Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АВГУСТ, 2016

Иоханес Раутенин кызмат кылып жүргөн кези (болжолу, 1920-жылдар)

 БИЗДИН АРХИВДЕН

«Түшүм жыйнап, Жахабаны даңктап жатам»

«Түшүм жыйнап, Жахабаны даңктап жатам»

«ЕВРОПАДА тездик менен күч алып бараткан улуу салгылаш өткөн согуштардын баарынан ашып түштү». 1915-жылы 1-сентябрда чыккан «Күзөт мунарасында» акыр-аягы 30дай өлкөнү кучагына алган Биринчи дүйнөлүк согуш тууралуу ушинтип жазылган. Анда айыгышкан кастыктан улам, айрыкча, Германия менен Францияда «[Падышалыктын] ишине кандайдыр бир деңгээлде тоскоолдук кылган кыйынчылыктар жаралып жатканы» айтылган.

Дүйнө жүзүн каптаган ошол кыргын убагында Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр бейтараптуулук маселесин толук түшүнүшчү эмес. Ошентсе да жакшы кабарды жарыялай берүүгө чечкиндүү болушкан. Ал ишке салым кошкусу келгендиктен Вильгелм Хилдебранд деген жигит француз тилиндеги «Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн ай сайынкы баракчасынан» бир канча нуска заказ кылган. Ал Францияда адабият таратуучу (толук убакыт кызмат кылган жарчы) катары эмес, немис жоокери катары кызмат кылып жаткан эле. Аскер кийимчен «душмандын» тынчтык жөнүндө кабар айтып жүргөнүн көргөн француздардын баары аң-таң болушкан.

«Күзөт мунарасына» чыккан каттарда Германияда аскер кызматын өтөп жаткан айрым Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн да жакшы кабар айтууга түрткү алганы жазылган. Аскер-деңиз флотундагы Лемки бир тууган өзү менен чогуу кызмат өтөгөн беш кишинин чындыкка кызыгып жатканы жөнүндө билдирген. Ал: «Атүгүл ушул кемеде да түшүм жыйнап, Жахабаны даңктап жатам»,— деп жазган.

Жорж Кайзер майданга жоокер катары аттанып, үйүнө Кудайдын кызматчысы болуп кайтып келген. Буга эмне себеп болгон? Ал кандайдыр бир жол менен Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн адабиятын алган. Анан Падышалык жөнүндөгү чындыкты бүт жүрөгү менен кабыл алып, курал көтөрүүдөн баш тартып, согушка түзмө-түз катыштыгы жок кызматты өтөй баштаган. Ал эми согуштан кайтып келгенден кийин көп жыл бою пионер болуп ынталуу кызмат кылган.

Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр бейтараптуулук маселесин толук түшүнө элек болушса да, алардын көз карашы, жүрүм-туруму согушту колдогон кишилердикинен кыйла айырмаланган. Саясатчылар,  чиркөө төбөлдөрү улутун туу тутуп, согушту жактаса, бир туугандар «Тынчтык төрөсүнө» баш ийүүгө чечкиндүү болушкан (Ыш. 9:6). Айрымдары толугу менен бейтараптуулук сактабаса да: «Кудайдын Сөзүнөн Исанын жолдоочусу эч кимди өлтүрбөшү керектигин айкын түшүнчүмүн»,— деп айткан Конрад Мёртердей болуп, негизги принципке бекем карманышкан (Чыг. 20:13) *.

Ханс Хёлтерхов кол арабаны сүйрөп, «Алтын кылым» журналын жарнамалап жүрөт

Германияда абийири аскердик кызмат өтөөгө жол бербегендер ал милдеттен бошотулчу эмес. Ал жактагы 20дан ашык Ыйык Китеп Изилдөөчү согушка катышуудан толугу менен баш тарткан. Айрымдарын, алсак, Густав Кюжатты акылынан айныган кишидей психиатриялык ооруканага жаткырып, күчтүү дарыларды сайышкан. Ханс Хёлтерховду согушка барбаганы үчүн түрмөгө камашкан. Ал жактан да ал согушка байланышы бар иштердин баарынан баш тарткан. Бир жолу түрмө сакчылары ага жазалоо үчүн тигилген жеңи узун көйнөк кийгизип, катуу таңып салгандыктан, колдору жансыз болуп калган. Ишениминен тайдыра албай коюшкандан кийин сакчылар аны атканы жаткандай түр көрсөтүп, коркутуп-үркүтүшкөн. Ушундай оор кыйынчылыктарга карабай Ханс бир тууган кынтыксыздыгынан жазган эмес.

Аскерге чакырылган башка бир туугандар да курал алуудан баш тартып, согушка түзмө-түз катыштыгы жок кызматтарды аткарууну суранышкан *. Алсак, Иоханес Рауте темир жолдо иштөөгө жөнөтүлгөн. Конрад Мёртер санитардык ишке, Рейнолд Вебер оорулууларга кам көрүүгө дайындалган. Аугуст Крафзиктин да аткарган кызматы курал көтөрүү менен байланышы жок болгон. Ал буга абдан ыраазы болгон. Ушул жана башка бир туугандар сүйүү, берилгендик жөнүндөгү түшүнүгүнө жараша Жахабага кызмат кылууга чечкиндүү болушкан.

Бейтараптуу болгону үчүн Германиядагы Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр бийлик тарабынан катуу көзөмөлгө алынган. Кабар айтканы үчүн кийинки жылдары ишенимдештерибизге каршы миңдеген сот иштери козголгон. Аларга жардам берүү үчүн Германиянын Магдебург шаарындагы филиалда юридикалык бөлүм негизделген.

Жахабанын Күбөлөрүнүн бейтараптуулукка байланышкан түшүнүгү бара-бара тереңдей берген. Экинчи дүйнөлүк согуш оту тутанганда, алар аскердик кызматка такыр катышпай, толугу менен бейтараптуулук сакташкан. Андыктан аларды Германиянын душмандары катары көрүп, катуу куугунтукташкан. Бул туурасында ушул рубриканын кийинки макалаларынын биринде баяндалат. (Борбордук Европадагы архивибизден)

^ 7-абз. Биринчи дүйнөлүк согуш учурундагы британиялык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр жөнүндө 2013-жылы 15-майда чыккан «Күзөт мунарасындагы» «Алар „сыноо учурунда“ бекем турушкан» деген макаладан окуй аласың.

^ 9-абз. Ушинтсе болору «Миң жылдыктын таңкы жарыгынын» 6-томунда (1904-ж.) жана немис тилиндеги «Сион күзөт мунарасынын» 1906-жылдын август айындагы санында кеңеш кылынган. 1915-жылдын сентябрындагы «Күзөт мунарасында» бейтараптуулук маселеси такталып, Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр аскердик кызматтан баш тартышы керектиги жазылган. Бирок ал макала немис тилиндеги санына чыккан эмес.

КӨБҮРӨӨК БИЛИШ ҮЧҮН

Жахабанын Күбөлөрү эмне үчүн саясатка аралашпайт?

Алар өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурабы?