Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) АВГУСТ, 2016

 ӨМҮР БАЯН

Берген киши бактылуу экенине ынанып келем

Берген киши бактылуу экенине ынанып келем

ОН ЭКИ жашымда башкаларга бере турган баалуу нерсем бар экенин түшүнө баштадым. Бир жолу жыйындан бир байке кабар айткым келер-келбесин сурады. Мурда такыр кабар айтып көрбөсөм да, макул болдум. Ошентип, экөөбүз аймакка бардык. Ал мага Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жазылган бир нече баракча берип: «Сен көчөнүн тиги тарабындагыларга айт, мен бул тараптагыларга айтайын»,— деди. Корксом да, үйлөрдү кыдырып кабар айта баштадым. Кызыктуусу, баракчалардын баарын бат эле таратып салдым. Көптөр баракчаны жан деп алып жатышты.

Мен 1923-жылы Англиянын Кент графтыгындагы Чатем шаарында төрөлгөм. Элдин көбү Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин заман оңолот деп үмүттөнүп келишкен. Бирок алардын үмүтү таш каап, көңүл кайттыкка учураган эле. Ошол убакта ата-энемдин өз кызыкчылыгын гана көздөгөн баптисттердин диний жетекчилеринен да аябай көңүлү калып калган болчу. 9 жаштарымда апам Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Ассоциациясынын «класстарына», башкача айтканда, жолугушууларына бара баштаган. Алар жакында эле Жахабанын Күбөлөрү деген атты кабыл алышкан экен. Ал жактагы бир эже бизди, кичинекей балдарды, Ыйык Китептин жана «Кудайдын арфасы» деген китептин жардамы менен окутчу. Мага окуп-билгендерим аябай жакчу.

УЛУУЛАРДАН КӨП НЕРСЕГЕ ҮЙРӨНДҮМ

Өспүрүм курагымда Кудайдын Сөзүндө камтылган үмүт жөнүндө айтканды аябай жакшы көрөр элем. Үймө-үй кабар айтканда көбүнчө жалгыз жүрчүмүн, бирок башкалар менен кызматташуунун аркасында көп нерсеге үйрөндүм. Бир жолу бир байке экөөбүз велосипед менен аймакка баратканда, жолдон бир дин кызматчыны көрүп: «Тигине эчки келатат»,— деп айттым. Ошондо байке дароо велосипедден түшүп, мени дөңгөчкө отургузуп алып: «Бирөөнү эчки деп соттогудай сен кимсиң? Муну Жахаба гана чечет, биз болсо жакшы кабарды таратып жатканыбызга сүйүнөлү»,— деди. Ошол алгачкы жылдары башкаларга берүү кубаныч тартуулай турганына көп жолу ынандым (Мт. 25:31—33; Элч. 20:35).

Дагы бир байке башкаларга берүүдөн кубаныч алыш үчүн кээде чыдамкайлык талап кылынарын үйрөттү. Анын жубайы Жахабанын Күбөлөрүн жаман көрчү. Бир жолу байке мени чайга чакырып калды. Жубайы анын кабар айтып жүргөнүнө ушунчалык ачууланып, баштыкчадагы чайларды бизди көздөй ыргыта баштады. Бирок байке ага бир да катуу сөз айтпай, чачылган чайларды чогултуп, ордуна коюп койду. Жылдар өткөндөн кийин ал эже чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болду. Ошентип, байкенин чыдамкайлыгынын акыбети кайтты.

Башкаларга келечекке байланыштуу үмүт тууралуу айтууга болгон каалоом барган сайын өсүп  отуруп, 1940-жылы март айында апам менен чогуу Дувр шаарында чөмүлдүм. 1939-жылы сентябрда Британия Германияга каршы согуш ачкан. Ошондо 16 жашта болчумун. 1940-жылы июнда согуштан жарадар болгон жоокерлерди жүк ташыган машинелерге салып алып ташып жатышканын эшигимдин алдынан көп карап турчумун. Алар Дюнкерктеги салгылаштан аман калгандар эле. Үмүтү үзүлүп, жүзүнөн нуру качкан ал жоокерлерге Кудайдын Падышалыгы жөнүндө аябай айткым келчү. Ошол эле жылдын аягында Британияга бомбалар жаай баштаган. Күн сайын түн ичинде немис баскынчылары биздин аймактын үстүнөн ары-бери учуп, бомба ташташчу. Туш тараптан кулак тундура жарылган бомбалар ансыз деле коркуп отурган элдин жүрөгүнүн үшүн алып бүткөн. Эртеси эшикке чыкканда далай үйлөр талкаланып, айлана-тегерек зээн кейитерлик болуп калганын көрчүбүз. Ошондон улам Кудайдын Падышалыгына гана үмүт артканыбыз туура экенине ого бетер ынанчумун.

БАШКАЛАРГА КӨБҮРӨӨК БЕРҮҮГӨ ЖОЛ АЧЫЛДЫ

1941-жылы кубанычтуу күндөргө жол ачкан маанилүү чечим чыгардым. Ошол кезде Чатем шаарындагы кеме куруучу жайда үйрөнчүк болуп иштеп жүргөм. Андай кесиптин ээси болууну көптөр самачу. Бирок Жахабанын кызматчылары элдердин бири-бири менен согушканы туура эмес экенин жакшы билишчү. 1941-жылдары биз курал-жарак чыгарган жайда иштебешибиз керектигин түшүнүп калганбыз (Жкн. 18:36). Кеме куруучу жайда согушта колдонулган суу астында жүрүүчү кемелер жасалгандыктан, жумушумду таштап, толук убактагы кызматты баштоону чечтим. Башында Котсволдс деген жердеги ажайып кооз Сайренсестер шаарына дайындалдым.

Аскер кызматынан баш тартканым үчүн 18 жашымда 9 айга түрмөгө камалдым. Мени камерага жалгыз киргизип, артыман эшикти тарс жаап коюшканда, дене боюмду коркунуч басты. Бирок көп өтпөй эле түрмө сакчылары да, түрмөдө отургандар да эмне үчүн камалганымды сурай башташты. Аларга Кудайга болгон ишенимим жөнүндө сүйүнүп айтып берчүмүн.

Түрмөдөн бошогонумдан кийин, бир туугандар менден Ленард Смит * менен бирге өзүм туулуп-өскөн Кент графтыгындагы шаарларга барып кабар айтышымды суранышты. 1944-жылдан тартып Кентке жардыруучу заттарга толгон миңдеген пилотсуз учактар кулай баштады. Биздин аймак немистер басып алган Европа менен Лондондун ортосундагы учактар жүргөн аба жолунун так алдында эле. Ал учактар «учуп жүргөн бомбалар» деп аталчу. Асмандан учак көрүнгөндө эле үрөйүбүз уча турган. Себеби мотору өчүп калганын уккандан бир нече секунда өтүп-өтпөй эле анын кулап, жарыларын жакшы билчүбүз. Ошол убакта үч баласы бар бир  үй-бүлө менен изилдөө өткөрүп жүргөнбүз. Кокус үй кулап, бизди басып калбашы үчүн, кээде атайын жасалган темир үстөлдүн астына кирип алып изилдечүбүз. Кийин ошол үй-бүлөдөгүлөрдүн баары чөмүлүштү.

ЖАКШЫ КАБАРДЫ БАШКА ЖАКТАРГА ЖЕТКИРҮҮ

Пионердик кызматымдын алгачкы жылдары, Ирландияда элди жыйынга чакырып жатабыз

Согуштан кийин Ирландиянын түштүгүндө эки жыл пионер болуп кызмат кылдым. Жаңы барганда Ирландиянын Англиядан бир топ айырмаланарын аңдаган эмеспиз. Башында үйдөн үйгө кыдырып, жашаганга жай сурап, өзүбүздүн миссионер экенибизди айтчубуз, көчөлөрдөн журнал тарата берчүбүз. Бирок католик динине бек карманган өлкөдө ошондой кылганыбыз анча туура болбоптур. Бир жолу бир киши бизди коркутуп-үркүткөндө, полиция кызматкерине арыздансам, ал: «Ушуну көрмөксүңөр»,— деп койду. Көрсө, ал жакта диний жетекчилердин таасири күчтүү экенин такыр билбептирбиз. Алар бизден китеп алгандарды жумушунан чыгарып салышчу, атүгүл бизди да жашап жаткан жерибизден кууп чыккан учурлар болгон.

Бара-бара кайсы бир жаңы жерге көчүп барганда адегенде дин кызматчысы бөлөк, жашаган жерибизден алысыраак жерге барып кабар айтканыбыз туура болорун түшүнө баштадык. Жакыныраак аймактарды болсо эң акырында иштетчүбүз. Килкенни деген жерде жаалдуу топтун коркутканына карабай, бир жигит менен жумасына үч жолу изилдөө өткөрүп жүрдүк. Мага башкаларга Кудай жөнүндө билим берүү аябай жакчу, ошондуктан Ыйык китептик Гилат мектебинен окуш үчүн арыз толтурдум.

«Сибиа» деген кеме 1948—1953-жылдары миссионердик үйүбүз болгон (оңдо)

Нью-Йорк штатында 5 ай билим алгандан кийин Гилат мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен төртөөбүз Кариб деңизиндеги чакан аралдарга дайындалдык. Анан 1948-жылы ноябрда «Сибия» деп аталган 18 метрлик кеме менен Нью-Йорк шаарынан чыктык. Мурда эч качан деңиз саякатына чыгып көрбөгөндүктөн аябай толкундандым. Биз менен бараткан Гаст Маки деген бир тууган тажрыйбалуу деңиз капитаны болчу. Ал бизге деңиз саякатына байланыштуу негизги нерселерди, мисалы, парустарды көтөрүп-түшүргөндү, компасты туура колдонгонду, кемени шамалга каршы айдаганды үйрөттү. Деңиз тилин мыкты билген ал бир тууган алай-дүлөй түшкөн деңизде 30 күн бою кемени айдап, Багам аралдарына аман-эсен жеткирди.

«ЖАХАБАНЫН СӨЗҮН... АРАЛДАРГА ЖАРЫЯЛОО»

Багам аралдарында бир нече ай кабар айткандан кийин Ливорд аралдары менен Уинворд аралдарын көздөй бет алдык. Ал аралдар Пуэрто-Риконун жанындагы Виргин аралдарынан дээрлик Тринидадга чейин созулуп, 800 километрдей аралыкты ээлейт. Биз 5 жыл бою, негизинен, бир да Жахабанын Күбөсү жок алыскы аралдарда кабар айтып жүрдүк. Кээде башкалар менен жумалап кат алыша албай калчубуз. Ошентсе да Жахабанын сөзүн жердин жети түбүндөгү аралдарга жарыялоодон зор кубаныч алчубуз! (Жер. 31:10).

«Сибиа» кемеси менен кабар айткан миссионерлер (солдон оңго): Рон Паркин, Дик Райд, Гаст Маки жана Стэнли Картер

Жээкке келип токтогонубузда, кыштактын тургундары бизди кимдер болду экен деп жабалактап чогулуп калышчу. Алардын арасында өмүрүндө кемени же ак кишини көрбөгөндөр да бар эле. Аралдардын эли Ыйык Китепти жакшы билген, меймандос, динчил адамдар болчу. Алар бизге чийки балык, авокадо, жер жаңгак көп бере турган. Кемебиз тар болгондуктан, уктаганга, тамак жасаганга, кир жууганга орун аз эле, бирок эптештирчүбүз.

Биз жээк бойлой сүзүп, бир күн кечке адамдар менен сүйлөшүп, аларды Ыйык Китепке негизделген баяндамага чакырчубуз. Ал эми күүгүм киргенде, элди чогултуш үчүн кемедеги коңгуроону какчубуз. Тургундардын агылып келатканы алыстан укмуш көрүнөр эле. Дөңсөө жерлерден түшүп келаткандардын колундагы шам-чырактары жымыңдаган жылдыздардай көрүнчү. Кээде 100гө жакын киши чогулуп, суроолору түгөнбөй, түн бир оокумга  чейин калып калган учурлар да болгон. Аларга Падышалык ырлары аябай жаккандыктан, айрымдарын машинкеге терип жазып, таратып берчүбүз. Төртөөбүз колубуздан келишинче жакшы ырдаганга аракет кылчубуз. Алар да обон созуп, бизди коштоп кетер эле. Ошол күндөр эстен кеткис күндөр болду!

Изилдөө өткөрүп бүткөнүбүздөн кийин, Ыйык Китепти изилдегендердин айрымдары биз менен кошо кийинки изилдөөгө барып, ага да катышып отурушчу. Кээ бир жерлерде бир нече эле жума болсок да, изилдегендердин көбүнөн биз кайтып келгенче башкалар менен изилдөө өткөрүп турушун суранчубуз. Кийин айрымдарынын ал милдетине олуттуу карап, жакшы аткарып жатканын көргөндө ичибиз элжиреп кетер эле.

Азыр ал аралдардын көбү туристтердин уюгуна айланып калган. Бирок биз жүргөн кезде ал жактарда деңизден бөлүнүп калган көгүлтүр суулардан, кумдуу жээктен, пальма дарактарынан башка эч нерсе деле жок болчу. Биз аралдан аралга түн ичинде сүзүп кетер элек. Дельфиндер кемебизди жандай оюн салып сүзүп жүрүшчү. Кеме бет келген толкундарды жиреп баратканда, суунун шарпылдаганынан башка эч нерсе угулчу эмес. Мемиреген чалкар деңиздин бетине жалт-жулт чагылышкан айдын нуру болсо күмүш тилке жаратып, тээ алыска созула турган.

Аралдарда 5 жыл кабар айткандан кийин кемебизди мотору бар кайыкка алмаштырыш үчүн Пуэрто-Рикого бардык. Ошол жерден келбети келишкен Максин Бойд деген миссионер кыз менен таанышып, сүйүп калдым. Ал бала кезинен бери жакшы кабарды ынталуу жарыялап келатыптыр. Чоңойгондо Доминикан Республикасында миссионер болуп кызмат кылып, бирок 1950-жылы католик динин жактаган өкмөт тарабынан өлкөдөн чыгарылган экен. Мен кемедегилер менен бир топто болгондуктан, мага Пуэрто-Рикодо бир эле айга калууга уруксат берилген болчу. Бир айдан кийин аралдарга кайтып барып, бир канча жылга чейин кайра келмек эмесмин. Ошон үчүн өзүмө: «Роналд, ушу кызды кармап калгың келсе, тезинен иш-аракет кыл!» — деп айттым. Анан 3 жумадан кийин ага сөз айттым, 6 жумадан кийин болсо баш коштук. Андан соң Максин экөөбүз Пуэрто-Рикого миссионер болуп дайындалдык. Ошентип, жаңы кайык менен биротоло кош айтыштым.

1956-жылы кыдыруучулук ишти баштадык. Бир туугандардын көбү жакыр турушчу, бирок бизге алар менен пикирлешүү аябай жакчу. Потала Пастильодо Жахабанын Күбөсү болгон көп балалуу эки үй-бүлө бар эле. Мен аларга флейта ойноп бергенди жакшы көрчүмүн. Бир жолу Хилда деген кичинекей кыздан биз менен чогуу кабарга чыккысы келер-келбесин сурасам, ал: «Чыккым келет, бирок чыга албайм, бут кийимим жок»,— деди. Бут кийим сатып бергенибизден кийин, ал бизге кошулуп кабар айта баштады. Бир канча жылдан кийин, 1972-жылы, Максин экөөбүз Бруклиндеги Бейтелге барып калдык. Бир күнү Гилат мектебин бүтүрүп, Эквадорго дайындалган бир кыз жаныбызга келип: «Мени тааныдыңарбы? Мен Пастильодогу баягы бут кийими жок кызмын»,— деди. Көрсө, ал Хилда экен. Ошондо кубанганыбыздан көзүбүзгө жаш алдык.

1960-жылы Пуэрто-Рикодогу филиалда кызмат кылууга чакырылдык. Ал Сан-Хуан шаарындагы Сантурсе деген жерде эки кабаттуу чакан имаратта жайгашкан эле. Башында иштин көбүн Ленарт Жонсон экөөбүз эле аткарчубуз. Ал жубайы экөө Доминикан Республикасындагы алгачкы Жахабанын Күбөлөрү болчу. Алар Пуэрто-Рикого 1957-жылы келген экен. Убакыттын өтүшү менен Максин журналга жазылгандарды адабият менен камсыз кылууга жардам бере баштады. Алардын саны жума сайын миңден ашып кетчү. Жубайым бул ишти аябай жакшы көрөр эле, себеби ал рухий тамак алган бардык адамдардын камын ойлочу.

Бейтелде башкаларга берүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар болгондуктан, кызматтын бул түрүн абдан жакшы көрөм. Анткен менен бул кызматтын кыйынчылыктары да жок эмес. Мисалы, Пуэрто-Рикодо 1967-жылы биринчи жолу эл аралык жыйын өткөрүлгөндө, мага чоң жоопкерчилик артылып, ушунчалык тынчсыздангам. Пуэрто-Рикого ошол учурда Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмунда жетекчиликти колго алган Нейтан Норр да келген. Ал мени миссионерлерди унаа менен камсыз кылбай койду деп жаңылыш ойлоп алган, бирок мен, чынында, милдетимди аткарган болчумун. Нейтан бир тууган катуу кеңеш берип, ишти жакшыраак уюштурушум керектигин, мага нааразы болуп жатканын айтты. Аны менен талашып-тартышкым келген жок, бирок туура эмес ойлоп алганына ичимен бир топко чейин жаман болуп жүрдүм. Кийинчерээк Максин экөөбүз Норр бир тууганга жолугуп калганыбызда, ал бизди конокко чакырып, тамак жасап берди.

Пуэрто-Рикодо жүргөндө Англияда жашаган ата-энеме барып турчубуз. Апам экөөбүз чындыкты кабыл алганда, атам кабыл алган эмес. Алар жашаган  жерге бейтелдик баяндамачылар келип калганда, апам аларды үйүбүзгө көп алып калчу. Атам ал момун көзөмөлчүлөрдүн бир канча жыл мурун көңүлү калып калган диний жетекчилерден кыйла айырмаланарын байкаптыр. Акыры, 1962-жылы ал да чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болду.

Максин экөөбүз жаңыдан баш кошкон жылы; 2003-жылы 50 жылдыгыбызда (Пуэрто-Рико)

Жанымдай жакшы көргөн жубайым 2011-жылы көз жумду. Ал тириле турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келем. Бул кандай сонун үмүт! 58 жыл бою кол кармашып кызмат кылган жылдар аралыгында Максин экөөбүз Пуэрто-Рикодогу 650дөй Жахабанын Күбөсүнүн улам көбөйүп отуруп, 2 6000ге жеткенин өз көзүбүз менен көрдүк! 2013-жылы Пуэрто-Рикодогу филиал Кошмо Штаттардагы филиалга кошулганда, мен Уолкиллде (Нью-Йорк) кызмат кылууга дайындалдым. Пуэрто-Рикодо 60 жыл кызмат кылгандан кийин өзүмдү, ал жакта аябай белгилүү болгон жана күүгүм киргенде «ко-кии, ко-кии» деп сайраган коки бакасындай болуп, үйүмдө жүргөндөй эле сезип калгам. Бирок ал аралдан кетүүгө туура келди.

«КУДАЙ КУБАНЫЧ МЕНЕН БЕРГЕНДЕРДИ ЖАКШЫ КӨРӨТ»

Мен азыр деле Бейтелде Кудайга кызмат кылып жатам. Жашым 90дон ашып калды. Аткарган милдетим — рухий койчу катары Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүн бекемдөө. Уолкиллге келгенимден бери 600дөн ашуун бир тууган менен сүйлөшүп, бекемдегенимди айтышты. Мага кайрылгандардын айрымдары өзүнүн же үй-бүлөсүндөгү кыйынчылыктарын айтышат. Башкалары Бейтелде жакшы кызмат кылыш үчүн эмне кылса болорун сурашат. Жаңыдан үй-бүлө кургандар болсо үй-бүлөлүк турмушка байланыштуу кеңеш сурап келишет. Бейтелден талаа кызматына дайындалган айрым бир туугандар менен да сүйлөштүм. Мага келгендердин баарын кунт коюп угуп, ыңгайы келгенде: «„Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт“. Ошондуктан кызматыңды кубаныч менен аткар. Анткени баарын Жахаба үчүн кылып жатасың»,— деп көп айтам (2 Кор. 9:7).

Бейтелде кызмат кылабызбы же кызматтын башка түрүн аркалайбызбы, бактылуу болуунун бир эле сыры бар: кылып жаткан ишиңдин эмне үчүн маанилүү экени жөнүндө ой жүгүртүп, ошого көңүл топто. Бейтелде эмне иш кылбайлы, баары ыйык кызмат болуп эсептелет. Бул кызмат «ишенимдүү жана акылдуу кулга» жардам берүүгө, дүйнө жүзүндөгү бир туугандарды рухий тамак менен камсыз кылууга шарт түзөт (Мт. 24:45). Жахабага каякта кызмат кылбайлы, ар бирибизде аны даңктоого мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ошондуктан Кудай тапшырган ишти аткаруудан ыракат ала берели, анткени ал «кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»!

^ 13-абз. Ленард Смиттин өмүр баяны «Күзөт мунарасынын» 2012-жылдын 15-апрелиндеги санына чыккан.