Жөндөө мүмкүнчүлүгү

Тилди тандаңыз

Кошумча менюну көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрү

кыргыз

КҮЗӨТ МУНАРАСЫ (ИЗИЛДӨӨГӨ АРНАЛГАН ЧЫГАРЫЛЫШЫ) ЯНВАРЬ, 2017

Чечим чыгаруу эркиндигиңди баала

Чечим чыгаруу эркиндигиңди баала

«Жахабанын руху бар жерде эркиндик бар» (2 КОР. 3:17).

ЫРЛАР: 62, 65

1, 2. а) Чечим чыгаруу эркиндигине байланыштуу кандай пикирлер айтылып келет? б) Ыйык Китепте чечим чыгаруу эркиндиги жөнүндө эмне делет жана андан кайсы суроолорго жооп таба алабыз?

ӨЗ АЛДЫНЧА чечим чыгарыш керек болгондо бир аял досуна: «Мени көп ойлондурбай эле, эмне кылыш керектигин айтып койчу. Ошондо мага оңоюраак болот»,— деген. Ал Жараткан берген баа жеткис белекти — чечим чыгаруу эркиндигин — колдонгондун ордуна башкалардын айтканы боюнча иш кылууну туура көргөн. Сен тууралуу эмне айтууга болот? Чечимди өзүң чыгарганды жакшы көрөсүңбү же сен үчүн башкалардын чечим чыгарганы жагабы? Чечим чыгаруу эркиндигине кандай карайсың?

2 Чечим чыгаруу эркиндиги тууралуу көптөгөн кылымдардан бери ар кандай пикирлер айтылып келет. Айрымдар: «Биз андай эркиндикке ээ эмеспиз. Бардык иш-аракеттерибизди Кудай алдын ала белгилеп коёт»,— дешет. Башкалары адам толук эркиндикке ээ болгондо гана чындап эркин болорун айтышат. Бирок бул маселени туура түшүнүш үчүн Кудайдын Сөзүнө, Ыйык Китепке, кайрылышыбыз керек. Эмне үчүн? Ыйык Китепте Жахабанын бизге чечим чыгаруу эркиндигин бергени, башкача айтканда, бизди өз алдыбызча тандоого жөндөмдүү кылып жаратканы жазылган. (Оку: Жашыя 24:15.) Ошондой эле андан төмөнкүдөй суроолорго жооп таба алабыз: Чечим чыгаруу эркиндигибизди кантип колдонушубуз керек? Буга байланыштуу кандайдыр бир  чек барбы? Чечим чыгаруу эркиндигибизди колдонгонубуздан Жахабаны канчалык жакшы көрөрүбүз кандайча көрүнөт? Башкалардын чечимин сыйлаарыбызды кантип көрсөтө алабыз?

ЖАХАБА МЕНЕН ИСА МАШАЯКТАН ЭМНЕГЕ ҮЙРӨНСӨК БОЛОТ?

3. Жахаба эркиндигин колдонуу жагынан бизге кандай үлгү көрсөтүп келет?

3 Жахаба Кудай толук эркиндикке ээ. Бирок ал эркиндигин дайыма туура колдонуп, бизге мыкты үлгү көрсөтүп келет. Маселен, ал ысрайыл элин өзүнүн ысмы менен аталган «өзгөчө эли» кылыш үчүн тандап алган (Мыйз. 7:6—8). Буга орчундуу себеп бар болчу. Жахаба ошондой чечим чыгаруу менен бир канча кылым мурун досу Ыбрайымга берген убадасын аткарган (Башт. 22:15—18). Андан сырткары, ал эркиндигин колдонууда ар дайым сүйүүсү, адилеттүүлүгү менен иш кылат. Бул туура жолдон кайра-кайра четтей берген ысрайылдыктарга кылган мамилесинен көрүнүп турат. Алар чын жүрөктөн өкүнгөндө, Жахаба сүйүүсүнөн, ырайымдуулугунан улам: «Мен алардын ишенимсиздигин айыктырам... Аларды өз эрким менен жакшы көрөм»,— деген (Ош. 14:4). Ырас, Жахаба эркиндигин башкалардын пайдасына колдонуп, бул жагынан бизге сонун үлгү көрсөткөн!

4, 5. а) Кудай чечим чыгаруу эркиндигин бергендердин эң алгачкысы ким болгон жана ал аны кантип колдонгон? б) Ар бирибиз кайсы суроо жөнүндө ойлонуп көрүшүбүз керек?

4 Жахаба жаратуу ишин баштагандан тартып эле аң-сезимдүү жаратууларына чечим чыгаруу эркиндигин берүүнү туура көргөн. Ал белекти алгандардын эң алгачкысы анын тун Уулу болгон. Кудай аны өзүнө окшош кылып жараткан (Кол. 1:15). Жерге келгенге чейин эле Иса Шайтандын козголоңуна кошулбай, Атасына берилгендик сактоого чечкиндүү болгон. Кийин жерде жүргөндө да Шайтандын азгырыктарын четке кагып, чечим чыгаруу эркиндигин туура колдонгон (Мт. 4:10). Ал эми өлөр алдындагы түнү Атасынан жалындуу тиленип, анын эркин аткарууну чын дилден каалаарын айткан. Ал: «Ата, эгер кааласаң, бул чөйчөктү менден алыстата көр. Бирок мен каалагандай эмес, сен каалагандай болсун»,— деген (Лк. 22:42). Биз да чечим чыгаруу эркиндигибизди Жахабаны даңктап, анын эркин аткарыш үчүн колдонолу! Бирок бул колубуздан келеби?

5 Ооба. Биз Иса Машаяктан үлгү ала алабыз, анткени Кудай бизди да өзүнө окшош кылып жараткан (Башт. 1:26). Бирок биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү. Жахабадан айырмаланып, биз толук эркиндикке ээ эмеспиз. Ыйык Китепте эркиндигибиздин чектелүү экени жана Жахаба белгилеген чектен чыкпашыбыз керектиги түшүндүрүлөт. Ошондой эле аялдар күйөөлөрүнө, балдар болсо ата-энелерине баш ийиши керектиги жазылган (Эф. 5:22; 6:1). Мындай чектөөлөр чечим чыгаруу эркиндигибизди колдонууга кандай таасир этет? Бул суроонун жообу келечегибиз менен тыгыз байланышта.

ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУ ЭРКИНДИГИН ТУУРА ЖАНА ТУУРА ЭМЕС КОЛДОНУУ

6. Эркиндигибиздин чектелүү болгону туура экенин мисал менен түшүндүрүп бер.

6 Чектелүү эркиндикти чыныгы эркиндик деп айтууга болобу? Албетте. Эмне үчүн? Эркиндигибизге байланыштуу коюлган чектөөлөр бизди коргойт. Мисалы, алыскы бир шаарга машине менен баратабыз дейли. Эгер ал жолдо эч кандай эрежелер жок болсо, ар ким өзү каалагандай ылдамдыкта жана каалаган жагы менен айдаса, өзүбүздү коопсуз сезет белек? Кайдан! Ушу сыяктуу эле баарыбыз өзүбүздү чындап эркин сезишибиз үчүн, кандайдыр бир чектөөлөрдүн болгону маанилүү. Эмесе, чечим чыгаруу эркиндигибизди колдонууда Жахаба койгон чектен чыкпаганыбыз акылдуулукка жатарын көрүш үчүн Ыйык Китептеги айрым мисалдарды карап көрөлү.

7. а) Чечим чыгаруу эркиндиги Адам атаны кандайча Эйдендеги башка жаратуулардан айырмалап турган? б) Адам атанын чечим чыгаруу эркиндигин колдонгонуна мисал келтир.

 7 Жахаба эң алгачкы адамды жаратып, периштелерге берген чечим чыгаруу эркиндигин ага да берген. Анын аркасында Адам ата сокур сезимге жетеленген жаныбарлардан айырмаланып турган. Адам атанын чечим чыгаруу эркиндигин туура колдонгонуна бир мисал карап көрөлү. Жан-жаныбарлар ага чейин эле жаратылган болчу. Бирок Адам ата кубаныч алышы үчүн, Жахаба аларга ат коюуну ага калтырып койгон. Анан «аларды эмне деп атай турганын көрүш үчүн адамга алып келе баштаган». Адам ата ар бирине кылдат байкоо салып, ылайыктуу ат коюп чыккандан кийин, Жахаба анын чечимин сыйлап, ал койгон аттардын бирин да өзгөрткөн эмес. «Адам ар бир тирүү жанды эмне деп атаса, ал ошентип аталып калган» (Башт. 2:19).

8. Адам ата эркиндигин кандайча туура эмес колдонгон жана анын натыйжасы кандай болгон?

8 Кудай Адам атага бейишти кеңейтүүнү жана ага кам көрүүнү тапшырып: «Укумдап-тукумдагыла, жер бетин толтургула, аны иштеткиле жана деңиздеги балыктарга, асманда учкан канаттууларга, жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарга бийлик кылгыла»,— деген (Башт. 1:28). Өкүнүчтүүсү, Адам ата Кудай берген эркиндикке ыраазы болбой, ал белгилеген чектен чыгып, тыюу салынган жемиштен жеген. Анын чечим чыгаруу эркиндигин туура эмес колдонгонунун айынан урпактары миңдеген жылдардан бери азап чегип келет (Рим. 5:12). Муну билүү бизге эркиндигибизди туура колдонуп, Жахаба койгон чектен чыкпаганга түрткү бериши керек.

9. Жахаба ысрайыл элине эмнени тандоону сунуш кылган жана алар кандай жооп кайтарышкан?

9 Адам ата менен Обо эненин тил албастыгынан улам алардын урпактарына жеткилеңсиздик жана өлүм тукум кууп өткөн. Анткен менен алар чечим чыгаруу эркиндигинен айрылган эмес. Муну Кудайдын ысрайыл элине жасаган мамилеси ырастап турат. Ал Муса пайгамбар аркылуу ысрайылдыктарга кайрылып, анын өзгөчө эли болгусу келер-келбесин өздөрү тандашарын айткан (Чыг. 19:3—6). Алар кандай жооп кайтарышкан? Кудайдын ысмы менен аталган эл болуу үчүн коюлган шарттарды аткарууга макул болуп, бир добуштан: «Жахаба айткандын баарын аткарабыз»,— дешкен (Чыг. 19:8). Тилекке каршы, убакыттын өтүшү менен алар чечим чыгаруу эркиндигин туура эмес колдонуп, келишимди бузушкан. Биз мындан сабак алып, Жахабадан эч качан алыстабай, анын адил талаптарына баш ийүү менен чечим чыгаруу эркиндигибизди дайыма баалайлы (1 Кор. 10:11).

10. Жеткилең эмес адамдардын чечим чыгаруу эркиндигин Кудайды даңктагыдай колдоно аларын кимдердин үлгүсү ырастап турат? (Макаланын башындагы сүрөттү кара.)

10 Еврейлер 11-бөлүмдө Жахабанын 16 ишенимдүү кызматчысы жөнүндө айтылып өтөт. Алар чечим чыгаруу эркиндигин ал белгилеген чектен чыкпай колдонушкан. Натыйжада мол бата алып, келечекке болгон үмүткө ээ болушкан. Айталы, ишеними күчтүү Нух пайгамбар, үй-бүлөсү жана адамзат тукуму аман калышы үчүн, Кудайдын кеме курууга байланыштуу берген көрсөтмөлөрүн аткарган (Евр. 11:7). Ал эми Ыбрайым пайгамбар менен Саара Кудайдын айтканына баш ийип, ал убада кылган жерге даярдуулук менен жөнөшкөн. Ошол узак сапарга аттангандан кийин деле алар гүлдөп-өскөн Ур шаарына кайра «кайтып баруунун жолун таба алышмак». Бирок алар «андан жакшысына» умтулуп, Кудай убада кылган нерселерге көңүл топтошкон (Евр. 11:8, 13, 15, 16). Муса пайгамбар болсо Мисирдин байлыгынан баш тартып, «күнөөдөн убактылуу ырахат алгандан көрө, Кудайдын эли менен бирге кордук көрүүнү туура көргөн» (Евр. 11:24—26). Келгиле,  ал ишенимдүү инсандардан үлгү алып, чечим чыгаруу эркиндигибизди баалап, аны Кудайдын эркин аткарыш үчүн колдоно берели.

11. а) Чечим чыгаруу эркиндигибизди колдонуунун аркасында алчу баталардын бири кайсы? б) Сага чечим чыгаруу эркиндигиңди туура колдонууга эмне түрткү берет?

11 Биз үчүн башкалардын чечим чыгарганы оңойдой сезилиши мүмкүн. Бирок андай кылсак, чечим чыгаруу эркиндигибизди колдонуунун аркасында алчу баталардан куру калабыз. Ал баталардын бири Мыйзам 30:19, 20да жазылган. (Аяттарды оку.) 19-аятта Кудайдын ысрайыл элине эмнелерди сунуш кылганы айтылат. 20-аяттан болсо анын аларга жүрөгүндө эмне бар экенин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бергенин билебиз. Биз да Жахабага сыйынууну өзүбүз тандай алабыз. Чечим чыгаруу эркиндигибизди туура колдонуу менен Жахабага болгон сүйүүбүздү айгинелеп, аны мактап-даңктай алабыз.

ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУ ЭРКИНДИГИҢДИ ТУУРА ЭМЕС КОЛДОНБО

12. Чечим чыгаруу эркиндигибизди кантип колдонбошубуз керек?

12 Досуңа баалуу белек бердиң деп коёлу. Анын белегиңди таштандыга ыргытып салганын же андан да жаманы, аны башка бирөөгө зыян келтириш үчүн колдонгонун билсең, капа болмоктугуң шексиз. Анын сыңарындай, көптөрдүн чечим чыгаруу эркиндигин туура эмес колдонуп, башкаларга зыян келтирип жатканын көргөндө Жахабанын канчалык кайгырарын элестетсең. Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, азыркы «акыркы күндөрдө» «жакшылыкты билбеген» адамдар көбөйүп баратат (2 Тим. 3:1, 2). Андыктан Жахаба берген белекти туура эмес колдонуудан же аны баалабай калуудан сак бололу. Анда чечим чыгаруу эркиндигибизди туура эмес колдонуудан канткенде кача алабыз?

13. Эркиндигибизди туура эмес колдонуудан качуунун бир жолу кайсы?

13 Кимдер менен мамиле түзүүнү, кандай кийинип, кандай жасанууну, кантип көңүл ачууну ар бирибиз өзүбүз тандай алабыз. Бирок денебиздин каалоолоруна жетеленсек же бул дүйнөдөгүлөрдүн туура эмес көз карашынын, адепсиз жүрүм-турумунун таасирине алдырсак, эркиндигибизди «жаман иштерди жаап-жашырыш үчүн» колдонгон болобуз. (Оку: 1 Петир 2:16.) Аны «дененин кумарларын канааттандырууга колдонгондун» ордуна: «Баарын Кудайды даңкташ үчүн кылгыла»,— деген чакырыкка  ылайык иш кылууга шарт түзө турган чечимдерди чыгаргыбыз келет (Гал. 5:13; 1 Кор. 10:31).

14. Жахабага таянганыбыз чечим чыгаруу эркиндигибизди колдонууга кандай таасир этет?

14 Чечим чыгаруу эркиндигибизди туура эмес колдонуудан качуунун дагы бир жолу — Жахабага таянуу жана анын бизди коргош үчүн койгон чегинен чыкпай, жетекчилигине баш ийүү. Ал гана бизди «пайдалуу нерсеге үйрөтүп», жүрүшүбүз керек болгон жолдо жетектеп жүрө алат (Ыш. 48:17). Ошондуктан момун болуп, «пенденин жолу өз эркинде эмес экенин», «басып бараткан адам өз кадамын багыттай албай» турганын унутпашыбыз керек (Жер. 10:23). Эч качан Адам ата менен тоң моюн ысрайылдыктардай болуп өз түшүнүгүбүзгө таянбайлы. Анын ордуна, бүт жүрөгүбүз менен Жахабага таяналы (Накыл 3:5).

БАШКАЛАРДЫН ЧЕЧИМ ЧЫГАРУУ ЭРКИНДИГИН СЫЙЛА

15. Галатиялыктар 6:5теги принцип бизге эмне кылууга жардам берет?

15 Биз башкалардын өз алдынча чечим чыгаруу укугун сыйлашыбыз керек. Бул — эркиндигибизге коюлган чектердин бири. Баарыбыз чечим чыгаруу эркиндигине ээ болгондуктан, Кудайдын эки кызматчысы дайыма бирдей чечим чыгара бербейт. Атүгүл жүрүм-турумга, сыйынууга байланыштуу айрым маселелерде да чечимдерибиз бири-бирибиздикинен айырмаланышы мүмкүн. Галатиялыктар 6:5теги принципти эсиңден чыгарба. (Аятты оку.) Эгер «ар ким өз жүгүн өзү көтөрөрүн» түшүнсөк, башкалардын чечим чыгаруу эркиндигин сыйлайбыз.

Ар бирибиз өзүбүз чечим чыгарабыз, ошол эле учурда көз карашыбызды башкаларга таңуулабайбыз (15-абзацты кара)

16, 17. а) Корунт шаарында чечим чыгаруу эркиндигине байланыштуу кандай маселе көтөрүлгөн? б) Пабыл ал маселени кантип чечкен жана мындан башкалардын укугуна байланыштуу эмнеге үйрөнсөк болот?

16 Абийирге жараша чече турган маселелерде башкалардын эркиндигин сыйлашыбыз керектигине байланыштуу Ыйык Китептен бир мисал карап көрөлү. Исанын Корунт шаарындагы жолдоочулары буркандарга багышталган жана кийинчерээк базарда сатылган этке карата кайчы пикирде болушкан. Айрымдары: «Буркан эч нерсеге арзыбаган нерсе болгондуктан, андай этти таза абийир менен жей берсе болот»,— дешкен. Ал эми мурда буркандарга сыйынып келгендердин кээ бирлери андай этти жеген бурканга табынганга тете деп эсептеген (1 Кор. 8:4, 7). Бул жыйналыштын биримдигине коркунуч туудурган курч маселе болгон. Элчи Пабыл Корунттагы ишенимдештерине ал маселеге Кудайдын көз карашы менен кароого кантип жардам берген?

17 Ал адегенде эки тарапка тең тамак-аш Кудайга жакындатпай турганын айткан (1 Кор. 8:8). Анан: «Сак болгула, андай укугуңар алсыздарды мүдүрүлтүп койбосун»,— деп эскерткен (1 Кор. 8:9). Ошондой эле абийири көп нерсеге жол бербеген ишенимдештерине андай этти жегендерди айыптабашы керектигин айткан (1 Кор. 10:25, 29, 30). Андыктан сыйынууга байланышы бар ал олуттуу маселеде Кудайдын ар бир кызматчысы абийирине жараша чечим чыгарышы керек болчу. Биз да анчалык олуттуу эмес маселелерде ишенимдештерибиздин өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин сыйлашыбыз керек эмеспи? (1 Кор. 10:32, 33).

18. Чечим чыгаруу эркиндигиңди жогору баалаарыңды кантип көрсөтө аласың?

18 Ооба, Жахаба бизге чечим чыгаруу эркиндигин берип, чындап эркин болушубузга кам көргөн (2 Кор. 3:17). Биз ал белекти жогору баалайбыз, анткени аны колдонуунун аркасында Жахабаны канчалык сүйөрүбүздү далилдөөгө шарт түзгөн чечимдерди чыгара алабыз. Анда эмесе, мындан ары да чечим чыгаруу эркиндигибизди Кудайды даңктагыдай колдонуп жана башкалардын чечимин сыйлап, ал баа жеткис белек үчүн ыраазы экенибизди көрсөтө берели!