алышы мүмкүн. Буга Гевин айкын далил боло алат. Ал Ыйык Китепти изилдеп, бүт суроолоруна жооп алган. Анан бат эле ийгиликтерди кылып, чөмүлгөн. Азыр болсо жубайы Жойс менен бирге жакшы кабарды башкаларга ынталуу жарыялап жатат.

Жахабанын Күбөлөрү жер жүзүн Падышалык жөнүндөгү кабар менен «сугарып» жатышат

КЫЗМАТЫҢДЫ БААЛА

Шүүдүрүм жөнүндө ой жүгүртүү кабар айтуу ишине кошуп жаткан салымыбызды жогору баалоого түрткү берет. Кандайча? Бир тамчыдан эч кандай деле пайда болбошу мүмкүн, бирок шүүдүрүмдүн миллиондогон тамчылары бириккенде, жер сугарылып, өсүмдүктөр жанданат. Ошо сыяктуу эле, кылган кызматыбыз өзүбүзгө эч нерсеге арзыбагандай сезилиши ыктымал. Бирок Жахабанын дүйнө жүзүндөгү ынталуу кызматчыларынын жапа тырмак иш-аракетинин аркасында жакшы кабар «бардык элдерге» жетүүдө (Мт. 24:14). Эгер кабарды жылуу-жумшак айтсак, аны менен башкаларды сергитсек жана анын адамдардын өмүрү үчүн зарыл экенин түшүнсөк, кызматыбыз шүүдүрүм сыяктуу башкалар үчүн Жахабанын батасы болот.